Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:30

Орус тергөөчүлөрү Африкада айдоочуну суракка алышты


Орхан Жемаль, Александр Расторгуев жана Кирилл Радченко.
Орхан Жемаль, Александр Расторгуев жана Кирилл Радченко.

Орусиянын Тергөө комитетинин кызматерлери Борбордук Африка Республикасынын баш калаасы Банги шаарына учуп барып, июль айынын этегинде киши колдуу болгон үч журналистти ташыган жергиликтүү айдоочуну суракка алышты. Бул тууралуу “Медиазона” агенттигине Бангидеги кылмыш ишин иликтөөдөн кабардар киши билдирген.

Мурдарак Бьенвеню Ндувокама аттуу айдоочу камакка алынганы белгилүү болгон. Бирок ал кылмыш ишинде кандай макам менен өтүп жатканы белгисиз.

31-июлда орусиялык чыгармачыл топко чабуул коюлганда айдоочу аман калган. Алгачкы версия боюнча үч журналист кетип бараткан машинеге карактоо максатында кол салуу болгон. Журналист Орхан Жемаль, оператор Кирилл Радченко жана режиссер Александр Расторгуев ошол жерде курман болгон.

Кийинчерээк маалым болгондой, ээн талаада эки машине ээрчишип бараткан. Буктурмада жаткандар биринчи машинени өткөрүп жиберип, орусиялык журналисттер түшкөн машинага кол салышкан.

Чыгармачыл топ Африкага 28-июлда барып, 18-августта кайтып келмек. Алар “Вагнердин аскердик жеке компаниясы” (ЧВК Вагнера) деген ат менен белгилүү болгон орусиялык кошуундун ал өлкөдөгү жалданма аскерлери жөнүндө Михаил Ходорковскийдин “Иликтөөлөр борбору” үчүн даректүү тасма тартышмак.

XS
SM
MD
LG