Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:46

Африкадагы кол салуунун жаңы жагдайлары


Солдон онго: Орхан Жемал, Александр Расторгуев жана Кирилл Радченко.
Солдон онго: Орхан Жемал, Александр Расторгуев жана Кирилл Радченко.

Михаил Ходорковскийдин борбору жарыялаган тыянакка ылайык, былтыр Борбордук Африка Жумуриятында киши колдуу болгон орусиялык журналисттерди, расмий версияда айтылгандай, тоноо максатында өлтүрүшкөн эмес.

Орусиянын Тергөө комитети Ходорковскийдин борборунун журналисттердин өлүмү боюнча иликтөөсүнүн жыйынтыгын четке какты.

Үч журналистти - Орхан Жемал, Александр Расторгуев жана Кирилл Радченкону былтыр жайында өлтүрүп кетишкен. Алар “Вагнердин аскердик жеке компаниясы” (ЧВК Вагнера) деген ат менен белгилүү орусиялык кошуундун ал өлкөдөгү жалданма аскерлери жөнүндө Ходорковскийдин “Иликтөөлөр борбору” үчүн даректүү тасма тартышмак. Алардын сапарын Ходорковский каржылаган.

Ходоровскийдин “Досье” деген борбору учурда Орхан Жемал, Александр Расторгуев жана Кирилл Радченконун өлүмүн иликтеп жатат.

Борбор өз алдынча иликтөө жүргүзүп, 10-январда журналисттерди өлтүрүүгө бизнесмен Евгений Пригожиндин структураларынын биринде иштеген жалданма адамдардын тиешеси бардыгын далилдеген фактылар тууралуу билдирди.

Владимир Путин жана Евгений Пригожин (оңдо).
Владимир Путин жана Евгений Пригожин (оңдо).

Орусиялык ишкер Пригожинди маалымат каражаттары президент Владимир Путиндин жакын адамы жана “ашпозчусу” деп аташат.

“Досье” борбору ал иште үч кишинин ысымын атайт – Пригожинге байланышы бар делген "М-Финанс" тобунун кызматкерлери Александр Сотов жана Борбордук Африка Жумуриятынын президентинин жогорку кеңешчилеринин бири Валерий Захаров, ошондой эле алар менен телефондон байланышып турган жергиликтүү күч түзүмдөрүнүн жогорку кызматтагы офицери Эммануэл Котофио.

Ходорковский жана иликтөөчүлөр Орусиянын тергөө органдарынан табылган далилдерди текшерүүнү, расмий версиядан башка божомолдорду да кароону талап кылышууда. Ал кылмыш – карактоо болгон деген маалыматтар суу кечпейт деген бизнесмен.

Михаил Ходорковский.
Михаил Ходорковский.

- Биз кылмышка катышкандарды болжолдуу билебиз. Ал алдын ала пландалган операция деп боолголойбуз. Курал-жарак соодасы жана "Вагнердин" менчик аскердик компаниясын колдонуу чөйрөсү тууралуу журналисттер кандай маалымат чогултканын билүү максатын көздөшкөн, - деп айтып берди Ходорковский бейшембиде "Настояшее время" телеканалына берген интервьюсунда.

Анын айтымында, сыягы, журналисттердин көзүн тазалайбыз деген план жок болчу. Алар менен сүйлөшүп, кысым жасоо аракети көрүлгөндө мушташ чыгып кеткен. "Жарадар болгон Орханды аркасынан атып өлтүрүшкөн. Кирилл Радченко качууга аракеттенгенде аны катуу сабап, кийин атып салышкан. Расторгуевди да атып, жүрөгүнө эки ок кадашкан", - деп айтып берди Ходорковский маркумдардын акыркы мүнөттөрү тууралуу.

Бул версияны африкалык Palmarescentrafrique.com деген интернет басылма жарыялаган сүрөттөр да кайсы бир деңгээлде тастыктайт.

Орусия бийлиги "кылмышкерлер журналисттердин машинесин тартып алууга аракеттенип, алар каршылык көргөзгөндө өлтүрүп кетишкен" деген версияны айтып келе жатат.

11-январда Орусиянын Тергөө комитети Ходорковскийдин борбору жүргүзгөн иликтөөнүн жыйынтыгын четке какты. Мекеме журналисттер талап-тоноо максатында өлтүрүлгөн деген буга чейинки версияны ырастап жатат.

Андан тышкары ТАСС агенттиги Борбордук Африка Жумуриятынын бийлигине шилтеме жасап, "орусиялыктарды мусулмандардын козголоңчу тобунун согушкерлери өлтүргөн болушу мүмкүн" деп кабарлаган.

Ходорковский далилдер башка иликтөөчүлөр менен кызматташтыкта табылганын кошумчалады.

Кремль жеке аскердик компаниялар тууралуу маалыматтарды расмий четке кагууда. Бирок президент Путин соңку пресс-конференцияда, ЧВКнын айланасындагы кырдаалды комментарийлеп, андай компаниялар орусиялык мыйзамдарды бузушпаса, "дүйнөнүн каалаган жеринде иштөөгө жана бизнес-кызыкчылыктарын сүрөөгө алууга укуктуу" деп айткан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG