Линктер

ишемби, 17-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 10:23

Трамп мигранттарды балдарынан бөлбөйт


АКШ менен Мексиканын чек арасындагы көзөмөл бекетинен башпаанек сураш үчүн өтүп жаткан мигранттар. 19-июнь, 2018-жыл.

АКШда президент Дональд Трамп коңшулаш Мексика аркылуу анын өлкөсүнө мыйзамсыз кирүүгө аракеттенген иммигранттардын балдарын ата-энесинен бөлгөн талаштуу саясатты токтотмок болду. Мыйзамсыз мигранттарга карата көрүлгөн андай чаралар Кошмо Штаттардын өзүндө да сынга алынып, айрым өлкөлөрдүн лидерлери да каршы пикирин билдиришкен.

Президент Дональд Трамп Ак үйдө атайын документке кол коюп жатып, мыйзамсыз иммигранттар кармалган жайлардан үй-бүлөлөрдү бөлбөй чогуу кармоого убада берди. Бирок АКШнын лидери анын администрациясы түштүк чек аралардан мыйзамсыз киргендерди жоопкерчиликке тартууда “нөл сабырдуулук саясатын” улантарын да белгиледи:

- Биз атайын буйрукка кол коюп жатабыз, мен муну абдан маанилүү деп эсептейм. Сөз үй-бүлөлөрдү ажыратпоо жөнүндө болуп жатат. Биз аларды чогуу кармайбыз, ошол эле учурда чек ара абдан бекем кайтарылат. "Нөл сабырдуулук" улантылат, чек арадан мыйзамсыз өткөндөр менен келише албайбыз. Биз Конгресс аркылуу аракет кылабыз. Ар тараптуу жана баарын камтыган мыйзамдын үстүндө иштеп жатабыз. Анда иммиграцияга, талаптагыдай иммиграцияга байланышкан көп жакшы нерселер бар.

Трамп 20-июнда кол койгон буйрук эми чек арада мыйзамсыз мигранттардын балдарын ата-энелеринен бөлүүгө тыюу салат.

Мындан бир күн мурун АКШнын президенти Конгресске барып, Республикалык партиянын эл өкүлдөрү менен жолуккан болчу.

Президент Дональд Трамп Ак үйдө буйрукка кол койгону жаткан учур. 20-июнь, 2018-жыл.
Президент Дональд Трамп Ак үйдө буйрукка кол койгону жаткан учур. 20-июнь, 2018-жыл.

Анда республикачылар Конгресстин Өкүлдөр палатасында иммиграция боюнча мыйзам долбоорун ушул аптада добуш берүүгө алып чыгышары белгилүү болгон.

Трамп Конгресстин имаратында болгондо оппозициядагы демократ конгрессмендердин тобу аны айыптаган сөздөрдү кыйкырып, нааразылыгын билдиришкен. Демократтар администрациянын мыйзамсыз мигранттарга каршы кийинки аракеттерин дембе-дем сынга алып жатышкан.

- Бизде башпаанек жана балдарды чек арада дарылоо боюнча Конгресс кабыл алган эрежелерди өкмөт тебелеп жатат. Балдарынын өмүрүнө кооптонуп, кыянатчылыктан качканы үчүн эне-аталардан ымыркайларын тартып алып, муну мыйзамдаштырып атышат. Республикачылар кайда? Өз партиясын, анын жетекчилигин, өз президентин коргоого даяр менин кызматташтарым кайда? Мен аларды көрбөй жатам. Алар президенттин "Твиттердеги" кычышкан бармагынан, өз жумуш ордун жоготуудан коркушат. Менимче бул уят иш, - деген эле демократ конгрессмендердин бири Луиз Гуттерез 15-июнда алардын Конгресс алдындагы басма сөз жыйынында.

Трамп буйрукка кол коёрдо Конгресстеги демократтар да мыйзамсыз мигранттардын үй-бүлөлөрүн бөлбөй турган өз мыйзам долбоорун сунуш кылышкан.

Түштүк чек арада балдар менен ата-энелердин мажбурлап бөлүнүшүнө каршы нааразылык жүрүштөрү акыркы күндөрү АКШын ар кайсы аймактарында да өттү. Чет элдик лидерлер, Улутттар Уюмунда чыгып сүйлөгөндөр, укук коргоочу топтор бул практиканы “адамкерчиликсиз” деп айыптап чыгышкан.

Нью-Йорктогу нааразылык акциясы. 20-июнь, 2018-жыл.
Нью-Йорктогу нааразылык акциясы. 20-июнь, 2018-жыл.

Быйыл 5-май менен 9-июндун ортосунда АКШга анын түштүк чек арасынан кирген мыйзамсыз мигранттардын 2300дөн ашуун баласы ата-энесинен ажыратылып, атайын лагерлерге жайгаштырылган.

Администрация өкүлдөрү жана бул катаал чараны жактагандар муну мыйзамсыз миграцияны ооздуктоонун бир аргасы катары түшүндүрүшкөн.

Трамп өзү ушул аптада Вашингтондогу жыйындардын биринде "АКШга жашы жете электер менен үй-бүлөлөрдүн аткезчилик аркылуу кириши же кирүү аракети 435% көбөйдү" деген маалыматтарды келтирген. Бирок бул кайсыл мезгилди камтый тургандыгын тактаган эмес.

​"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG