Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:55

АКШнын Жогорку Соту Трамптын миграция боюнча жарлыгын колдоду


Дональд Трамп
Дональд Трамп

Негизинен мусулмандар жашаган алты өлкөнүн жарандарына АКШга кирүүнү убактылуу тыйган Дональд Трамптын жарлыгы 29-июндан тарта жарым-жартылай күчүнө кирет. Бул тууралуу Кошмо Штаттарынын президенттик администрациясы 26-июнда билдирди.

Трамп Иран, Ливия, Сомали, Судан, Сирия жана Йемен жарандарын 90 күнгө, ал эми бардык качкындарды 120 күнгө АКШ аймагына киргизбей туруу боюнча жарлык чыгарган. АКШ президенти чечимин улуттук коопсуздук үчүн деп негиздеген.

Бирок соттор жарлыкты жокко чыгарган болчу. Ал эми Жогорку Сот 26-июнда төмөнкү баскычтагы соттордун бүтүмүн четке какты.

Президенттин чечими мусулмандарды дискриминациялайт жана АКШ Конституциясын бузат деп сындап чыгышкан.

XS
SM
MD
LG