Линктер

дүйшөмбү, 19-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 07:40

Апта: Саясатчылардын соту, Трамп - Ким көздөшүүсү


Садыр Жапаров жана Өмүрбек Текебаев.

Узап бараткан жумада бир катар саясатчылардын иштери боюнча сот процесстери өттү.

13-июнда Жогорку сот беш жыл мурда Караколдогу "митингди уюштурган, ошол кездеги губернатор Эмилбек Каптагаевди барымтага алган" деген айып менен камалган оппозициялык саясатчы жана мурдагы депутат Садыр Жапаровго чыккан чечимдерди күчүндө калтырды.

Соттун акыркы чечимин ишти караган коллегиянын төрагасы Кеңешбек Токтомамбетов окуп берди.

- Жапаров Садыр Нуркожоевич жөнүндөгү Биринчи май райондук жана Бишкек шаардык сотторунун өкүмдөрү күчүндө калсын. Жабырлануучу Каптагаев менен актоочу Токтосуновдун көзөмөл арыздары канааттандырылбасын.

Судьянын мындай чечимди угузганы сот залында Садыр Жапаровдун тарапкерлери ызы-чуу түшүп, "Сотторго наалат!" деп кыйкырып, алар менен күч органдарынын ортосунда тиреш да болуп кетти.

Жапаровдун соту: өкүмгө нааразылык
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:48 0:00

Соттук коллегия чечим чыгарардын алдында өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы мурдагы өкүлү, иште жабырлануучу деп көрсөтүлгөн Эмилбек Каптагаев 2013-жылдагы окуялар боюнча козголгон кылмыш ишинде далилдер жоктугун айтып, Жапаровду актоону өтүндү.

Садыр Жапаровдун адвокаты Шарабидин Токтосунов журналисттерге берген комментарийинде Жогорку соттун чечимин мыйзамсыз деп атады. Ал ошондой эле иштеги жаңы жагдайлар боюнча Башкы прокуратурага арыз менен кайрыларын айтты:

- Жаңы жагдайлар боюнча сөзсүз кайрылабыз. Жаңы жагдайлар бар. Буга чейинки берген күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү, алардын видео тасмалары бар.

Жапаров өзүнө каршы козголгон кылмыш ишин "бийликтин куугунтугу" деп мүнөздөп келет. Бир тууганы Дөөлөт Жапаров агасынын соттолушун Кумтөргө байланыштуу маселелерди көтөрүп жүргөнүнөн көрөт.

- Соттор "чечимди төрт баланын көрсөтмөсү менен күчүндө калтырдык" деп атышат. Мына, төрт баланын Жогорку сотко жазган кайрылуусу. Төртөө тең "бизди УКМКнын кызматкерлери "Садыр Жапаровго каршы көрсөтмө берсеңер силерди чыгарабыз" дешти" деп айтып жатышат. Алардын көрсөтмөсүнүн негизинде Садыр Жапаровду соттоп, буларды бошотуп жиберишти. Бирок төртөө бошоп чыккандан кийин өздөрү бизге келип, "бетибизге чиркөө болбосун, чындыкты айтып коелу" дешти. Жалган көрсөтмө бергендерин жазуу жана видео түрүндө айтып беришти. Биз аны сотко бергенбиз. Аны сот караган жок.

Бирок Башкы прокуратуранын кызматкери, мамлекеттик айыптоочу Алишер Рустамбаев Жапаровдун кылмышы далилденгенин белгиледи:

- Тергөөдө жана соттук отурумда бүт далилдер аныкталган. Иш биринчи инстанцияда каралып жатканда күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү толук далилденген. Жабырлануучу Эмилбек Каптагаевдин Жогорку соттун отурумунда берген көрсөтмөсүнө сын көз менен кароону, мурдагы чечимдерди күчүндө калтырууну суранам.

Садыр Жапаров 2013-жылы Ысык-Көл облусунда Кумтөргө байланыштуу нааразылык акциясындагы башаламандыкты уюштурган деп айыпталып, Кыргызстандан сыртка чыгып кеткен.

2017-жылы 25-мартта чет элден кайтып келатканда кыргыз-казак чек арасынан кармалып, камакка алынган. Бишкектин Биринчи май райондук соту былтыр 2-августта аны Кылмыш-жаза кодексинин 113-беренеси ("Киши өлтүрүү аракети"), 341-беренеси ("Бийлик өкүлүнө каршылык көрсөтүү") жана 234-беренеси ("Бейбаштык") боюнча толук актап, 227-беренеси ("Бийлик өкүлүн барымтага алуу") боюнча күнөөлүү деп тапкан. Аны сот 11 жыл, алты айга күчөтүлгөн тартиптеги абакка кескен.

Сапар Исаков тергөө бүткүчө абакта калды

Шаршембиде Бишкек шаардык соту мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковдун бөгөт чарасын өзгөртүү арызы боюнча Биринчи май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды. Анын адвокаты Нурбек Токтакунов саясатчыны камакта кармоого негиз жоктугун билдирди.

- Соттун чечими күчүндө калды. Камакка алууга эки негиз бар - сыртка чыкпоо шартын бузса же жаңы айып угузулса. Экөө тең бузулган жок. Бул чечим мыйзамсыз.

Сот процессине журналисттер киргизилген жок. Шаардык соттун имаратында мурдагы өкмөт башчынын жыйырмага жакын тарапташтары чогулуп, сот чечимине нааразылык билдиришти.

Улуттук коопсуздук комитетине эки айга камалган экс-премьер Исаковдун бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча Бишкек шаардык сотуна анын адвокаттары арыз беришкен.

Сапар Исаков камакка алынды
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:01 0:00

Сапар Исаковго "Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу 386 млн. доллар кытай насыясын максатсыз пайдаланган" деген айып коюлуп, Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгү ("Коррупция") менен кылмыш иши козголгон. Алгач ага эч жакка чыкпоо жөнүндө тилкатынын негизинде бөгөт чарасы бекитилген.

Бирок 5-июнда тергөө органдары Исаковго тагылган айыптын оордугун эске алып, ошондой эле "тергөөгө басым жасашы мүмкүн" деген жүйө менен камакка алууну өтүнүп сотко кайрылган. Бишкектин Биринчи май райондук соту мурдагы премьерди эки айга камакка алуу чечимин чыгарган. Учурда Исаков УКМКнын тергөө абагында жатат. Ал өзүнө козголгон кылмыш ишин “чектен чыгуу” катары баалап келет.

Алмазбек Атамбаев.
Алмазбек Атамбаев.

Экc-президент, башкаруучу Социал-демократтар партиясынын төрагасы Алмазбек Атамбаевдин өткөн аптада тараткан билдирүүсүндө партиянын мүчөлөрү Сапар Исаков менен Кубанычбек Кулматовду камакка алуу “коррупция менен күрөшүү эмес” деп айтылат.

"Исаковду, Кулматовду эптеп бир шылтоо таап, камоо милдети коюлганын көрүп турам. Алар тергөө тарабынан коюлуп жаткан айыптоолордун негизин түзгөн чечимдерди өз алдынча кабыл алууга ыйгарым укуктары болбогонун расмий түрдө билдирем. КСДПнын жигердүү башка мүчөлөрүн, анын ичинде Жалал-Абад шаарынын экс-мэри С.А. Авазовду жана Жогорку Кеңештин депутаты О.М. Артыкбаевди куугунтукка алууну да негизсиз деп эсептейм”, – деп билдирген мурдагы мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев өз партиялаштарын коргоп.

Быйыл 26-январда Бишкектеги Жылуулук электр борборунда (ЖЭБ) авария болуп, -20 градустан ашкан суукта абоненттерге беш күн бою жылуулук берилбей калган. Бул кырдаал жарым жыл мурун модернизацияланган ЖЭБге карата сын-пикирлерди күчөтүп, Кытай берген 386 миллион доллардын максаттуу сарпталганы суроо жараткан. Башкы прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренеси ("Коррупция") менен иш козгоп, УКМК тергөө иштерин баштаган.

Бул иш боюнча "Улуттук энергохолдингдин" мурдагы башчысы Айбек Калиев, мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев, Бишкектин мурдагы мэри Кубанычбек Кулматов, Жалал-Абаддын экс-мэри Салайдин Авазов, "Электр станцияларынын" башчысы жана орун басарлары УКМКнын тергөө абагында камакта отурушат.

ЖЭБди авариянын себептерин жана аны реконструциялоого алынган насыянын максаттуу пайдаланылышын иликтеген депутаттык комиссия бул ишке "жооптуу" деген 30га жакын аткаминердин тизмесин түзүп, алардын ишине укуктук баа берүүнү сунуш кылган.

Башкы прокуратура: Текебаевдин иши кайра каралбайт

12-июнда Башкы прокуратура “Ата Мекен” партиясынын лидери, абакта жазасын өтөп жаткан Өмүрбек Текебаевдин ишин кайра кароодон баш тартты. Башкы прокуратуранын басма сөз кызматкери Жаркынай Азиева “адвокаттар келтирген далилдер буга чейин сотто каралганы аныкталганын” жүйө келтирди. “Ошондуктан Кылмыш-процессуалдык кодекстин 384-беренесинин негизинде жаңы жагдайлар боюнча кылмыш ишин ачууга негиз жок", – деди башкы көзөмөл органынын өкүлү.

Таалайгүл Токтакунова.
Таалайгүл Токтакунова.

Текебаевдин адвокаттарынын бири Таалайгүл Токтакунова иштеги жаңы жагдайлар боюнча далилдер саясатчыны “актоого негиз болуп бермектигин” баса белгилеп, Башкы прокуратуранын чечимине сотко арызданышарын билдирди.

- Башкы прокуратура келтирген жүйөлөргө биз макул эмеспиз. Ал чечим негизсиз жана мыйзамсыз. Биз берген беш жаңы жагдай туура. Аларды сөзсүз түрдө карап чыгышы керек болчу. Андыктан, биз бул чечимди жокко чыгарууну өтүнүп сотко кайрылабыз.

Мурдагы башкы прокурор Байтемир Ибраев башкы көзөмөл органы бул чечими аркылуу өзүнүн "жөндөмсүз экенин көрсөттү" деген пикирде:

- Элдин пикирин окуп, угуп жатабыз. Менин жеке пикирим да элдикиндей. Бул жерде күмөн туудуруп келген толгон-токой жагдайлар бар. Соттун, тергөөнүн жүрүшүн баарыбыз эле көрбөдүкпү. Башкы прокуратуранын азыркы чечимин жөндөмсүздүк, өздөрү жүргүзгөн ишти билбегендик катары баалайм. Себеби, карапайым адамдан деле сурасаңыз, кайсы жагдайларга көңүл буруш керек экенин айтып берет. Сотто Кыргызстандын белдүү саясатчыларынын баары көрсөтмө беришти. Ошону эске алганда көп жагдайлар бар болчу.

Мурдагы башкы прокурор Ибраев "эреже боюнча жаңы ачылган жагдайлар менен Башкы прокуратура өндүрүшкө алышы керек болчу" деп түшүндүрдү.

- Жаңы ачылган жагдайларды прокурорлор текшерип чыгып, андан кийин тиешелүү материалдар сотко жиберилиши керек эле. Андан кийин гана сот жараяндары жүрүп, чечим чыгат. Бул бир күндө чечиле турган иш эмес. Жок дегенде бир айдан үч айга чейин улана турган маселелер.

Айгүл Текебаева.
Айгүл Текебаева.

Камакта жаткан саясатчынын аялы Айгүл Текебаева күйөөсүнүн иши боюнча арыз Улуттар Уюмунун тиешелүү мекемесинде каралып жатканын “Азаттыкка” маалымдады.

- Өмүрбек ар дайым "убакыт биз тарапта" деп айтат. Чындыкты канча жашырба, эртедир-кечтир ачыкка сөзсүз чыгат. Жаңы бийлик өзүнүн багытын жарыялаганда, күнөөсүз камалгандар боюнча иштер кайра каралаарына эл, анын ичинде биз да ишенип атканбыз. Тилекке каршы, андай болгон жок. Тескерисинче, Башкы прокуратура өз чечими аркылуу элдин ишенимин жокко чыгарды деп эсептейм.

Текебаевдин жубайы адвокаттар жана "Адилет" укуктук клиникасы саясатчынын иши тууралуу арыз менен эл аралык уюмга кайрылышканын ырастады.

- Буга чейин башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Текебаевдин адвокаттарынын арызы каралып жатканын билдирген соң, коомчулукта "коррупцияга айпыталып абакка кесилген оппозиционер акталат" деген ишеним жаралган.

Айгүл Текебаева: Өмүрбекке жолукканыма бактылуумун
please wait

No media source currently available

0:00 0:14:15 0:00

Коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев "Фейсбуктагы" баракчасына: "Кайсы жерге барбагын, эл чогулган жерде биринчи эле суроолор ушул: "Текебаев качан акталат, түрмөдөн качан чыгат, өлтүрүп коюшпайбы...?" - деген. Текебаевди түрмөдөн чыгарбай туруу чечими менен коомдук жана саясий процесстердин агымы башка нукка бурулуп жатканын бийлик түшүндүбү же жокпу, аны билбейт экенмин. Бирок жагдай ушундай, Текебаев менен Чотоновдун түрмөдө отуруусу "Кыргызстанда сот акыйкаттыгы барбы же жокпу, мыйзамдуулук калыбына келип жатабы же жокпу?"- деген суроолордун аныктагыч белгиси болуп калат. Алар түрмөдө отурганда "акыйкаттык, мыйзамдуулук, калыстык, укуктук тартип"- деген сөздөрдү ким айтса дагы, кимдин оозунан чыкса дагы баары бир куру эле сөз, ооздун жели. Чындык ушундай. Текебаев кимге жагат же кимге жакпайт - бул башка кеп, бирок бул чындык менен эсептешүүгө мажбурбуз" деп жазды.

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев "Мегаком" компаниясынын чырына байланыштуу "Коррупция" беренеси менен айыпталып, былтыр февраль айында камалган. Аны менен кошо мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотонов да камакка алынган. Аларга орус жараны Леонид Маевскийден "бир миллион доллар пара алган" деген айып тагылып, сот ар бирин сегиз жылга эркинен ажыраткан. Текебаев Бишкектеги №47 колонияда, ал эми Чотонов Молдовановкадагы абакта жаза мөөнөтүн өтөп жатат.

Шейшембиде Бишкек шаардык соту Жогорку Кеңештин депутаты, “Ата Мекен” фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов боюнча райондук соттун чечимин жокко чыгарып, ишти кайра тергөөгө жөнөттү. Мындай чечим тергөөдө кемчиликтер болгону менен түшүндүрүлдү. Бишкектин Биринчи май райондук соту былтыр 19-декабрда Шыкмаматовду күнөөлүү деп таап, беш миллион сом айыпка жыккан эле.

Шыкмаматовдун иши кайра тергөөгө жөнөтүлдү
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:09 0:00

Оппозициялык фракциянын депутатына 2016-жылдын декабрында кылмыш иши козголгон. Ага карата "2011-жылы Эсеп палатасынын аудитору болуп турганда алдын-ала сүйлөшүп, өз аялына таандык "Мерседес-Бенц Е320" автоунаасын 14 600 долларга тендер аркылуу мекемеге сатып алууга аралашкан" деген айып тагылган. Депутат менен кошо Эсеп палатасынын мурдагы аудитору, экс-депутат Жусуп Иманалиевге жана Кыргызстанда жашаган немис жараны Али Юкселге да кылмыш иши козголгон.

АКШ - Түндүк Корея саммити

12-июнда Сингапурда АКШ менен Түндүк Кореянын лидерлеринин көптөн бери күтүлгөн жана “тарыхый” деп мүнөздөлгөн саммити өтүп, анын соңунан президент Дональд Трамп Корей жарым аралын өзөктүк куралдан арылтуу жараяны “абдан тез башталат” деп жарыялады. Бирок аны ишке ашыруунун чоо-жайы алдыда сүйлөшүлөт. Вашингтон Пхеньяндан “өзөктүк куралдан орду-түбүнөн бери арылышын" талап кылып келатат.

Сентоза аралында, кымбат баалуу мейманканада өткөн саммит эртең менен журналисттердин көзүнчө АКШнын президенти Дональд Трамп менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын кол алышуусу менен башталды.

Ортодо ондогон жылдар бою кастык өкүм сүргөн эки өлкөнүн башчыларынын тарыхтагы алгачкы көзмө-көз сүйлөшүүсү 45 мүнөткө созулду. Ага котормочулар гана кирди. Андан соң сүйлөшүүлөргө делегация мүчөлөрү катышты.

Ушундан кийин эки лидер кол койгон документти Дональд Трамп “абдан маанилүү”, "баары камтылган” деп мүнөздөдү:

- Менимче, биздин Түндүк Корея, Корей жарым аралы менен жалпы мамилебиз мурдагыдан кыйла айырмаланган кырдаал болот. Биз экөөбүз тең бир нерсе жасагыбыз келет. Биз атайын байланышты иштеп чыктык. Бул адамдарга да кубаныч тартуулайт. Биз бүткүл дүйнө үчүн өтө чоң жана опурталдуу маселени чечебиз.

Байкоочулар Сингапурда демилгени негизинен Трамп колго алганына көңүл бурушту. Ким Чен Ын Трамп журналисттерге кайрылгандан кийин гана басма сөз үчүн учкай сөз айтты:

- Бизде бүгүн тарыхый жолугушуу болду жана өткөндү артта калтырууну чечтик. Дүйнөдө олуттуу өзгөрүү болот. Мен президент Трампка ушул жолугушуу өткөнү үчүн ыраазычылык билдирем.

Пхеньяга таасири бар деп эсептелген Кытай АКШ менен Түндүк Кореянын лидерлеринин жолугушуусун “кылымдык мааниси” бар окуя катары мүнөздөп, эми Түндүк Кореяга санкциялар жагынан жеңилдик берилиши керек экенин дароо эле ишарат кылды. Орусия саммиттин жыйынтыгын кубаттап, бирок "балакеттин баары деталдарда жатарына" токтолду.

Иран Түндүк Кореяга Трампка "ишенбөөнү" эскертти. Ал эми Түштүк Корея саммиттин "ийгиликтүү" аякташын кубаттады. Бирок Трамп менен Ким кол коюп, дүйнөлүк коомчулукка жарыяланган документте Пхеньяндын өзөктүк куралдан баш тартышынын деталдары жана убактысы көргөзүлгөн эмес.

Трамп менен Кимдин тарыхый жолугуусу
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:28 0:00

Түндүк Кореянын мамлекеттик медиасы 13-июнда Трамп бул жараянды “баскыч-баскыч” менен жүргүзүүгө көнгөнүн кабарлап, Вашингтон мурдагы турумунан чегинүүгө барарын ишарат кылган.

Мамлекеттик катчы Майк Помпео Сеулда Түндүк Корея өзөктүк куралдан толук арылмайынча санкциялар жоюлбай турганын белгиледи. “Биз (алар) өзөктүк курал толук арылганына көзүбүз жетсин, ошондон кийин гана санкциялардан жеңилдик берилет”,- деди ал.

Ондогон жылдар тирешкен эки өлкөнүн лидерлеринин жолугушуусуна эксперттердин берген баасы ар кыл. Америкалык аналитик Скот Снайдердин көз карашында, Сингапурдагы саммит Корей жарым аралындагы кырдаалды өзгөртүп, чыңалууну басаңдатуу мүдөөсүнүн гана белгиси болду. Ал эми аны реалдуулукка айлантуу үчүн али көп нерсе жасалуусу абзел.

"Биринчиден, түндүк кореялыктар өзөктүк жайларынын баарын ачыктап, жарыялоосу керек. Экинчиден, америкалыктар аны текшерип, инспекторлордун ал жайларды демонтаждап, керектен чыгаруусу өзөктүк куралдан арылуу делген жараяндын негизги бөлүгү болушу шарт. Бул алдыдагы сүйлөшүүлөрдүн маселеси, ал эми жараяндын өзү, менимче, бир нече жылды талап кылат. Азыр мына ошол жараяндын башталышы гана, бирок ал аягына чыгыш үчүн узак убакыт керектелет".

Дагы бир жапон эксперти Шикоко Гото болсо Түндүк Корея – АКШ маселесине келгенде дүйнөлүк державалардын позициялары айырмаланып турарына көңүл бурат.

- Мисалы, Түштүк Корея, өзгөчө азыркы президент Мун Чжэ Индин өкмөтү Корей жарым аралы акыр-аягында биригүүсү керек деген көз карашты бекем карманууда. Бул сөзсүз эле АКШ, Кытай же Орусия бөлүшкөн позиция эмес. Кытайдын көздөгөнү болсо азыркы стабилдүүлүктүн жана учурдагы кво-макамдын өзгөрбөстөн сакталуусу. Бээжинди алсак, Түндүк Кореянын экономикалык жактан ар тараптуу болушун каалаганы менен ал АКШнын Азиядагы таасиринен тыш туруусун, Түштүк Корея менен бирикпешин көздөйт. Түндүк Кореяда Кытайдын же АКШнын таасир өсүшүнө аны менен чек арасы бар Орусия кызыкдар деп айта албайм. Жапония үчүн болсо Корей жарым аралынын ыктымал биригүүсү же азыркы абалында калышы артыкчылыктуу маселе эмес, ал үчүн эң башкысы аймактан өзөктүк коркунучтун жоголушу. Токио ошондой эле мындан кийин АКШнын Чыгыш Азиядагы аскерий ролу, милдеттенмеси азайып, аймактагы бийлик балансы бузулбайбы деп да тынчсызданат.

Пхеньян өзгөчө былтыр баллистикалык ракеталарын удаа-удаа учуруп, бир сыйра өзөктүк сыноо өткөргөн соң кырдаал чыңалып, бирок быйыл жыл башынан бери кайра дипломатиялык алакалар жандана баштаган. АКШ менен Түндүк Кореянын саммити ошондой оош-кыйыштардан кийин өттү.

Былтыр БУУнун Коопсуздук кеңеши жана АКШ Түндүк Кореяны каржы булактарынан ажыратып, өзөктүк куралдан баш тарттыруу максатында экономикалык санкцияларды күчөткөн. Санкциялар азыр да күчүндө турат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG