Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:55

Кыргыз жаранынын Африкадагы изи


Иллюстрация: "Вагнер" ЧВКсынын Сириядагы жалданма аскерлери, Украинанын коопсуздук кызматы тараткан сүрөт.
Иллюстрация: "Вагнер" ЧВКсынын Сириядагы жалданма аскерлери, Украинанын коопсуздук кызматы тараткан сүрөт.

“Настоящее Время” телеканалы Борбордук Африка Республикасында жүргөн орусиялык жалданма аскерлердин арасында бир кыргызстандык бар экенин аныктады. Алдыда ал иликтөөнүн урунттуу жерлери менен тааныштырабыз.

2018-жылдын 7-майында Борбордук Африка Республикасынын түндүк-чыгыштагы чек арасын Судандан чыккан аскерлердин өзгөчө бир кербени кесип өткөн. 18 жүк ташуучу унаанын арасында брондолгон “Урал” аскердик унаасынан үчөө болгон.

Жергиликтүү маалымат каражаттары бул унаалардагы адамдарды орус тилинде сүйлөгөн аскерлер деп мүнөздөшкөн. Кербендин курамында Орусияга байланышы бар 50дөн ашык адам болгонун, алар козголоңчулардын аймагындагы ооруканага гуманитардык жардам жеткирип баратканын "France 24" телеканалы былтыр июль айында жарыялаган программасында белгилеген.

Айтор, Борбордук Африка Республикасынын аймагына киргенден үч күн өткөндөн кийин бул кербенди Нделе шаарында козголоңчул күчтөр токтоткон.

Талаа командирлери “Урал” аскердик унааларын текшерип, орусиялыктарды "уруксат берилбеген курал-жарактарды алып баратат" деп күнөөлөгөнүн “France 24” телеканалы жарыялаган видеодон көрүүгө болот. Окуяга күбө болгон адамдардын бири тартып алган жана кийин француз журналисттеринин колуна тийген бул видео тасмада борбор азиялыктарга окшош бир адам бир нече жолу көзгө урунат.

Ал козголоңчулар менен француз тилинде сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканы, талаа командиринин айтканын жанындагы адамга которуп берип жатканы видеодон анык көрүнөт. Сүйлөшүү маалында кыргызга окшош бул киши видеону тартып жаткан адамга кайрылып, “тартканды токтот” деп айткан жери да бар. Андыктан “Настоящее Время” телеканалынын журналисттери дал ушул адамды иликтеп көрүүнү чечкен:

- Ал дароо эле башкалардан өзгөчөлөнүп турду. Себеби башка адамдардын баары же африкалыктар же европалыктар, тагыраак айтканда орусиялык жалданма аскерлер болчу. Ал азиат келбетиндеги жалгыз киши эле. Ал дароо көңүлдү буруп турду. Анын үстүнө ал киши өзүн лидер катары алып жүрдү. Козголоңчулар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатты. Биз башында көргөн видеодон ал аскерлердин башчысыбы деп да ойлоп кеттик. Мындай окуяларда борбор азиялыктарга түспөлдөш адамдын катышып жатканына биринчи жолу күбө болуп жатабыз. Анан биз видеодогу ал адамдын сүрөтүн “SearchFace” сервисине киргизип издеткенде бизге анын социалдык тармактардагы барагын чыгарып берди, - деди иликтөөнү жүргүзгөн журналисттердин бири Дмитрий Трещанин.

“Настоящее Время” телеканалынын журналисттери видеодогу кишини кыргызстандык Жандатбек Тырготов деп аныкташты. Алар таап чыккан маалыматка ылайык, Тырготов 2010-жылга чейин Кыргызстандын Улуттук гвардиясында кызмат өтөгөн. Кезинде мурдагы кыргыз президенти Курманбек Бакиевдин жакын чөйрөсүндө жүргөн адамдардын бири Борбордук Африка Республикасында тартылган видеодо бир нече жолу жүзү көрүнгөн адамды Тырготов деп тааныган. Тырготовду аны менен чогуу кызмат өтөгөн адамдардын бирөө да таанып, ал 2010-жылдагы ыңкылаптан кийин чет өлкөлүк легиондо кызмат өтөө үчүн Францияга кеткенин журналисттерге айтып берген.

- Ал сырткы келбетине карабастан ак көңүл адам. Жаман иштерге барат деп эч качан айта албайм. Бирок тигил жерде ал өзүн кандай алып жүргөнүн, кандай буйруктарды аткарганын, ага ким таасирин тийгизип жатканын билбейм, - деп айтып берген “Настоящее Время” телеканалына кезинде Тырготов менен чогуу кызмат өтөгөндөрдүн бири.

Аты-жөнүн ачык айтпаган бул адам Тырготов француз легионунан бир жыл мурдараак кеткенин, себебин так түшүндүрбөгөнүн, бирок ал акчадан кыйналган болушу мүмкүндүгүн кошумчалаган.

Жандатбек Тырготовдун "France 24" телеканалы жарыялаган видеодон алынган сүрөтү (жогору жакта) жана социалдык тармактардагы сүрөттөрү.
Жандатбек Тырготовдун "France 24" телеканалы жарыялаган видеодон алынган сүрөтү (жогору жакта) жана социалдык тармактардагы сүрөттөрү.

Тырготов Жер ортолук деңизиндеги Францияга караштуу Корсика аралында бир кызматташы менен түшкөн сүрөтүн “Инстаграмга” жарыялаган. “Азаттыктын” булактары да Тырготов Кыргызстанда Улуттук гвардияда сержант катары кызмат өтөгөнүн, Бириккен Улуттар Уюмунун бейпилдик күчтөрүнүн катарында Кыргызстандын атынан чет өлкөгө чыгып турганын ырасташты.

Тырготовдун жакындары эмне дешет?

“Настоящее Время” телеканалынын кабарчылары Тырготовдун жакындары жашаган Бишкектин четиндеги айылдардын бирине барып келди. Жакындары Жандатбекти “Жанат” деп аташып, ал өткөн күздө мекенине келип үйлөнүп кеткенин, былтыртан тарта Орусияда иштеп жатканын, Африкада жүргөнүн билбей турганын айтышкан:

- Коңшулары Африка жөнүндө эч нерсе угушпаптыр. Биздин кабарчылар экинчи жолу айылга барышып, анын жубайы жана эжеси менен таанышканда алар Африка жөнүндө билбей турганын айтышкан. Алар Жандатбек Орусияда Краснодардын жанында кызмат өтөйт деп ойлошот. Дал ошол аймактагы Молькино базасында “Вагнер” ЧВКсы жалданма аскерлерин машыктыраарын билебиз. Тырготов ал жерден төрт айлык мөөнөткө командировкага кетип турат экен. Жакындары менен командиринин мессенджери аркылуу байланышып турат экен. Ал өзү командир эмес экени аныкталды, - деп айтып берди иликтөө жүргүзгөн журналисттердин бири Дмитрий Трещанин.

Орусиялык жалданма аскерлер Сирияда, Украинада, Суданда, Борбордук Африка Республикасында, ал түгүл Венесуэлада да иш алып барып жатканын, мындай жоокерлерди жалдаган компаниялардын эң ириси президент Владимир Путиндин "ашпозчусу" атыккан олигарх Евгений Пригожиндин "Вагнер" ЧВКсы экенин орус маалымат каражаттары байма-бай жазып жүрүшөт. Бирок Пригожин да, Кремль да расмий түрдө мындай аскердик түзүмдөр бар экенин ырастаган эмес.

Жандатбектин 2014-жылдын сентябрь айында "Инстаграмга" жарыяланган, Корсикада тартылган сүрөтү.
Жандатбектин 2014-жылдын сентябрь айында "Инстаграмга" жарыяланган, Корсикада тартылган сүрөтү.

Азырынча кыргыз жаранынын Африкада орусиялык жалданма аскерлердин катарында жүргөнү тууралуу Кыргызстандын расмий органдары маалымат берише элек. Анын изин таап чыккан “Настоящее Время” телеканалынын журналисти Дмитрий Трещанин Пригожиндин талаштуу аскердик компаниясында кызмат өтөгөнүн эске албаганда кыргыз жаранынын Борбордук Африка Республикасында жүргөнү ал “мыйзам бузду дегенге” жатпай турганын айтты:

- Биографиясын карасак, ал адам атайын гвардияда иштеген. Француз легионунда кызмат өтөгөн. Француз тилин жакшы билет. Куралдуу кармаштарда мыкты чеберчиликке ээ деп жоромолдосо болот. Биз ал жаман иштерге катышып жүргөнүн көргөн жокпуз да. Ал кербенди коштоп, жергиликтүү эл менен байланыш түзүүгө жардам берип жүрдү. Мен мындай биографиясы бар адам үчүн бул татыктуу жумуш деп ойлойм.

“Настоящее Время” телеканалы Тырготовго социалдык тармактар аркылуу кат жөнөтүшкөн. “Азаттыктын” кабарчысы да ага “Инстаграм” аркылуу комментарий берүү өтүнүчүн жолдоду. Азырынча мындай каттарга жооп боло элек.

ЧВКлардын Африкадагы ишмердиги

Лугансктагы орусиялык жалданма аскерлер, 2016-жылдын март айында жарыяланган сүрөт.
Лугансктагы орусиялык жалданма аскерлер, 2016-жылдын март айында жарыяланган сүрөт.

Орусия куралдуу топтордун ич ара кармашы токтобогон Борбордук Африка Республикасы менен расмий түрдө кызматташат. 2018-жылдын март айында Орусиянын Тышкы иштер министрлиги бул өлкөгө беш аскердик, 170 жарандык инструктор жөнөтүлгөнүн ырастаган.

Расмий билдирүүгө караганда, орусиялыктардын милдетине Москва куруп берген ооруканаларды кайтаруу жана полиция кызматкерлерин орустардын курал-жарагын колдонууга үйрөтүү кирген.

Деген менен бир катар орус маалымат каражаттары инструкторлордун арасында “Вагнердин” жеке менчик аскердик компаниясынын жалданма аскерлери бар экенин жазып чыгышкан. Бул өлкөдө “вагнерчилер” бар экенин Орусиядагы казактардын бирикмеси да тастыктаган.

Африкадагы “вагнерчилердин” маселеси былтыр 31-июлда орусиялык үч журналист Борбордук Африка Республикасында киши колдуу болгондон кийин өзгөчө күн тартибине чыккан. Журналист Орхан Жемал, оператор Кирилл Радченко жана режиссер Александр Расторгуев “Вагнердин” ЧВКсынын Африкадагы изин акмалап, алар тууралуу бул өлкөдө даректүү тасма тартып жүрүшкөндө белгисиз адамдардын буктурмасына кабылышкан.

P.S. Орусиялык олигарх Евгений Пригожиндин аскердик компаниясы жана алардын Африкадагы ишмердиги тууралуу "Настоящее Время" телеканалы менен "Муниципальный сканер" басылмасы биргелешип жүргүзгөн иликтөөнүн толук версиясын бул шилтемеден окуй аласыз.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG