Өздөрүн “Луганск жана Донецк элдик жумурияты” деп атап алган аймактардагы шайлоону бир да мамлекет тааныган жок. Киев жана анын өнөктөштөрү "бул шайлоо Донбасстагы кризисти ого бетер ырбатат" деп эскертишкен.
11-ноябрдагы шайлоодо өзүн "Донецк элдик республикасы" деп атап алган жикчилдердин башчысы, 37 жаштагы Денис Пушилин добуштардын 61 пайызын алып, утуп чыккан. Ал 14-ноябрдагы басма сөз жыйынында Орусия менен кызматташтык уланарын айтты:
- Үч негизги багыт боюнча иш улантылат: Орусия Федерациясы менен интеграция, экономиканы өнүктүрүү жана коррупцияга каршы күрөш. Орусия Федерациясына карай багыт да уланат. Бул маданий жана социалдык жактан гана эмес, экономикалык жактан да болот.
Донецктин мурдагы жикчил лидери Александр Захарченко 31-августта шаардын чок ортосундагы "Сепар" кафесиндеги жардырууда курман болгон. Ал эми "Луганск элдик республикасынын" башчысы, 48 жаштагы Леонид Пасечник 11-ноябрдагы шайлоодо добуштардын 68 пайызын алды. Аймактарда ал күнү "элдик кеңештин депутаттарын" шайлоо да өттү.
Киев жана анын өнөктөштөрү жикчилдер көзөмөлдөгөн Донецк жана Луганск облустарындагы добуш берүүнү тааныган жок. Алар шайлоону 2014-жылдан бери 10 миңден ашык адамдын өмүрүн алган кризисти ого бетер ырбатат деп эсептешет.
- Батыш өнөктөштөрдүн бул реакциясы бир жагынан шайлоону эч ким тааныбай турганын көрсөтүүдө, анткени бул Минск келишимин бузуу. Экинчи жагынан, бул шайлоонун уюштуруучусу катары Орусия Федерациясын жоопкерчиликке чакыруу. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, мен биздин өнөктөштөргө Украина менен тилектештигин көрсөтүп, чечкиндүү биримдикти билдиргени үчүн ыраазычылык билдирем, - деди украин президенти Петро Порошенко.
Киев Луганскагы жана Донецктеги шайлоону мыйзамсыз деп атаган. Украинанын прокуратурасы добуш берүүнү уюштургандарга “аймактык бүтүндүккө жана кол тийбестикке зыян келтирүү” боюнча кылмыш ишин козгоду.
Ошол эле кезде Орусия добуш берүү эл аралык мыйзамдардын негизинде жүргөн жана Минск келишимине карама-каршы келбейт деп эсептейт.
Орусия колдогон жикчилдер Донецк жана Луганск аймактарын 2014-жылдын февралында орусиячыл президент Виктор Янукович бийлиги кулап, март айында Москва Крым жарым аралын өзүнө каратып алгандан кийин басып алган.
Батыш Орусияга Крымды аннексиялап, украин өкмөтү менен согушуп жаткан жикчилдерди колдогону үчүн бир канча жолу санкция салган. Кремль болсо бул дооматтарды четке кагып, аны Украинанын жарандык, ички жаңжалы катары мүнөздөп келатат.