Линктер

бейшемби, 20-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 15:29

Апта: экинчи премьердин камалышы, АКШдагы миграция талашы


Жантөрө Сатыбалдиев

Жантөрө Сатыбалдиев коррупцияга айыпталып кармалды. КСДП депутаты “саясий куугунтукту” токтотууга чакырды. АКШда миграция талашы уланып жатат.

18-июндун кечинде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) 2012-2014-жылдары кыргыз өкмөтүн башкарган Жантөрө Сатыбалдиевди камакка алганын кабарлады.

Атайын кызматтын маалыматына караганда экс-премьерге Кылмыш-жаза кодексинин “Кылмышка шериктеш болуу” жана “Коррупция" беренеси менен айып коюлган.

20-июнда Бишкектин Биринчи Май райондук соту Сатыбалдиевдин бөгөт чарасын карап, аны тергөө бүткүчө эки айга камакка алуу тууралуу чечим чыгарды. Сотто мурдагы өкмөт башчысына Бишкек Жылуулук электр борборуна (ЖЭБ) байланышкан кылмыш ишинин алкагында айыбы расмий угузулду.

Сатыбалдиев cоттун имаратына кирип баратып “мунун баары болбогон, ойдон чыгарылган нерсе” деп, күнөөлүү эмес экенин журналисттерге айтып калганга үлгүрдү.

Ал Бишкек ЖЭБин модернизациялоого Кытайдын "Эксимбанкынан" 386 миллион доллар насыя алуу жана аны ишке ашыруу боюнча ТВЕА компаниясы менен келишим түзүлгөн учурда өкмөттү башкарып турган.

Сатыбалдиев баш калаадагы стратегиялык ишкананы модернизациялоо боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөргөнүн өзү дагы ырастаган. Парламенттеги талкуу учурунда депутаттардын суроолорунун басымдуусуна ал жооп берген.

Экс-премьер-министри "Азаттык" менен болгон маегинде "Келишимге бир күндө эле кол коюлуп калды" дегенге караманча каршымын. Мекеме аралык комиссиянын чечимин өкмөт жактырып, насыя келишимине "кол кой" деген ыйгарым укукту берген. Андан соң насыя келишимин жактыруу боюнча өкмөт жыйыны болуп, Жогорку Кеңештин ратификациясына киргизилет” деп түшүндүргөн.

"Техникалык-экономикалык негиздемеси болгон эмес" деп жатышат. Негиздеме насыя натыйжалуу болгондон кийин болот да. Насыя макулдашуусу болсо мыйзамдаштырылгандан кийин натыйжа берет. 2013-жылы сентябрда мен кол койгон кезде "Кыргызстандын экономикасына пайда алып келет" деген акча бар болчу” деген Сатыбалдыев кытайлык компания менен кол коюлган келишимде “коррупциялык элемент” жоктугуна “абийир алдында да, мыйзам алдында да” жооп берерин айткан.

Сатыбалдиев тергөө бүткүчө камакта калды
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:36 0:00

Чуулгандуу ишти иликтеген депутаттык комиссия укуктук баа берилсин деген жетекчилердин тизмесине Сатыбалдиевди да киргизген. Oшентип ЖЭБ чатагы боюнча камакка алынган жетекчилердин онунчусу Жантөрө Сатыбалдиев болду.

Кыргызстан эгемендик алгандан бери жалаң жогорку кызматтарды ээлеп, бир катар ири долбоорлорду башкарган жетекчинин камакка алынганы коррупцияга каршы күрөш тууралуу талкууларды кызытты.

Депутаттык комиссиянын мүчөсү, Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев мурдагы өкмөт башчы Сатыбалдиевдин кармалышында “саясат жоктугун” белгилеп, депутаттык комиссиянын корутундусунун натыйжасында “чара колдонуп жатат” деген пикирин айткан. Эл өкүлү ошондой эле “айрымдар "бул саясий куугунтук" деп айтышы мүмкүн. Бирок бул саясий куугунтукка окшобойт. Ал партиянын жетекчиси же бийликке коркунучтуу саясатчы эмес” деп сыпаттаган.

Айрым эксперттер болсо бийлик коррупция менен күрөштө жалаң камакка алуу менен алектенип, башка механизмдерин ойлоп таба албаса, алгылыктуу жыйынтыкка жетүү кыйын болорун эскертишет.

62 жаштагы Жантөрө Сатыбалдиев - тажрыйбалуу жетекчилердин бири. Ал транспорт министри, Ош шаарынын жана Ош облусунун жетекчиси, Жогорку Кеңештин депутаты болуп, акыркы жолу премьер-министрлик кызматты ээлеген.

Сатыбалдиев ЖЭБге байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында камакка алынган экинчи өкмөт башчы болуп калды. Буга чейин мурдагы премьер-министр Сапар Исаков камалган. 2015-2016-жылдары өкмөттү жетектеген Темир Сариев УКМКга үч жолу сурак берип чыкты.

КСДП саясий куугунтукту токтотууга үндөдү

Бейшембидеги парламент жыйынында Социал-демократтар фракциясынын мүчөсү Ирина Карамушкина чуулгандуу ЖЭБ ишине байланыштуу камалган партиялаштарын коргоп, Улуттук коопсуздук комитети “саясий негизде камалгандар үчүн мейманкана” болбошу керек” деп сындады.

Ирина Карамушкина
Ирина Карамушкина

- Алар күнөөсү аныкталса, мыйзам бузуу боюнча жооп берүүгө даяр. Бирок кимдир бирөөнүн артыкчылыгын көрсөтүп күнөөнү көбөйтө берүү – бул айланып келчү бумеранг. Мамлекеттин каражатына кол салып, бажыдан, жазуучу Чыңгыз Айтматовдун эсебинен акча жеген айрым аткаминерлер ээн-эркин жүрөт. Аларды элдин баары билет. Аларга качан кезек келет?, – деп ачууланды депутат Карамушкина парламент трибунасынан.

Коомчулукта ЖЭБ ишине байланыштуу эми дагы ким кармалат деген суроо актуалдуу бойдон турат. Айрым активисттер мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кол тийбестиктен өз ыктыяры менен баш тартып, тергөө ишине аралашып, акыры адилеттикке жетүүгө көмөк көрсөтсө болмок деген ой-пикирди айтып чыгышты.

Алардын бири, Сапар Исаковдун адвокаты Нурбек Токтакунов “коомчулук айыптоочу жана айыпталуучу тараптардын жүйөсүн угуп, өз тыянагын чыгарсын” – деген көз карашта. Таанымал жарандык активист “президент Сооронбай Жээнбеков абсолюттук кол тийбестик укугу жок болсо прокуратурада, Улуттук коопсуздук жана укук коргоо органдарында мыйзамдуулуктун орношуна жана акыр-аягында сот реформасынын аякташына кызыкдар болот” деп, адилет сот бар жерде “экс-президенттердин корко турган” эч нерсеси жоктугун белгилейт.

Экс-президент Атамбаев мындай сунушту кандай кабыл алары белгисиз. Мурдагы мамлекет башчы бир нече айдан бери коомчулукка чыгып же маалымат каражаттарына сүйлөй элек. Эки апта мурда кагаз жүзүндө билдирүү таратып, башкаруучу партиянын “жигердүү” мүчөлөрү Сапар Исаковду, Кубанычбек Кулматовду, Салайдин Авазовду жана Осмонбек Артыкбаевди “куугунтукка алууну негизсиз деп эсептейм” деп жаңы бийликти сындаган.

Кубатбек Байболов
Кубатбек Байболов

Коомдук ишмер Кубатбек Байболов экс-президент кол тийбестигинен баш тарткан күндө да ЖЭБге байланышуу кылмыш иштерине “юридикалык негиз” боло албай тургандыгын белгиледи.

- Камактагы балдар көрсөтмө бериши мүмкүн, бирок ал негиздүү далил боло албайт. Конституция боюнча ал чечимдер Атамбаевдин ыйгарым укуктарына кирбейт. Эгер ал өзү мойнуна ала турган болсо “бийлигинен аша чапкан” деген кине коюлушу мүмкүн. Ал эми Сапар Исаковдун компетенциясына кирген маселе боюнча Исаков өзү гана жооп бериши керек, – деди коомдук ишмер Байболов “Азаттыкка” берген комментарийинде.

2010-жылдан бери бийликте турган Социал-демократтар партиясынын белдүү мүчөлөрүнүн коррупцияга айыпталып камакка алынышы, кылмыш ишинин козголушун экс-президент Атамбаевдин командасына «саясий куугунтук» болуп жатат деп баалагандар бар.

Ал эми “Жаңы доор” партиясынын лидери, саясатчы Улукбек Кочкоров «Азаттыктын» талкуусуна катышканда коомчулук соңку чуулгандуу иштер боюнча бийликтен чечкиндүү кадам күтүп жатканына токтолду.

Улукбек Кочкоров
Улукбек Кочкоров

- Бул иш эмне менен аяктайт экен? “Энергохолдингдин" же “Электр станциялар” ишканасынын башчысын жоопко тартуу менен гана бүтөбү же аны ишке ашыргандар камалабы? - деп эл күтүп жатат. Бул кылмыш иши – алып келип эле айыбын угузуп, эртең соттоп жибере турган маселе эмес. Тергөөдө ар бир фактыны бышыктап, эртең сотко барганда ошол далилдер жетиштүү болушу керек, – деп белгилейт мурдагы депутат.

Ал ошондой эле “экс-президент менен азыркы президенттин ортосундагы мамиле кандай багытта өнүгүп жатканын баарыбыз билип турабыз. Бирок козголгон иштер – факты. Ошол эле ТВЕАга, Улуттук музейге байланыштуу иштер – факты. Аларга кантип көз жуумп коёбуз?” – деген суроону көтөрдү.

Жума күнү акыйкатчы Кубат Оторбаев, Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун жетекчиси Нурдин Сулайманов жана парламенттин бир нече депутаты УКМКнын тергөө абагында отурган депутаттар Канатбек Исаев, Осмонбек Артыкбаев, мурдагы премьер-министрлер Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков жана Жалал-Абад шаарынын мурдагы мэри Салайдин Авазов жана башка адамдар менен жолугуп чыкты.

“Республика Ата-Журт” фракциясынын мүчөсү Кенжебек Бокоев тергөө абагындагы саясатчылардын кайрылуусу боюнча парламентте маселе коюларын “Азаттык” радиосуна билдирди.

- Биз жолугуп чыккан саясатчылардын көпчүлүгү мурда мамлекеттик кызматты аркалаган. Мисалы, Осмонбек Артыкбаев үч жолу депутат болгон, Сапар Исаков менен Жантөрө Сатыбалдиев өкмөттү жетектешти. Канат Исаев болсо партия лидери. Алар кайда качмак эле? Тескерисинче, ар бири өзүнүн күнөөсүз экенин далилдейбиз деп жатышат, – деген Бокоев сот аркылуу күрөө төлөтүп, үй камагына чыгаруу жолун да караса болорун айтты.

Акыйкатчы институту тараткан билдирүүдө Артыкбаев ден соолугуна байланыштуу бөгөт чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарып берүүнү өтүнсө, Сатыбалдиев адвокаттарга жолугушуу зарылдыгын белгилеген. Авазов үй-бүлөсү менен көрүштүрүүнү суранса, Исаков тергөө изоляторунун шартына нааразы эмес экенин айткан.

Бишкек ЖЭБи авариядан кийин. 27-январь, 2018-жыл (архивдик сүрөт). ЖЭБ чырына байланыштуу мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков жана "Энергохолдингдин" мурдагы жетекчиси Айбек Калиев камалган. Ал эми мурдагы вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев качып жүрөт.
Бишкек ЖЭБи авариядан кийин. 27-январь, 2018-жыл (архивдик сүрөт). ЖЭБ чырына байланыштуу мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков жана "Энергохолдингдин" мурдагы жетекчиси Айбек Калиев камалган. Ал эми мурдагы вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев качып жүрөт.

Быйыл 26-январда Бишкектеги Жылуулук электр борборунда (ЖЭБ) авария болуп, -20 градустан ашкан суукта шаардыктарга беш күн бою жылуулук берилбей калган. Бул кырдаал жарым жыл мурун модернизация болгон ЖЭБге карата сынды күчөтүп, Кытай берген 386 миллион доллардын максаттуу сарпталганы суроо жараткан.

Башкы прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренеси ("Коррупция") менен иш козгоп, УКМК тергөө иштерин баштаган.

Бул иш боюнча "Улуттук энергохолдингдин" мурдагы башчысы Айбек Калиев, мурдагы өкмөт башчылар Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев, Бишкектин мурдагы мэри Кубанычбек Кулматов, Жалал-Абаддын экс-мэри Салайдин Авазов, "Электр станцияларынын" башчысы жана орун басарлары болуп 10дой жооптуу кызматкерлер кармалып, УКМКнын тергөө абагында отурат.

ЖЭБдеги авариянын себептерин жана аны реконструциялоого алынган насыянын максаттуу пайдаланылышын иликтеген депутаттык комиссия бул ишке "жооптуу" деген отузга жакын аткаминердин тизмесин түзүп, алардын ишине укуктук баа берүүнү сунуш кылган.

АКШ: Миграция талашы уланууда

20-июнда АКШ президенти Дональд Трамп кол койгон буйрукка ылайык чек арада мыйзамсыз мигранттардын балдарын ата-энелеринен бөлүүгө тыюу салат. Америкалык лидер Ак үйдө документке кол коюп жатып, мыйзамсыз иммигранттар кармалган жайлардан үй-бүлөлөрдү бөлбөй чогуу кармоого убада берди.

“Үй-бүлө мүчөлөрүн бири-биринен ажыратууну каалабайбыз. Бул өтө маанилүү”, – деди президент Трамп документке кол коёрдун алдында. Телеканалдар көрсөтүп жаткан үрөйү учкан, ата-энесинен күч менен ажыратылып жаткан балдар “кимге болбосун таасир этерин” дагы америкалык лидер мойнуна алды.

Бирок андан кийин өткөн жыйында Трамп “буйрукка карабастан, чек ара мурдагыдай эле катуу кайтарыларын” эскертти.

Дональд Трамп
Дональд Трамп

- Сөз үй-бүлөлөрдү ажыратпоо жөнүндө болуп жатат. Биз аларды чогуу кармайбыз, ошол эле учурда чек ара абдан бекем кайтарылат. "Нөл сабырдуулук" улантылат, чек арадан мыйзамсыз өткөндөр менен келише албайбыз. Биз Конгресс аркылуу аракет кылабыз, – деген Трамп иммиграцияны жөнгө салуу боюнча мыйзам долбоору иштелип жатканын кошумчалады.

Президенттин буйругу дароо күчүнө киргенин башкы прокурордун кеңешчиси Жин Гамильтон билдирип, бирок аны “жүзөгө ашыруу фазасы” бардыгын кошумчалады.

“Үй-бүлөлөрдү 20 күнгө чейин кармоого укугубуз бар” деп түшүндүргөн бийлик өкүлү аларды чыгаруу үчүн Борбордук Калифорниянын округдук сотунун чечими зарылдыгын билдирди. Андан кийин Ички иштер министрлиги чек арадан мыйзамсыз кирген үй-бүлөлөрдү юридикалык процедуралар бүтмөйүнчө камакта кармайт. Бул маалда үй-бүлөлөрдүн чогуу болушуна байланыштуу маселелерди карап чыгуу Юстиция министрлигине тапшырылат.

Буйрукта ошондой эле Коргоо министрлигине үй-бүлөлөр үчүн өз карамагындагы жайлардан берүү же жаңыларын куруу милдети жүктөлгөн.

АКШдагы эки чоң партиянынрасмий адамдары Трамптын иммиграция саясатын айыптап, үй-бүлөлөрдү ажыратуу “гумандуулукка каршы” деп сындашты.

Андан бир күн мурlf АКШнын президенти Конгресске барып, Республикалык партиянын эл өкүлдөрү менен жолуккан.

Конгресстеги демократтар азыркы администрациянын мыйзамсыз мигранттарга каршы аракеттерин кескин айыптап жатышат.

- Бизде башпаанек жана балдарды чек арада дарылоо боюнча Конгресс кабыл алган эрежелерди өкмөт тебелеп жатат. Балдарынын өмүрүнө кооптонуп, кыянатчылыктан качканы үчүн эне-аталардан ымыркайларын тартып алып, муну мыйзамдаштырып атышат, - деди демократ конгрессмен Луиз Гуттерез.

Трамп буйрукка кол коёрдо Конгресстеги демократтар мигранттардын үй-бүлөлөрүн бөлбөй турган өз мыйзам долбоорун сунуш кылышкан.

АКШнын түштүк чек ара тилкелеринде балдар менен ата-энелердин мажбурлап бөлүнүшүнө каршы нааразылык жүрүштөрү акыркы күндөрү өлкөнүн ар кайсы аймактарында өттү. Эл аралык коомчулук, укук коргоочу топтор Вашингтондун мындай саясатын “адамкерчиликсиз” деп айыптап чыгышкан.

Быйыл марттан майга чейин ай сайын 50 миңден ашуун адам Мексика менен чектеш аймактардан мыйзамсыз өткөнү үчүн кармалган. Алардын 15% үй-бүлөсү менен келсе, 8% чоңдордун коштоосунда келген жеткинчектер. Мыйзамсыз мигранттардын 2300дөн ашуун баласы ата-энесинен ажыратылып, атайын лагерлерге жайгаштырылган.

Техастагы мигранттар лагери
Техастагы мигранттар лагери

Мындан соң АКШнын башкы прокурору Жефф Сешнс “Нөл сабырдуулук” деп аталган чара иштелип чыкканын 7-майда жарыялаган.

Ага ылайык, чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет кылган ар бир адам кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Үй-бүлөсү менен келе жаткандардын балдары бөлүнүп, өзүнчө борборлорго жайгаштырылат. Мыйзам балдарды ата-энелери менен чогуу кармоого жол бербей тургандыгы айтылган.

Улуттар Уюмунун Балдар кору - ЮНИСЕФтин басма сөз катчысы Христофе Боулирак Кошмо Штаттарга “коопсуз жашоо издеп барган ата-энелеринен балдардын ажыратылып жатканы жанды кейитет. Миграциялык макамына, кайсы жактан келгенине карабаш керек. Булар биринчи кезекте - балдар. Алар коргоого, дурус шарттарга жана дүйнөдөгү башка балдардай эле үй-бүлөлөрү менен бир болууга муктаж» деп коңгуроо каккан.

Трамптын администрация өкүлдөрү жана бул катаал чараны жактагандар болсо муну мыйзамсыз миграцияны ооздуктоонун бир аргасы катары түшүндүрүшкөн.

Трамп өзү ушул аптада Вашингтондогу жыйындардын биринде "АКШга жашы жете электер менен үй-бүлөлөрдүн аткезчилик аркылуу кириши же кирүү аракети 435% көбөйдү" деген маалыматты жарыялады.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG