Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:31

Кол тийбестиктен "кол жуудурчу" сунуш


Кыргызстандын Баш мыйзамы. 8-ноябрь, 2016-жыл.
Кыргызстандын Баш мыйзамы. 8-ноябрь, 2016-жыл.

Экс-президентти суракка алууга, үй-жайын тинтүүгө жана жоопко тартууга жол бербей турган анын кол тийбестик укугун жоюу тууралуу сунуш түштү.

Экс-президенттин кол тийбестик укугун алып салууга жол бере турган укуктук ченемди "Президенттин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү катары киргизүү тууралуу демилге көтөрүлдү. Парламент депутаттары иштеп чыккан тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Ошол эле учурда Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев экс-президенттин чексиз кол тийбестик укугун алып салуу маселеси референдум аркылуу чечилиши абзел экенин билдирди.

Чексиз кол тийбестик маселесин чечүүнүн жолу

Азыркы Баш мыйзамда президент Конституциянын, адам укуктарынын жана эркиндигинин кепилдиги болуп эсептелбейт. Ошого жараша анын кол тийбестигинин деңгээли да төмөндөгөн. Бирок 2003-жылдагы Баш мыйзамдын 53-беренесине экс-президенттин чексиз кол тийбестик укугу кирип, кийин ошол эле ченем "Президенттин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө" мыйзамдын 12-беренесинде көрсөтүлгөн. Баш мыйзамдагы ал укуктук ченем 2006-жылы эле алынып ташталганы белгилүү болду. Бирок ал мыйзамда кала берген. Парламент депутаттары Исхак Масалиев менен Курманкул Зулушев экс-президенттин чексиз кол тийбестик укугун азайтып, аны депутаттыкы менен теңдештирүүнү караган мыйзамдык өзгөртүүлөрдү иштеп чыгышты. Мыйзам долбоорунун авторлорунун бири Курманкул Зулушев бул тууралуу мындай дейт:

Курманкул Зулушев.
Курманкул Зулушев.

- Бул мыйзам 2003-жылы кабыл алынып, бирок ошол бойдон өзгөрүүсүз калып кеткен. Ал кезде ошол мыйзамга шайкеш Баш мыйзам иштеп турган. Кийин Баш мыйзам бир нече жолу өзгөрүп, жанагы кол тийбестик кепилдиктери алынып ташталган. Учурдагы Баш мыйзамда чексиз кол тийбестиктин кепилдиктери жок. Ошондуктан бул мыйзам азыркы Баш мыйзамга шайкеш келтирилиши керек. Баш мыйзамдын 67-беренесинде "экс-президенттин макамы мыйзам менен аныкталат" деп турат. Бирок "Президенттин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө" мыйзамдын 12-беренесинде экс-президенттин кол тийбестиги мурдагы Баш мыйзамдын редакциясы боюнча калып кеткен. Ошону азыр биз кыскартып, аны депутаттардын кол тийбестигине теңейли деп сунуш кылып жатабыз.

Эски долбоор эске түшкөндө

2010-жылы 27-июнда жаңы Баш мыйзам кабыл алынганда да андагы президенттин ыйгарым укуктары жана артыкчылыктары бир топ азайган. Ошого байланыштуу бир катар мыйзамдарды Баш мыйзамга ылайык келтирүү иштери 2011-жылы башталган. Анда 2011-жылы жана кийин 2015-жылы "Президенттин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөр сунушталган болчу. Мыйзам долбоорунда экс-президентти суракка алууга, тинтүүгө жана жоопко тартууга жол бербей турган 12-берене жоюлган. Конституциялык палатанын мурдагы мүчөсү, юрист Клара Сооронкулова парламент азыр жаңы мыйзам долбоорун иштеп чыгып отурбай эле мыйзамдагы ошол 12-беренени жокко чыгарган укуктук ченемди кабыл алышы зарыл деп эсептейт:

Клара Сооронкулова.
Клара Сооронкулова.

- Юстиция министрлиги 12-беренени жоюу жагы каралып, "экс-президентте чексиз кол тийбестик болбошу керек" деген мыйзам долбоорун эки сыйра иштеп чыккан. Бирок ал долбоорлор талкууланып келе жатып эле, колдоого алынган жок. Ал кезде анын эмне себептен колдоо таппай калганы түшүнүктүү да. Баш мыйзамдын өзүндө "Конституцияга шайкеш келбеген укуктук ченемдер колдонулбасын" деп турат. Биз мыйзамды колдоно албагандыктан аны юридикалык жактан жокко чыгарышыбыз зарыл. Ошондуктан азыркы парламент жаңы мыйзам долбоорун иштеп чыгып отурбастан эле, Баш мыйзамга шайкеш келтирүү боюнча ошол мурда иштелип чыгып, сунушталган мыйзам долбоорун кайра карап чыгып, бекитсе болот. Ошондо экс-президенттин чексиз кол тийбестиги болбой калат.

Анткен менен Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев "парламент менен президент экс-президентти чексиз кол тийбестик укугунан ажыратуу маселесин чечүүгө акысы жок" деген пикирин билдирди. Анын айтымында, кылдат мамилени талап кылган бул маселе жалпы элдик референдумга коюлса туура болот.

Дамир Сагынбаев.
Дамир Сагынбаев.

- Мен Коопсуздук кеңешинин мүчөсү катары бул маселе кошумча иштеп чыгууга муктаж эмес деп ойлойм. Ошого жараша, эгерде андай чечим кабыл алына турган болсо, анда бул демилгени жалпы элдик талкууга чыгаруу зарыл. Бул 120 депутат тарабынан же бир эле президент тарабынан гана чечилбеши керек. Бул маселе жалпы элдик референдум аркылуу чечилиши кажет.

Кол тийбестик коргой албаган жагдай

Ошол эле учурда экс-президенттердин чексиз кол тийбестик укугу дүйнөнүн авторитардык мамлекеттеринде гана калганын айткан эл аралык укук боюнча адистер азыркы мыйзам деле экс-президенттин кылмышы тергөөдө далилденсе, аны жоопко тартууга жол берерин айтышууда. Юрист жана саясатчы Равшанбек Жээнбеков экс-президенттин кылмышы далилденсе, аны кол тийбестик коргой албай тургандыгын айтты:

Равшан Жээнбеков.
Равшан Жээнбеков.

- Экс-президент Атамбаевди азыр коррупциялык иштерден, бийликти узурпациялаган аракеттеринен сактай турган чексиз кол тийбестик укугу жок. Атамбаевди мыйзам боюнча жоопко тартууга толугу менен укуктук мүмкүнчүлүктөр бар. Азыр мына насыялар, Бишкек ЖЭБи, Батукаев, соттордун ишине кийлигишүү, саясий куугунтук уюштуруу сыяктуу чуулгандуу иштер чыгып жатат. Ошонун баарын тергөөчүлөр топтоп, иликтеп чыгып, анын күнөөсү тергөөдө далилденсе, анда аны суракка чакырып, жоопко тартууга эмнеге болбосун? Ошондо ал суракка келип, көрсөтмө бербей койгонго моралдык да, саясий да укугу калбай калат. Берилген суроолорго жооп берүүгө туура келет.

Эске сала кетсек, буга чейин экс-президент Алмазбек Атамбаев өзү деле мыйзам астында абийири таза экенин айтып, эч кандай кол тийбестикке жамынбастан жана ар кандай суроолорго жооп берүүгө даяр экенин айткан болчу.

"Президенттин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө" мыйзамга жалпысынан он бир пункттан турган өзгөртүү киргизүү сунушталууда. Анда президенттин жубайын жана жашы жете элек үй-бүлө мүчөлөрүн күзөтүүгө байланышкан айрым артыкчылыктары менен жеңилдиктери гана калып, аларды толук мамлекеттик медициналык камсыздоодон ажыратуу жагы да каралган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG