Линктер

ишемби, 22-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 15:08

Апта: Тунгышбаевдин экстрадициясы, Трамп - Путин саммити


Путин менен Трамп G-20 саммитинде жолуккан кез. 2017-жыл, июль, Германия.

Бишкек Тунгышбаевди Астанага өткөрүп берди, президент Жээнбеков элге кайрылды, Трамп - Путин саммити болот.

25-июнда Бишкектин Октябрь райондук соту казакстандык активист жана блогер Муратбек Тунгышбаевди экстрадициялоо тууралуу Башкы прокуратуранын чечимин колдоду. Эртеси Улуттук коопсуздук комитети казак жараны өз мекенине өткөрүлүп берилгенин билдирди. Кыргыз бийлигинин мындай шашылыш чечими жергиликтүү жана эл аралык укук коргоочулардын кескин сынына кабылды.

“Human Rights Watch” (HRW) укук коргоо уюму Кыргызстан мындай чечимди кабыл алуу менен эл аралык милдеттенмелерди этибарга албай жатканын эскертти. "Кыргызстан Тунгышбаевдин башпаанек сураганына карабастан, экстрадиция тууралуу чечимге даттанууга мүмкүндүк бербестен, Казакстандын укук коргоо органдарына өткөрүп берди” деген эл аралык уюм активист өз өлкөсүндө “ырайымсыз мамиле менен кыйноого дуушар болуп калышы мүмкүндүгүн” баса белгилейт.

Тунгышбаев Казакстанга кайтарылышы мүмкүн
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:20 0:00

Казакстандын “Тең укуктуу журналисттер” федерациясынын президенти Розлана Таукина “Азаттык” менен болгон маегинде блогер жалган жалаа менен айыпталып, “саясий куугунтукка” кабылганын белгиледи.

“Бийликке ыңгайсыз болуп калган соң бүгүн Муратбекке “ал “Казакстандын демократиялык тандоосу” деген кыймылдын жактоочусу” деген жалаа жабышууда” – деген укук коргоочу Астананын бул жүйөсү аны өткөрүп алышы үчүн гана “негиз болуп жатканын” баса белгилейт. Аны менен катар блогердин экстрадицияланышы “эл аралык мыйзамдарга каршы келээрине” көңүл бурат.

Розлана Таукина.
Розлана Таукина.

Таукинанын белгилешинче, Тунгышбаевдин Жаңы-Өзөн окуясындагы ролу өзгөчө. Ал 2011-жылкы кандуу кагылышты биринчилерден болуп чагылдырып, окуянын күбөлөрүнүн айткандарын тасмага түшүргөн. Каршылык акциясынын катышуучуларын полиция кубалап, ал түгүл жыгылып калгандарына ок чыгарганы тартылган таанымал тасманы жергиликтүү тургундардан Тунгышбаев алып келген.

Блогер алты-жети сайт ачып, Кыргызстанда камакка алынганга чейин алар аркылуу өз материалдарын жарыялап келген. Куугунтук башталган кезде ал өзү Кыргызстанга, ал эми өнөктөшү Киевге качууга аргасыз болушкан.

Шейшембиде Бишкекте “Тунгышбаевдин иши – кыргыз демократиясынын сынагы” деген атылышта тегерек стол өттү. Саясий ишмер Равшан Жээнбеков казак активисттин сот ишинде коңшу өлкөнүн бийлигинин кысымы байкалганын айтып, “эгер Кыргызстан демократиялык мамлекет болсо, Тунгышбаевге окшогон кылмыш кылбаган, башка саясий көз караштагы адамдарды бербеши керек. Бул Кыргызстандын эл аралык аброюна аябагандай доо кетирет” – деди.

Жыйындын катышуучулары соттордун мурдагыдай эле “саясий буйрук аткарып жатканын”, сот менен укук коргоо органдарын реформалоо маселеси актуалдуу бойдон турганын бир ооздон белгилешти.

Сот жүрүп жаткан маалда Тунгышбаев саясий көз карашынан улам экстрадициялоого дуушар болуп жатканын отургандарга айтып калууга үлгүрдү. “Мени адам өлтүргөнүм, бирөөнү алдаганым, же бирөөнү зордуктаганым үчүн эмес, мени саясий көз карашым үчүн экстрадициялаганы жатышат. Мени "Казакстандын демократиялык тандоосу” кыймылы менен иштешкен деп айыптап жатышат. Мени демократиялык баалуулуктарды: сөз эркиндигин, мыйзам үстөмдүгүн, таза шайлоолорду өткөрүүнү айтып жүргөнүм үчүн куугунтуктап жатышат” – деди темир тор артында турган блогер.

Бишкектеги талкууга катышкан жарандык коом өкүлдөрү “мыйзамсыз чечим чыгарган соттордун атайын реестри” түзүлөрүн жарыялашты. “Коомдук анализ институтунун” директору Рита Карасартова “Биз мыйзам бузган судьялардын “кара тизмесин” түзөбүз. Аларды мыйзам чегинде жазага тартуу боюнча бардык аракеттерди көрөбүз” –деди талкуу маалында. “Атамбаевдин учурунда болгон башаламандык Жээнбеков келгенде токтойт, башка адам келди, эми эл аралык аренада бизди уят кылбайт” деп кол чапкан элек. Бирок биздин өлкөдө эч нерсе өзгөргөн жок”- деп укук коргоочу бийликти кескин сындады.

Тунгышбаевди Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети 10-майда Казакстандын Башкы прокуратурасынын өтүнүчү менен кармаган.

Ал коңшу өлкөдө тыюу салынган “Казакстандын демократиялык тандоосу” кыймылын колдойт деп айыпталган. Бозгунда жүргөн казак олигархы Мухтар Аблязов түзгөн кыймылды казак бийлиги 18-мартта “экстремисттик уюм” деп тааныган.

Казакстандын мыйзамына ылайык, блогердин күнөөсү аныкталса, алты жылдан он беш жылга чейин кесилип кетиши мүмкүн.

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы аны Казакстанга өткөрүп берүү боюнча токтом кабыл алып, бирок Тунгышбаевдин жактоочулары ал токтомду жокко чыгарууну талап кылып, Октябрь райондук сотуна арыз менен кайрылган. 25-июнда судья Чыңгыз Адамкулов адвокаттын арызын четке кагып, башкы көзөмөл органынын токтомун күчүндө калтырды.

Жээнбековдун кайрылуусу: коррупция, мыйзамдуулук, парламентаризм

Шаршембиде президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңешке келип, 35 мүнөткө чукул сүйлөдү. Мамлекет башчы коррупцияга каршы күрөштү, сот реформасын, адам укуктарын коргоону мамлекеттин артыкчылыктуу багыты катары белгиледи.

- Баарына тегиз, адилет мамиле болмоюнча антикоррупциялык күрөш ийгиликке жетпейт. Азыр кайсы коррупционерди кармаба, анын артынан депутаттын же кайсы бир саясий топтун “ушул адамды бошотуп коюңуз” деген суранычы түшүп жатат. Бул күрөш коомдун, жарандардын колдоосуна, жигердүү позициясына муктаж. “Ууру болсо да биздин бала эле” деген ой менен бир айылдын баары кол топтоп, бошотуп коюу жөнүндө суранычын жиберип жатышат. Коррупционерлердин баарына бирдей мамиле кылбасак, күрөш жыйынтык бербейт.

Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

Жээнбеков мамлекеттик башкарууда, сот-прокуратура органдарында, экономика тармагында жасалчу реформалар кечеңдеп жатканын моюнга алып, аларды эл күткөндөй тез арада чечүү зарылдыгын белгиледи.

"Өлкөдө менчикти коргоо сакталган жок, рейдерликке жол ачкан учурлар болду" деди. Сот жана укук коргоо органдары “өздөрү акыйкат болбой жатканына” эл нааразы экенин кошумчалады.

Мамлекет башчы соңку жылдар өлкөнүн коомдук, саясий-экономикалык турмушундагы маанилүү өзгөрүүлөрдүн мезгили болгонун, бирок жетишкендиктерге карабастан учурдагы абал өзгөрүүлөргө муктаж экенине токтолду.

“Чейрек кылым аралыгында өлкөнүн экономикасы анчалык өнүгүүгө жана туруктуу өсүү темпине ээ боло алган жок. Аймактар ортосунда жана тармактардын арасында тыгыз экономикалык байланыштар орногон жок” деди Жээнбеков.

Чыныбай Турсунбеков.
Чыныбай Турсунбеков.

Мамлекет башчынын парламенттеги сөзү коомчулукта ар кандай реакция жаратты. Жогорку Кеңештин депутаты, башкаруучу партиянын өкүлү Чыныбай Турсунбековдун пикиринде, президенттин элге кайрылып, позициясын ачык, так билдигени “жаңылык” болду. “Коом бийлик башындагылардын позициясын канчалык билсе, ошончолук ишенет. Кайсы бир маселе боюнча “президент мындай пикирде экен” деп элде да ишеним күчөйт” – деди экс-спикер “Азаттыкка” берген комментарийинде.

Ошол эле учурда президент “мурда айтылгандарды кайталады” деп сындагандар ба арбын. Алардын бири саясат талдоочу Сейтек Качкынбай “куру сөздөн конкреттүү ишке өтүүгө убакыт келди” деген көз карашта. “Биринчи кезекте сот реформасы кандайча жүрөт, коррупцияга каршы кандай системалуу иштер жүрөт - так айтылган жок. Баары эле “керек, зарыл, абзел” деген жалпы формада айтылды. “Качан, кантип жасалат?” деген суроолор жоопсуз калды” – деген саясий эксперт “президент сөздөн ишке качан өтөрү белгисиз” бойдон калганына көңүл бурат.

Президенттин кайрылуусу: эмне өзгөрөт?
please wait

No media source currently available

0:00 0:41:12 0:00

Президент Жээнбеков 24-ноябрда ант берип, мамлекетти башкарууга киришкен. Жээнбеков 2010-жылы өлкө тандаган парламенттик түзүлүштү колдоого убада берип, “аткаминерлердин арасындагы коррупция менен күрөшүү менин президенттик мөөнөтүмдүн эң артыкчылыктуу багыты" – деп айткан.

Трамп менен Путиндин күттүргөн жолугуусу

АКШ президенти Дональд Трамп менен Орусиянын лидери Владимир Путин катышкан саммит 16-июлда Хельсинки шаарында өтөт. Эки чоң державанын жетекчилеринин көптөн бери күттүргөн жолугушуусун өткөрүү 27-июнда Ак үйдүн улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтондун Кремлдеги жолугушуусунда расмий макулдашылды.

Трамп менен Путин жолукканда кайсы маселелер талкууланышы мүмкүн? – деген суроо ушул тапта эл аралык маалымат каражаттарында кызуу талкууланган темалардын бири.

Ак үйдүн маалыматына караганда, эки лидер “АКШ-Орусия алакасын жана улуттук коопсуздуктун бир катар маселелерин” талкуулайт. Орусиянын маалымат агенттиктери Путин менен Трамп “Орусия-АКШ мамилесин, эл аралык проблемаларга” көңүл бурушарын Кремлге шилтеме берип кабарлашты.

Президент Трамп Путин менен кездешкенде Орусиянын АКШдагы шайлоого кийлигишкени тууралуу сөз козгоп, ошондой эле Сириядагы жана Украинадагы кырдаалды талкууларын билдирди. Америкалык лидер бейшембиде "Твиттерге" “Орусия биздин шайлоого кийлигишкен эмеспиз дегенинен кайтпай турат” деп жазды.

Орусиянын Улуттар Уюмундагы туруктуу өкүлү Василий Небензя саммитти АКШ администрациясы көптөгөн маселелерди талкуулоонун зарылдыгын түшүнгөндүгүнүн “белгиси” деп баалады.

“Бул эки өлкөнүн гана каалоосу эмес, бул жалпы дүйнөнүн каалоосу” – деп белгиледи орус элчиси. “Биз бир пикирге келип, кандайдыр бир макулдашууга жетсек, биз эле эмес, калган дүйнө да эркин дем ала баштамак” – деди Небензя.

АКШ – Орусия алакасы 2014-жылы Москва Крым жарым аралын өзүнө каратып алгандан кийин бузула баштаган. Мунун айынан Орусия “Чоң жетинин” курамынан чыгарылган. Вашингтон менен Мсокванын Сирия боюнча позициясы дагы карама-каршы келип, эки өлкө жаатташкан эки башка тарапты колдойт.

Британияда мурдагы орусиялык тыңчы ууландырылгандан кийин дипломаттардын чыгарылышынан улам эки өлкөнүн мамилеси мурдагыдан да начарлаган.

2016-жылы Орусия АКШдагы президенттик шайлоого кийлигишкени тууралуу ырастоолорго байланыштуу Вашингтон администрациясы Орусияга каршы санкцияларды киргизген.

Майк Помпео.
Майк Помпео.

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео шаршембиде сенаторлордун тобу менен жолукканда президент Трамптын Орусияга карата позициясын түшүндүрдү.

“Президент маанилүү геостратегиялык талкууларда Орусиянын катышуусу талашсыз экенине терең ишенет” деген мамкатчы “мен эс тартканы биздин Орусия менен мамилебиз азыркыдай сууп кеткени эсимде жок” деп кошумчалады.

Президент Трамп 11-12 июлда НАТОнун Брюсселдеги самитине катышат, андан кийин Вашингтондун эң жакын саясий өнөктөшү – Лондонго сапары мерчемделген.

Путин менен бейтарап аймакта - Финляндиянын баш калаасы Хельсинкиде кездешет. 1997- жылы бул жерде АКШнын президенти Билл Клинтон орусиялык кызматташы Борис Ельцин менен жолугушкан.

Трамп менен Путин былтыр июлда “Чоң жыйырманын” Германиядагы жыйынында, ал эми ноябрда Вьетнамда APEC уюмунун саммитинде кездешкен. Трамп кызматка киришкенден бери Вашингтон менен Москва жогорку деңгээлде эки тараптуу, толук кандуу сүйлөшүү өткөрө элек.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG