Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:34

Пушилин: Орусия менен тыгыз кызматташтык уланат


Украинанын Донецк аймагынын жикчил лидери Денис Пушилин басма сөз жыйынында сүйлөп жатат. 14-ноябрь, 2018-жыл.
Украинанын Донецк аймагынын жикчил лидери Денис Пушилин басма сөз жыйынында сүйлөп жатат. 14-ноябрь, 2018-жыл.

Украинанын чыгышындагы орусиячыл жикчилдер көзөмөлдөгөн аймактын жаңы "шайланган" лидери Денис Пушилин Москва менен тыгыз кызматташтык уланарын ишара кылды. Ал бул тууралуу 14-ноябрда өткөргөн басма сөз жыйынында айтты. Пушилин "Биз Украинасыз жашоого үйрөндүк" деп кошумчалады.

11-ноябрда өздөрүн "Донецк жана Луганск элдик республикалары" деп атап алышкан аймак башчылары "шайланышкан". Жараянды Киев, эл аралык уюмдар жана Батыш мамлекеттери тааныган эмес. Алардын эсебинде бул мыйзамсыз "добуш берүү" 2014-жылдан бери токтобой жаткан жаңжалды өрчүтүшү мүмкүн. Анткен менен Москва бул добуш берүү 2014-2015-жылдары кол коюлган Минск келишимине кедергисин тийгизбейт деп билдирген. Жикчилдер белгилегендей, Донецк облусунун башчылыгына 37 жаштагы Денис Пушилин, ал эми Луганск облусунун башчылыгына Леонид Пасечник дайындалды.

Донецктин мурдагы жикчил башчысы Александр Захарченко быйыл августта жарылууда курман болгон. Украинанын Борбордук шайлоо комиссиясы добуш берүүнү мыйзамсыз деп атап, бул Москва үчүн аймактагы өз бийлигин бекемдеп алышка гана шылтоо болгонун билдирди.

2014-жылы мурдагы президент Виктор Януковичке каршы элдик көтөрүлүштөн жана Крым жарым аралын Орусия аннексиялап алгандан кийин Жикчилдер Донецк жана Луганск аймактарын ээлеп алышкан.

Батыш бул аракеттерден жана Москванын жикчилдерди колдогонунан улам Орусияга каршы бир нече жолу санкция киргизген. Кремль "Орусия жикчилдерге көмөк көргөзүүдө, кошуна өлкөнүн ички иштерине кийлигишүүдө" деген дооматтарды четке кагууда.

Донбасстагы куралдуу жаңжал 10 жарым миңден көп кишинин өмүрүн кыйды.

XS
SM
MD
LG