Линктер

ишемби, 22-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 06:07

Апта: Беларуста Үсөнов, Африкада "вагнерчилер" табылды


Даниил Урицкий - Данияр Үсөнов “Беларус улуттук биотехнология корпорациясына" (БНБК) тиешелүү курулушту расмий баштоо аземинде. Сүрөт булагы: “TUT.BY” басылмасы. 27.7.2018.

Урицкийге айланган Үсөнов, Бишкектин мэрлигине жалгыз талапкер чыкты, Афикада орусиялык үч журналист курман болду.

Кыргызстандын мурдагы премьер-министри, издөөдөгү Данияр Үсөновго коёндой окшош Даниил Урицкий аттуу адамдын сүрөттөрүн 27-июлда Беларустун интернет басылмалары жарыялады.

Cүрөттөр Минскинин сыртында “Беларус улуттук биотехнология корпорациясы” (БНБК) жабык акционердик коомуна караштуу өндүрүш жайларынын курулушун баштоо жөрөлгөсүндө тартылган. Иш-чарага Беларустун вице-премьер-министри Михаил Русый да катышкан.

БелаПАН маалымат агенттигинин кабарчысы Александр Ярошевич өзүн Урицкий деп тааныштырган сырдуу ишкер менен сүйлөшүүгө үлгүргөн. Ал “Азаттык” менен болгон маегинде Урицкий мырза ага беларус паспортун көрсөтүп, “Кыргыз Республикасынын премьер-министри Данияр Үсөнов 2013-жылы Малайзияда өлгөн деп уккам”, - дегенин айтып берди. Журналист Кыргызстандын экс-премьеринин Минскиде жылуу жумшак-жумшак орун алганын ырастап, ал жетектеген беларус-кытай биргелешкен чоң долбоорунун артында балким мурдагы кыргыз бийлиги турушу мүмкүн деп боолголойт.

Мен билгенден “Беларус улуттук биотехнология корпорациясынын” директорлор кеңешинин төрагасы Рифат Утюшов болчу. Ал Максим Бакиев түзгөн Кыргызстандагы Өнүктүрүү фондунун жетекчилеринин бири эле. БНБКны түзүүгө Утюшов баалуу кагаздарын (заём) бергенин документтерди карап тапса болот», - деди Ярошевич.

Даниил Урицкий башкарган "Беларус улуттук биотехнология корпорациясы” президент Александр Лукашенконун жардыгы менен 2016-жылы түзүлгөн. Корпорация Кытай насыясынын эсебинен 160 гектар жерге бир ири технологиялык түйүнгө бириккен 12 ишкана курууну пландаган. Акционерлердин ичинде эки шотландиялык, эки араб компаниясы бар.

Даниил Урицкийге айланган Данияр Үсөнов
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:22 0:00

Кыргыздар Данияр Үсөнов, беларустар Даниил Урицкий деп тааныган адам чындап эле Кыргызстандын экс-премьер-министри Үсөнов экенин анын мурдагы аялы, Жогорку Кеңештеги “Республика - Ата-Журт” фракциясынын депутаты Динара Исаева “Азаттыкка” бышыктады. Ал бизге берген комментарийинде “Интернетте тараган сүрөттөн Даниярдын өзүн эле көрүп турам. Ага 2010-2011-жылдары жолуккам. Мен Кыргызстанга келдим, ал башка жакка кеткен» - деп гана чектелди.

28-июлда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги сыртынан өмүр бою абакка кесилип, издөө жарыялаган Данияр Үсөновдун Беларус мамлекетинин бийлик өкүлдөрү менен чогуу коомдук иш-чараларга катышып жүргөнүнө нааразылык билдирди. Беларустун Бишкектеги убактылуу ишенимдүү өкүлү Сергей Иванов Тышкы иштер министрлигине чакырылып, анын колуна нота тапшырылды.

Документте “расмий Минск мурдагы жогорку даражалуу кыргыз аткаминерлеринин ишмердигин колдогону эки өлкөнүн достук мамилесине шек келтирет, кыргыз коомчулугунун нааразылыгын жаратат, 2010-жылы апрель окуясында өлгөндөрдүн жакындарынын жана жабыркагандардын жүрөгүн оорутат” деп айтылат. Ошондой эле Бишкек Минскти эл аралык милдеттенмелерди аткарууга чакырган.

Жогорку Кеңештеги Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинин төрагасынын орун басары, Социал-демократтар фракциясынын мүчөсү Абдывахап Нурбаев социалдык тармактардагы элдин ар кандай кыжырдануусуна көңүл буруп, "мүмкүн ал Кыргызстандан уурдап барган акчасын ошол жакка салып жаткандыр?" - деген күдүк оюн айтты. Эл өкүлү Үсөновдүн маселеси эми гана оңолуп келаткан Бишкек – Минск алакасына “залакасын тийгизерин” белгилеп, парламент жайкы тыныгуудан келгенден кийин бул маселени талкуулай турганын кошумчалады.

31-июлда Беларустун Башкы прокуратурасы 2010-жылы өлкөдөн качкан Үсөновду эмне үчүн өз мекенине кайтарып бербей жатканын түшүндүрдү. Минск бул жолу да ал Кыргызстанга өткөрүлсө «саясий куугунтукка кабылат» деген жүйө менен кыргыз бийлигинин өтүнүчүнө көз жумду. Буга чейин дагы Беларус Бишкектин өтүнүчүн аткаруудан эки ирет баш тарткан.

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы 2017-жылдын 14-декабрында жана үстүбүздөгү жылдын 6-мартында Данияр Үсөновду өткөрүп берүү тууралуу Минскиге кайрылган.

Саясат талдоочу Эмилбек Жороев башка өлкөлөрдөн кармалган мурдагы жогорку бийлик өкүлдөрүн экстрадициялоонун туңгуюкка кептелишин сот иштериндеги далилдердин жетишсиздигинен көрөт. “Бул кишилерге байланыштуу чет мамлекеттерди, биздин өнөктөштөрдү ынандырарлык териштирүү, тергөө болгон эмес. Көбүнчө саясий нукка салып эле соттоп салып жатабыз. Жүйө жок болуп жатат”, – деди илимпоз.

Наста Лойка
Наста Лойка

Мамлекеттик каттоо кызматы кыргыз жарандыгынан расмий баш тарткандардын арасында Данияр Үсөновдун ысымы жоктугун кабарлаган.

Маалыматка караганда, Үсөнов - Урицкий 2016-жылы беларус паспортун алган. Беларустагы “Human Constanta” деп аталган уюмдун негиздөөчүсү, эл аралык укук боюнча адис Наста Лойка беларус бийлиги Урицкийге атуулдук берип жатканда эмне үчүн анын Кыргызстанда оор жазага тартылып, издөө жарыялганын көз жуумп койгонун мындай жагдайда "эмнеге таянып, кандай чечим чыгаруу суверендүү мамлекеттин ички иши" деп чечмеледи. "Минск макулдушуусу, кылмышка шектүүлөрдү өткөрүп берүү сыяктуу регионалдык келишимдерге караганда “Качкын макамы” жөнүндө эл аралык конвенциянын укуктук зоболосу жогору, андыктан ошого таянышат” - деген юрист Үсөнов - Урицкий Интерполдун издөөсүн аткарууга ниети бар өлкөнүн аймагына кире турган болсо, аны кармап өткөрүп берүүгө дагы деле мүмкүн экенин да белгиледи.

Данияр Үсөнов Курманбек Бакиевдин бийлигинин тушунда эң таасирлүү бийлик өкүлдөрүнүн бири болгон. Ал адегенде президенттик администрацияны, 2009-жылдын башынан 2010-жылдын 7-апрелине чейин кыргыз өкмөтүн жетектеген.

Элдик ыңкылаптын катышуучуларына каршы кылмыштары үчүн айыпталып, сыртынан өмүр бою эркинен ажыратылган. Кыргызстандан чыгып кеткенден бери Үсөновдун сүрөтү эч бир жерде көзгө чалдыккан эмес.

2010-жылы 7-апрелдеги кандуу калабада 87 киши окко учуп, 300дөн ашуун адам жарадар болгон. Кийин жараат алгандардын арасынан да бир тобу каза таап, жалпысынан бул окуя токсондон ашык адамдын өмүрүн алган.

Мэр шайлоо: атаандашы жок талапкер

Баш калаа Бишкектин мэрин шайлоо 8-августта өтөт. Бул кызматка башкаруучу коалициянын талапкери, ири курулуш компанияларынын ээлеринин бири аталган, 37 жаштагы ишкер Азиз Суракматов көрсөтүлдү. Шаардык кеңештеги оппозициялык азчылык да, премьер-министр да талапкер чыгарган жок. Бир катар жарандык активисттер шайлоого жалгыз талапкердин аттанганын сындап жатышат.

Шейшембиде Суракматов Борбордук шайлоо комиссиясында (БШК) кыргыз тилинен экзамен тапшырып, Бишкекти өнүктүрүү программасы менен учкай тааныштырды.

Талапкер негизги көйгөйлөр катары баш калаадагы жол, коомдук транспорт, жарыктандыруу, жашылдандыруу өңдүү маселелерди атап өттү. Мэрияда «коррупцияга каршы аёосуз күрөш болот» деп убада берди.

Суракматов журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып кымбат баалуу турак жай салган "Елизавета" ири курулуш компаниясына тиешеси бар экенин ырастады. Бул компанияны курулуш тармагында бир топ жыл бою жетекчилик кызматтарда жүргөн атасы түптөгөн экен.

Азиз Суракматов: “Елизаветага” тиешем бар
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:00 0:00

Ал шаар башчылыкка шайланып калса, жакын туугандарынын бизнеси кандай болот деген суроого да жооп берди. “Биз азыр "кандай жагынан туура болот" деп, кызыкчылыктар кагылышы боюнча ойлонуп жатабыз. Сиздер түшүнүңүздөр керек, ал жакта жүздөн ашуун адам иштейт. Аларды "көчөгө баргыла" деп айтууга туура келет» - деп түшүндүрдү.

Бишкек шаардык кеңешиндеги оппозициялык азчылыкты түзгөн "Республика - Ата Журт" фракциясы депутаттардын биримдигин, туруктуулукту эске алуу менен өз алдынча талапкер көрсөтүүдөн баш тартты.

Премьер-министр жана анын аппараты эмнеге талапкер көрсөтпөгөнү тууралуу комментарий берген жок.

Жарандык коомдо баш калаанын мэрин түз шайлоо системасын кайра киргизүү демилгеси айтыла баштады. Атургай айрым активисттер бул жолку шайлоону жокко чыгарууну талап кылууда. Алардын бири Мавлян Аскарбеков «Бишкек шаарынын мэри кандайдыр бир топтордун, олигархтык күчтөрдүн кызматы болуп калган» деп сындады.

«Суракматов - атасы-баласы, аялы-кызы болуп Бишкектеги ири, бир нече курулуш компанияларынын ээси. Анын компаниялары Ошто, Жалал-Абадда да иштейт. Экинчиден, шайлоо атаандашсыз өткөнү турат. Мыйзам боюнча шайлоо эки же андан көп адамдын ортосундагы тандоо болушу керек эле. Бул шаар башчысын шайлоо эмес эле, кайсы бир топтордун, күчтөрдүн өз кызыкчылыгындагы адамды бийликке алып келиши болууда», - деген Аскарбеков шаар башчы ачык шайланмайынча «көмүскө иштер» улана берет деп тынчсызданат.

Келаткан дүйшөмбү күнү Бишкекте "Шаарлардын мэрлерин жана айыл өкмөт башчыларын шайлоо жөнүндөгү" мыйзам долбоору боюнча коомдук угуу өтөт. Ага талапкер Суракматов да чакырылган.

Азиз Суракматовдун аты "Елизавета", "Столица строй "жана "Ливерпуль" өңдүү Кыргызстандагы ири курулуш компанияларына байланыштуу айтылып жүрөт. Бул компаниялар Бишкектин чок ортосуна, эң кымбат жерлерге көп кабаттуу үйлөрдү, коммерциялык жайларды куруп келгени менен белгилүү. "Елизаветанын" директору Нуржан Тынымсеитова - Бишкек шаардык кеңешинде КСДП фракциясынан депутат.

Суракматов Жогорку Кеңештин 5-чакырылышында "Ата Журт" партиясынын тизмеси менен депутат болгон. 2015-жылы парламенттик шайлоого КСДПнын тизмеси менен катышкан жана 54-орунда болгон. Эгер бул фракциянын кайсы бир депутаты мандатын тапшырса, анын ордуна тизме боюнча Суракматов депутат болмок.

Африкадагы Орусиянын жалданма аскерлери

Борбордук Африка Республикасында орусиялык журналист Орхан Жемал, оператор Кирилл Радченко жана режиссер Александр Расторгуев киши колдуу болду. Чыгармачыл топ Африкага 28-июлда барып, 18-августта кайтып келмек. Алар “Вагнердин аскердик жеке компаниясы” (ЧВК Вагнера) деген ат менен белгилүү орусиялык кошуундун ал өлкөдөгү жалданма аскерлери жөнүндө Михаил Ходорковскийдин “Иликтөөлөр борбору” үчүн даректүү тасма тартышмак.

Орхан Жемал, Александр Расторгуев и Кирилл Радченко.
Орхан Жемал, Александр Расторгуев и Кирилл Радченко.

Негизги версияга ылайык, орусиялыктарды ташыган машине дүйшөмбүгө караган түнү борбор шаар Бангинин чыга беришиндеги блокпостто токтотулган. Бир маалда буктурмадан куралчан адамдар чыга калып аларды аткылашкан.

Борбордун башкы редакторунун орун басары Анастасия Горшкованын айтымында, журналисттер мурдагы мамлекет башчы, диктатор Жан Бедел Бокассанын президенттик сарайында жайгашкан "вагнерчилердин" базасына жекшембиде барышкан. Алардан жергиликтүү аскердик мекеменин аккредитациясын сурап, кое бербей коюшкан.

Ошол эле күнү кечинде чыгармачыл топ башкалаа Бангиден 400 чакырым алыс жердеги бир шаарда аларды коштой турган жергиликтүү киши менен жолугушмак. Алардын колунда 8 миңдей доллар, эки камера жана башка баалуу техника болгон.

Үч журналисттин Борбордук Африка Республикасында киши колдуу болушу согуш баскан өлкөдөгү орусиялык жалданма аскерлердин жүргөнүн дагы айгинеледи.

Орусиянын кандай кызыкчылыгы бар?

Борбордук Африка Республикасы дүйнөдө эң жакыр өлкөлөрдүн бири. 2013-жылы “Селека” деп аталган исламчыл коалиция бийликти басып алгандан кийин Улуттар Уюму бул өлкөгө курал алып келүүгө тыюу салган.

Христиандардын “Анти-балака” тобу каршылык көрсөтүп, куралдуу жаңжал башталган. Анын айынан миңдеген киши өлүп, түмөндөгөн адам үй-жайын таштап качкан.

2016-жылы Фостен-Арканж Туадера президент болуп шайланган. Бирок ушул тапта өлкөнүн басымдуу бөлүгүн ар кандай куралдуу топтор көзөмөлдөйт. Алар негизинен “Селеканын” мурдагы жоочулары менен “Анти-балаканын” согушкерлери. Улуттар Уюму бул өлкөдө тынчтык орнотуу күчтөрүн 2014-жылы түзгөн.

Борбордук Африка Республикасы
Борбордук Африка Республикасы

2017-жылы декабрда Улуттар Уюму курал эмбаргосунан буйтап, Москвага согуш жүрүп жаткан өлкөгө курал-жарак жеткирүүгө уруксат берген. Бул ишке Европа Биримдигинин аскердик даярдык миссиясы кошулуп, анын максаты Борбордук Африка Республикасынын аскердик жана коопсуздук күчтөрүнүн кубатын арттырууга багытталган.

2017-жылы Орусия 175 кишиден турган миссияны Африкага жөнөтүп жатканын БУУнун Коопсуздук кеңешине билдирген. Алардын 170и жарандык инструкторлор, бешөө орус армиясынын офицерлери экенин маалымат каржаттары жазган.

Расмий билдирүүгө караганда, орусиялыктардын милдетине Орусия куруп берген ооруканаларды кайтаруу жана полиция кызматкерлерин орустардын курал-жарагын колдонууга үйрөтүү кирген.

"Вагнерчилердин" изи

Бир катар маалымат каражаттары буга чейин “Вагнердин аскердик жеке компаниясында” келишим менен кызмат өтөгөндөр Борбордук Африка Республикасында жүрүшү мүмкүн деген боолгошкон.

Март айында орустардын Znak.com жаңылыктар сайтынын кабарчылары "Вагнердин компаниясына" караган Краснодар шаарындагы атайын жайга барышкан. Ал жердеги армиянын ардагери полигондогу аскерлер Африкага армияны “машыктыруу” үчүн жөнөтүлө турганын айтып берген.

Андан эки апта өткөн соң Орусиянын Тышкы иштер министрлиги 175 адис Борбордук Африка Республикасына “январь айынын этеги, февралдын башында” жиберилгенин коомчулукка жарыялаган. Бирок алардын арасында аскердик адамдардын, "вагнерчилердин" бар-жогун көрсөткөн эмес.

Борбордук Африка Республикасынын борбору Бангу шаары.
Борбордук Африка Республикасынын борбору Бангу шаары.

Орустардын The Bell деп аталган журналисттик иликтөөлөр сайтынын аты-жөнүн жашырган булагы "вагнерчилер" Борбордук Африка Республикасынын армиясын машыктырып жатканын бышыктаган. Өткөн айда Орусиядагы казактардын бирикмесинин лидери Евгений Шабаев Сирияда жарадар болгон "вагнерчилерге" кезигип келген соң жарыялаган катында жеке аскердик фирманын адамдары “Африка жана Араб өлкөлөрүндө кызмат өтөп жүрүшкөнүн” көрсөткөн.

Борбордук Африка Республикасын Орусия курал-жабдык менен камсыздап, өкмөттүк армиясын чыңдап жаткан маалда Улуттар Уюмунун тобу өткөн аптада билдиргендей, өлкөдөгү бийликке каршы ар кыл куралдуу топтор дагы күчтөнө баштады. “Өкмөттүн аскердик арсеналын күчөткөнү “Селека” кыймылынын мурдагы жоочуларына дагы түрткү бергени” эл аралык уюм даярдаган документте белгиленет.

Табигый байлык талаш

Москва Африканын бул өлкөсүндө өзүнүн экономикалык кызыкчылыгы барын жашырбайт. “Орусия Борбордук Африка Республикасынын табигый байлыгын иштетип, эки жакка тең пайдалуу мүмкүнчүлүктөрдү караштырып” жатканын өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Артём Кожин билдирген.

Пайдалуу кен байлыктарын чалгындоо 2018-жылы башталган. Бул долбоорлор Борбордук Африка Республикасынын "экономикалык жагдайын турукташтырууга, инфраструктурасын түзүүгө, бул өлкөгө кошумча инвестиция тартууга өбөлгө болот деп ишенебиз”, – деген Москванын өкүлү.

Ходорковский түзгөн "Иликтөөлөр борборунун" жетечиси Андрей Коняхин Африканын бул жакыр өлкөсүндө табигый ресурстар үчүн талаш жүрүп жатканын, ага Орусия да аралашканын белгилейт.

"Соңку жарым жылда бул өлкөдө бир топ окуялар болду. "Вагнерчилерден" башка дагы орусиялык бир катар компаниялар барышты. Ал жерде бизнес кызыкчылыкты коргоо күчөдү, анын ичинде алтын казуу ишинен кытайларды сүрүп чыгаруу жүрүүдө. Биз бул тууралуу маалыматтарды бир нече айлап жыйнаганбыз. Көп кызыктуу нерселер чыккан", - деген Конюхин маркум журналисттер жеринде эмне болуп жатканын көрүп, тартып келүүгө кетишкенин ырастады.

Conflict Intelligence Team (CIT) деп аталган борбордун аналитиги Кирилл Михайлов иликтөөлөрүнө таянып, "вагнерчилер" табигый ресурстарды көзөмөлдөгөн куралдуу топтор менен байланышта болушу мумкүн деген ойго жетеленет. “Анткени "вагнерчилердин" базасы баш калаа Бангинин түштүк-батышында жайгашкан. Ал эми чыгармачыл топтун түндүккө бет алганы, "вагнерчилердин" азыркы өкмөткө каршы согушкан мусулмандардын “Селека” тобунун мурдагы жоочулары менен байланышынан кабар берет”, – дейт эксперт. “Бул Москва Борбордук Африканын жумуриятынын борбордук бийлигине туруктуулукту камсыздоого көмөктөшөт деген билдирүүсүнө каршы келет”, – деди Михайлов.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Борбордук Африка жумуриятынын президенти Таудера менен Сочиде октябрь айында кездешип, “эки тараптуу алакаларды арттырып”, “минералдык ресурстарды казууда биргелешип иштешүүгө барандуу потенциал бардыгын” баса белгилеген.

Путин менен Таудера май айында Санкт-Петербургда жолукканда Москва Африкадагы бул өлкө менен “алакаларын өркүндөтүү үчүн оболу экономикалык жана гуманитардык багытта кызматташарын” жарыяланган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG