Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:44

Германия менен Франция Украинанын чыгышындагы шайлоону тааныбайт


Германиянын канцлери Ангела Меркел менен Франциянын президенти Эммануэл Макрон.
Германиянын канцлери Ангела Меркел менен Франциянын президенти Эммануэл Макрон.

Германия менен Франция Украинанын чыгышындагы өздөрүн “Луганск жана Донецк элдик жумурияты” деп атап алган, Орусия колдогон аймактагы 11-ноябрдагы добуш берүүнү "мыйзамсыз" деп баалаган эл аралык коомчулуктун пикирине кошулду.

Парижде 11-ноябрда украин президенти Петро Порошенко менен жолугушкандан кийин Германиянын канцлери Ангела Меркел менен Франциянын президенти Эммануэл Макрондун биргелешкен билдирүүсүндө "бул Украинанын аймактык бүтүндүгүн жана эгемендигин бузат" деп айтылат.

Киев жана анын өнөктөштөрү жикчилдер көзөмөлдөгөн Донецк жана Луганск облустарындагы жикчилдер өткөргөн шайлоо 2014-жылдан бери 10 миң адамдын өмүрүн алган кризисти ого бетер ырбатат деп эсептешет.

Акыркы маалыматтар боюнча өзүн "Донецк элдик республикасы" деп атап алган жикчилдердин башчысы Денис Пушилин добуштардын 61 пайызын, ал эми "Луганск элдик республикасынын" башчысы добуштардын 68 пайызын алган. Аймактарда "Элдик кеңештин депутаттарын" шайлоо да болду.

Киев бул шайлоону мыйзамсыз деп эсептейт. Украинанын прокуратурасы добуш берүүнү уюштургандарга “аймактык бүтүндүккө жана кол тийбестикке зыян келтирүү” боюнча кылмыш ишин козгоду.

Европа Биримдиги менен АКШ да бул шайлоону айыпташты. Евробиримдик Минск келишимине ылайык, Орусиянын жикчилдери көзөмөлдөгөн аймактагы кандай гана шайлоо болбосун Украинанын мыйзамдарына жана Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун стандарттарына ылайык өтүшү керек экендигин белгилеген. Мындан мурдарак НАТО да бул эки аймактагы добуш берүүнү тааныбай турганын билдирген.

Орусиянын Мамлекеттик Думасы добуш берүү эл аралык мыйзамдардын негизинде жүргөн жана Минск келишимине карама-каршы келбейт деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG