Линктер

дүйшөмбү, 24-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 02:30

Апта: Атамбаевдин акыркы кадры кеттиби?


Алмазбек Атамбаев президент кезинде Албек Ибраимовду кабыл алган учуру. 2016-жыл, 29-июнь.

Узап бараткан аптанын урунттуу окуяларына сереп.

Бишкек шаардык кеңеши 13-июлда кезексиз жыйында мэр Албек Ибраимовго ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алды. Ошол эле күнү депутаттар токтомду премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге жөнөтүштү. Мэрди отставкага кетирүү жөнүндө чечимди өкмөт башчы кабыл алышы керек.

Жыйынга кеңештеги 45 депутаттын 40ы катышып, мэрге ишеним көрсөтпөө тууралуу сунушту бир добуштан колдошту.

Шаардык кеңештин төрагасы Алмаз Кененбаев "Азаттыкка" берген комментарийинде мэрдин "эч ким менен кеңешпей, эмгек өргүүсүнө чыгып кеткенин” сындады. “Кышка даярдык көрүп, шаардын социалдык маселелерин чече турган учурда, өзүнүн биринчи орун басары камакка алынып сурак берип жатканда шаарды таштап кетип калганын кандай десе болот?” – деп күнөөлөдү.

Шаардык кеңештеги оппозициялык "Республика - Ата Журт" фракциясынын мүчөсү Канатбек Мүзүралиев шаар башчыны кызматтан кетирүүдө эч кандай “саясий маселе” жоктугун белгиледи. “Эмненин негизинде саясий буюртма болот? Биз бул жерден жол, бак, жер сатуу өңдүү Бишкек шаарынын эли көтөргөн гана маселелерди көтөрүп жатабыз. Бүгүнкү күндө кемчиликтер болбосо иш козголбойт эле да?" деди оппозициялык фракциядагы депутат.

Шаардык кеңештин чечими жарыяланары менен Ибраимов "Фейсбуктагы" баракчасына кыска видео кайрылуу жарыялады. Анда шаар башчы үч күндөн бери тоодо жүрүп, чукул жыйын өтөөрүн кеч укканын айтып, шаардыктарга, өзү менен иштешкен адамдарга ыраазычылык билдирет. "Мен ар дайым силер мененмин” – деген шаар башчы “Бүгүнкү чечим - саясий буюртма. Бул боюнча кийинчерээк да көп маалымат бергенге даярмын” дейт.

Жума күнү Cоциал-демократтар партиясы төрагасы Алмазбек Атамбаевдин атынан шаар башчыны коргогон кайрылуусун таратты.

“Албек Ибраимовго атайылап жасалып жаткан саясий куугунтуктун жана каралоолордун жыйынтыгы түшүнүктүү эле болчу. Анын ишине кантип тоскоолдук кылып, кантип шыбап атышканын көрүп жатасыңар. Бул жарым жылдан бери уланууда. Мунун баары коррупция менен күрөшүүгө эч кандай тиешеси жок экенин ал тургай бийликте турган кишилер да түшүнүп жатышат”, деп жазылган экс-президенттин билдирүүсүндө.

Равшан Жээнбеков
Равшан Жээнбеков

Коомчулукта Атамбаевдин бийликте калган акыркы ишенимдүү кадрынын кызматтан алынышы күтүлгөн эле иш болчу деген көз караш басымдуу. Экс-депутат Равшан Жээнбеков экс-президентти "өзү түзгөн системанын, өзү кетирген катачылыктардын жемишин көрүп жатат" деп, "эч кандай саясий куугунтук" деп айтууга болбостугун баса белгилейт. "Өздөрүнүн Социал-демократтар партиясы жамандап кетирип жатса, кантип саясий куугунтук болсун?" - деп суроо коёт.

Ал ошондой эле Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары ​Ибраимовду шайлап жатканда 100% колдосо, "бүгүн кетсин дегени акылга да, моралга да сыйбаган нерсе. Бул шаардык парламенттин жогорку Кеңештей эле көз каранды, коркок, өз функцияларын аткара албаган орган экенин көрсөттү" - деп сындады.

Мурдагы президент Атамбаевдин эң ишенимдүү адамдарынын бири саналган Ибраимов мэрликке 2016-жылы февраль айында шайланган. Анда шаардык кеңештеги 43 депутаттын бирөө гана "каршы" добуш берген, калганы жапырт колдогон. Ага чейин баш калааны экс-президент Атамбаевдин дагы бир кадры Кубанычбек Кулматов башкарган.

Калича Умуралиева.
Калича Умуралиева.

Жарандык активист Калича Умралиева мэрди түз шайлоо системасын колдогондордун бири. "Шаар башчыны түз шайлоо болбосо шаардыктарга жетекчини бийлик “парашют” менен түшүрө беришет. Шаардык кеңеште болсо ишкерлер отурат” - деп сындады активист.

12-июлда Ибраимов Кыргызстандан “качып кеткени” тууралуу кабар тарап, бирок мэриянын басма сөз кызматы аны четке каккан. Баш калаанын басма сөз кызматы шаар башчы 10-июлдан 8-августка чейин эмгек өргүүсүнө чыкканын билдирген.

13-июнда Ибраимов "ТНК Дастан" ишканасындагы мыйзам бузууга байланыштуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) сурак берип чыккан. Факты боюнча 30-майда Кылмыш-жаза кодексинин 171-беренеси ("Кызмат абалын пайдалануу менен ишенип берилген мүлктү ээлеп алуу жана коротуу") менен кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүн материалдарына ылайык, 2012-жылы “ТНК Дастан” жана “Дастан Инжиниринг” ишканаларынын ортосунда жабдык сатып алууга түзүлгөн келишимдин баасы атайылап жогорулатылып, мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилген.

Ибраимов бул ишкананы 2011-2012-жылдары башкарган. Ал өзүнө коюлган айыпка макул эмес экенин билдирген.

6-июлда Бишкек мэринин биринчи орун басары Ренат Макенов менен шаардык бийликтин Жер ресурстары башкармалыгынын жетекчиси Урмат Мурзакановду УКМК камакка алды. Алар жер мыйзамдарын бузуп, Бишкектин №12 кичи районундагы 3,5 гектар жерди жеке жактарга мыйзамсыз берип жиберген деп шек саналып жатат.

НАТО коргонууга каражатты көбөйтөт

11-12-июлда Брюсселде өткөн саммитте НАТОго кирген мамлекеттер коргонууга бөлүнчү чыгымдарын көбөйтүүгө макул болушту. Бири-биринин дарегине сөз ыргыткан лидерлер жыйын соңунда бир кепке келишти. АКШ президент Дональд Трамп Түндүк-Атлантикалык альянстын мүчөлөрүнө акчаны көбөйтүү боюнча катуу талап койгонун европалык лидерлер да ырасташты.

Саммиттин соңундагы басма сөз жыйынында америкалык лидер Брсюсселдеги жолугушуу “абдан жемиштүү” аяктаганын журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Бир топ талаш-тартыштан кийин НАТОго кирген мамлекеттер ички дүң өнүмдүн 2% бөлүүгө коргонууга бөлүүгө макулдашканы жарыяланды. "Мындан кийин көбөйтүшүбүз керек. Бир нече жылга алдыга кетип, 4% чейин жеткирүүбүз зарыл" - деди Трамп.

Ал ошондой эле НАТО “жакынкы арада” коргонуу үчүн кошумча 33 миллиард доллар сарптарын ырастады. Трамп коргонууга каражатты 2% жеткирүүнү 2024-жылды күтпөстөн эле колго алууга чакырган.

Саммиттин экинчи күнү президент Трамп АКШ аскердик союздан чыгып кетиши ыктымал деген сөздү четке какты. “Андай болушу мүмкүн, бирок азыр зарылчылык жок. Учурда лидерлер мурда болуп көрбөгөндөй активдешти” – деп НАТОго кирген европалык өнөктөштөрүн ынандыра алганын белгиледи.

Муну Трамп менен бир нече ирет жолугушкан Франциянын лидери Эммануэл Макрон дагы ырастады. “Дональд Трамп эки тараптуу жана жалпы жолугушууларда АКШнын НАТОнун курамынан чыгып кетээри тууралуу сөз козгогон жок” – деди Макрон.

Азыр НАТОнун 29 мүчөсү бар. Уюмдун алкагында коргонуу чыгымдарын көбөйтүү маселеси Орусия 2014-жылы Крымды аннексиялап, Украинанын чыгышында жикчилдерге колдоо көргөзгөндөн кийин күн тартибине чыккан эле.

Дал ошол жылы өткөн саммитте Түндүк-Атлантикалык альянстын мүчөлөрү коргонуу бюджетин 10 жыл ичинде ички дүң өнүмдүн 2% үлүшүнө жеткирүүгө милдеттенме алышкан.

Немис канцлери Ангела Меркел саммиттин аяк ченинде, кабарчылар менен болгон маегинде Берлин коргонуу бюджетин канчага көбөйтөөрүн тактабаса дагы ушул багытта бара жатканына токтолду.

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг басма сөз жыйынында “саммитте лидерлер түрдүү позицияларын билдиргени акыр аягында бир пикирге келип, бирдиктүү чечим кабыл алышканын” белгиледи. Саммитте Ооганстандагы кырдаал дагы талкууланып, жаңы милдеттемелер кабыл алынды. “2014-жылга карай ооган коопсуздук күчтөрүнө каржылык колдоону көбөйтөбүз” деди НАТОнун баш катчысы.

Брюсселдеги жыйында Украина менен Грузиянын лиделери дагы катышты. Түндүк-Атлантикалык альянстын мүчөлөрү “Грузияны мүчөлүккө кабыл алууга даярдык көрүүнү макулдаштык” деп билдирди Столтенберг.

НАТОнун баш катчысынын мурдагы орун басары Александр Вершбоу “Америка добушу” радиосу менен болгон маегинде саммит тууралуу “драма көп болгону менен жыйынтыгы натыйжалуу” деген ойдо. “НАТОнун кубаттуу башкаруу түзүмдөрү бар, мобилдүү, “башкы атаандашы” менен кеңири масштабдагы ыктымал конфликтке даяр турууга өбөлгө болчу чечимдердин топтомун кабыл алды. Тунисте, Иорданияда, Иракта машыгууларды өткөрүү жана жалпы эле Жакынкы Чыгыштагы абалды турукташтыруу боюнча кошумча так стратегияларды талкуулады” – деп баалады Вершбоу.

Эксперт президент Трамп Хельсинкидеги орус кызматташы Путин менен жолугушууга “Брюсселдеги кызуу талкуулардан кийинки бир пикирге келген НАТОнун колдоосун” алып баратканын баса белгилейт.

Бул арада Орусия НАТОдон айтылган сөздөрдү сынга алып, альянстын өз ишмердигин “чыңдоо” пландары “бөлүнүү тилкелерин тереңдетип, Европадагы “чыңалууну күчөтөрүн” эскертти.

Таиланд: "көйнөкчөн туулган" балдар

Таиланддын түндүгүндөгү Тхам Луанг үңкүрүндө 17 күн караңгы коңулда отурган 12 өспүрүм менен алардын машыктыруучусун куткаруу операциясы үч күн жүрдү. Эл аралык куткаруучулар катышкан миссия балдардын акыркыларын 10-июлда аман-эсен алып чыгышты.

23-июнда үңкүргө кирген бойдон чыкпай калган жергиликтүү футбол клубунун балдарын жана анын машыктыруучусун үңкүрдүн кууш, кыйма-чийме суу толгон жолдору аркылуу алып чыгуу ишине бүт дүйнө көз салып турду. Балдардын куткарылышы жергиликтүү жана чет элдик суучулдардын катышуусундагы эң татаал, мурда болуп көрбөгөндөй операция ишке ашты.

Таиланддын премьер-министри Прают Чан-Оча кыйын кырдаалда жардамга берүүгө кол сунган бардык адистерге, өлкөлөргө, уюмдарга ыраазычылык билдирди. ​"Таиланддык же чет өлкөлүк болсун, өз тажрыйбасы, күчү, техникасы жана машинасы менен жардам көрсөткөн ар бир жарандык, ыктыярчы, медиа уюмга ыраазыбыз. Ошондой эле биз дүйнөдөгү бардык дос өлкөлөрдөн максатыбызга жетүүгө мүмкүнчүлүк берген моралдык колдоо алып турдук" - деди тай өкмөт башчы.

Саламаттык сактоо департаментинин өкүлү Тонг Гай кабарлагандай, өспүрүмдөр эки килограммдай салмагын жоготушкан. Ным жерде отургандыктан айрымдарынын өпкөсү сезгенген. ​"Алардын психикалык абалы абдан жакшы. Бул, балким, алар чогуу болушкандан улам болсо керек. Мындан тышкары балдарга жакшы кам көргөнү үчүн алардын машыктыруучусуна өзгөчө алкыш айтабыз".

Ушул тапта маалымат каражаттарында балдар менен чогуу 17 күн үңкүрдө отурган Аку аттуу машыктыруучу кызуу талкууга айланды. Буддисттердин кечилканасында 12 жыл жүрүп анан машыктыруучулукка өткөн адамдын караңгы үңкүрдө балдарды дүрбөлөңгө түшүрбөй кармап отурганын алкагандар, ага таң калгандар да арбын. Өспүрүмдөргө тамак-ашты тең бөлүп жедирип, үңкүрдөгү таштардан сарыккан суудан ичирген. Караңгы капаста калгандарга медитация жасатып, чогуу ырдашып, үмүттү өчүрбөй отурушкан.

Балдарды куткаруу операциясына жалпысынан миңдей киши катышты. Анын 90го жакыны аскер жана жарандык багыттагы кесипкөй суучулдар болду. АКШ, Орусия, Украина, Британия, Авcтралия, Кытай, Жапония сыяктуу ондон ашык мамлекеттин куткаруучулары келген. Балдарды түздөн-түз алып чыгуу милдетин Таиланддын Аскер-деңиз флотунан беш жана 13 чет өлкөлүк суучулга тагылган.

12 баланы жана алардын машыктыруучусун куткаруу операциясы учурунда кырсык да болду. Таиланддын Аскер-деңиз флотунун мурдагы кызматкери, 38 жаштагы суучул Самарн Кунан үңкүрдөгү балдарга кычкылтек толтурулган балон жеткирип келатып, өзүнө аба жетпей каза тапты.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG