Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:21

Текебаев: Атамбаевди жалпы негизде жоопкерчиликке тартса болот


Өмүрбек Текебаев. 15-сентябрь, 2015-жыл.
Өмүрбек Текебаев. 15-сентябрь, 2015-жыл.

“Ата Мекен” партиясынын абактагы лидери, 2010-жылы кабыл алынган Конституциянын негизги автору Өмүрбек Текебаев бул тууралуу бүгүн “24.kg” агенттигинде жарыяланган маегинде билдирип, “экс-президенттердин макамы” деген түшүнүккө кеңири түшүндүрмө берген.

Өмүрбек Текебаевдин айтымында, “эгер экс-президент Алмазбек Атамбаевди кылмыш же башка жоопкерчиликке тартуу зарылчылыгы келип чыкса укук коргоо жана сот органдары эч кандай артыкчылыксыз, жалпы негизде аракеттениши керек".

Текебаев ошондой эле эгер “мыйзам нормаларында карама-каршылыктар чыкса, Конституция жетекчиликке алынарын эске салып, “Кыргыз Республикасынын президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндөгү” 2003-жылкы мыйзамдын экс-президенттин кол тийбестиги тууралуу жобосу 2006-жылдан тартып иштебей тургандыгын" айткан жана бул 2010-жылдагы бүткүл элдик добуш берүү аркылуу ырасталганын белгилеген.

“Ата Мекендин” абактагы лидери ошондой эле өз түшүндүрмөсүндө Кыргызстанда кээ бир кызмат адамдары үчүн аларды кылмыш жоопкерчилигине тартуунун атайын тартиби каралганын, бирок экс-президент үчүн мындай татаалдаштырылган тартип жок экенин баса көрсөтөт.

Бишкек ЖЭБи боюнча депутаттык комиссиянын корутундусу угулганда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестик макамынан ажыратуу боюнча Жогорку Кеңештин “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын депутаты Исках Масалиев эки жолу демилге көтөргөн.

Парламент корутундуну талкуулоодон кийин кабыл алган токтомго “экс- президенттер оор жана өтө оор кылмышка байланыштуу шек саналган учурда алардын кол тийбестигин алуу боюнча механизмдерди иштеп чыгуу” деген сунуш да киргизилген.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев өзү бул демилгеге азырынча комментарий бере элек. (UE)

XS
SM
MD
LG