Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:32

Атамбаевдин билдирүүсүнө сын жана баа


Алмазбек Атамбаев.
Алмазбек Атамбаев.

Социал-демократтардын арасынан үч саясатчынын камакка алынышы жана ага карата партия төрагасы Атамбаевдин билдирүүсү коррупцияга каршы күрөш тууралуу талкууну кызытты.

Алардын арасында экс-президентти кескин сындагандар да, азыркы президентти коррупцияга каршы күрөштү шек жаратпагыдай, принципиалдуу улантууга, жемкорлукка шектүүлөргө тегиз укуктук баа берүүгө чакыргандар да бар.

Атамбаевдин билдирүүсү жана ага каршы пикирлер

Мурдагы президент, КСДП партиясынын төрагасы Алмазбек Атамбаев партиянын мүчөлөрү Сапар Исаков менен Кубанычбек Кулматовду камакка алуу тууралуу чечим коррупция менен күрөшүү эмес деп эсептейт. Бул тууралуу анын бүгүн тараткан билдирүүсүндө айтылат.

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

“Бажыдагы уурулуктун масштабдарын ачып көрсөткөн мамлекеттик ишмерлерди камакка алуу туурасындагы кечээки чечим, бул иш жүзүндө бажы кызматынын көмүскө кардиналы катары белгилүү “Раим миллиондун” бийликтеги достору, колдоочулары тарабынан болуп жаткан өч алуу. Исаковду, Кулматовду эптеп бир шылтоо таап, камоо милдети коюлганын көрүп турам. Алар тергөө тарабынан коюлуп жаткан айыптоолордун негизин түзгөн чечимдерди өз алдынча кабыл алууга ыйгарым укуктары болбогонун расмий түрдө билдирем. КСДПнын жигердүү башка мүчөлөрүн, анын ичинде Жалал-Абад шаарынын экс-мэри С.А. Авазовду жана Жогорку Кеңештин депутаты О.М. Артыкбаевди куугунтукка алууну да негизсиз деп эсептейм. Коррупцияга каршы кызматтын учурдагы директору сыяктуу элпек достору өлкө президенти С.Ш. Жээнбековду опурталдуу жолго түртүп жатышат. Мен ага өзүнө мурун эскерткен элем, ал эми ушул жылдын мартында дагы бир жолу өзүмдүн басма сөз жыйынымда айтканга аргасыз болдум" деп айтылат Атамбаевдин билдирүүсүндө.

Президенттик аппарат Атамбаевдин бул билдирүүсүнө байланыштуу азырынча комментарий бере элек. Бирок айрым саясатчылар буга байланыштуу өз пикирин айтып жатышат. Саясатчы Равшанбек Жээнбеков Атамбаевдин Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Матраимов тууралуу айтканын саясий эки жүздүүлүк катары баалады:

Равшан Жээнбеков.
Равшан Жээнбеков.

- Атамбаевге каршы оппозиция бийликке келсе, анан мурдагы бийликтин өкүлдөрүн жөндөн-жөн эле камай баштаса, анда аны саясий куугунтук же саясий өч алуу десек болот эле. Бирок социал-демократтар партиясындагы адамдар андан кантип өч алат? Бул жерде эч кандай саясий куугунтук же кандайдыр бир өч алуу жок. Эгерде ал киши атаган адам бажы тармагында коррупция жасап жаткан болсо, алты-жети жыл бою жогорку бийликте отурган Атамбаев эмнеге байкаган эмес? Ал жети жылда "коррупцияны жайладым" деп эле кыйкырып жатпады беле? Атамбаев президент болуп турганда эмне үчүн ошол бажыдагы, салыктагы коррупцияны, Бишкек ЖЭБинин долбоорун ишке ашыруудагы коррупциянын бетин ачкан жок? Эгерде ошол кезде анын өзүнүн командасынын арасынан коррупцияга шектүү катары камалса, анда анын бүгүн айткан сөзүнө ишенет элек. Ошондуктан анын азыр айтып жатканы бери эле дегенде эки жүздүүлүк.

Камалгандардын чыры, качкандардын сыры

Ошентсе да саясий чөйрөдө жана талдоочулар арасында коррупцияга байланыштуу аттары аталган кишилердин баары камалбай, айрымдары качып кеткени сынга кабылууда. ​Айрыкча "мурдагы биринчи вице-премьер-министр, Жогорку Кеңештин депутаты Аскарбек Шадиевдин өлкөдөн качып кеткени кийинки бийликтин беделине көлөкө түшүрдү" деген пикирлер арбын.

"Бийликтин кайсы бир кызыкчылыгы бар тарабы депутатты атайылап качырып жибериши мүмкүн" деп, аны Шадиевдин энергетика министри кезинде ишке ашкан "Датка", "Датка-Кемин" сыяктуу ири долбоорлорго байланыштырып күмөн санагандар бар.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев Шадиевди качыруу ошол илинчектерди жашырып калууга жардам бериши мүмкүн экенин айтты:

Кеңешбек Дүйшөбаев.
Кеңешбек Дүйшөбаев.

- Шадиевдин банк эсебинен 7 миллион доллар накталай акча чыгып жатат. Бул эмне болгон акча? Ага жооп жок. Анын мүлкүнүн эсебин чыгарышканда 2 миллиард долларга жакын экен. Аны каяктан тапты? Анын айланасында текшерүү башталып калганда ал козголгон жана азыр козголо баштаган чуулгандуу иштер боюнча жоопко тартыларын билген. Ошондуктан кардиология борборунан түз эле Баткенге кетип, ал жактан качып жатпайбы. Ага байланыштуу текшерүү жүрүп жаткан соң, УКМК артынан байкоо салышы керек эле. Бирок мекеменин качканын башында жокко чыгарып, бир айдан кийин гана бул тууралуу үн катканы бул маселеде алдын ала сүйлөшүү болгонун тастыктап турат.

Чыныгы күрөштүн жолу каякта?

Мурдагы акыйкатчы Бакыт Аманбаев болсо коррупцияга каршы күрөш кайсы бир аткаминерлерге же саясатчыларга байланбастан, коррупциялык схемаларды толугу менен бузууга байланыштуу болушу керек деп эсептейт.

Бакыт Аманбаев тармактардагы абалды өзгөртүүгө чыныгы кадам ташталууга тийиш экенин айтты:

Бакыт Аманбаев.
Бакыт Аманбаев.

- Иш козгогондо аны бир саясатчыга же аткаминерге байланыштырып козгобостон, бажы, салык же башка бир тармактардагы калыптанган ири коррупциялык схемаларды аныктап, тактап туруп, анан ага байланышы бар кызмат адамдарынын ким экенине карабастан жоопко тарта баштаганда коррупцияга каршы чыныгы күрөштүн жыйынтыгы чыгат. Болбосо бир жетекчини коррупцияга шектүү катары кызматтан алган менен анын ордуна келген башка бир жетекчи ошол мурда калыптанган эле коррупциялык схеманын үстүнө барып отуруп, андан ары чынжырча кайра эле уланып кетип жатпайбы?

Буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков коррупцияга каршы күрөштө дос-тууган сыяктуу жакын адамдарын дагы аябай тургандыгын айткан. Быйыл 8-февралдагы Коопсуздук кеңешинин жыйынында президент Сооронбай Жээнбековдун коррупцияга каршы күрөштү күчөтүүгө байланыштуу баяндамасы анын азыркы командасына карата экс-президент Атамбаевдин нааразы пикирин пайда кылган.

Камалган үзөңгүлөштөр: кезек кимде?
please wait

No media source currently available

0:00 0:35:45 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG