Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:01

Апта: Ибраимовду "кармоо операциясы"


Узап бараткан аптанын урунттуу окуяларына сереп.

Президент Сооронбай Жээнбеков "Биз жарандык коом менен иштөөгө, өнөктөш болууга даярбыз, ачыкпыз" деп, өлкөдө күчтүү жарандык коом калыптанганын, андагы актвисттердин ордун жогору баалады.

Мамлекет башчы бул күрөштө "жалаң эле мамлекеттик органдардын күчү менен ийгиликке жетүү мүмкүн эмес. Жарандык коомдун көмөгү керек, биргелешкен иш керек" - деп бейөкмөт уюмдарды өнөктөштүккө үндөдү.

“Сөз эркиндигин коргоо комитетинин” өкүлү, экс-депутат Равшан Жээнбековдун айтымында, жолугушууга барган 40 адамдын 30у сот жана укуктук маселелерге байланыштуу көйгөйлөрдү белгилешкен. Алар адам укуктарынын бузулушу, сөз, саясий эркиндиктердин чектелип жатканы, соттордун, укук коргоо органдарынын мыйзамды тепсеп, экологиялык нормалардын сакталбай жатканы тууралуу маселелерди көтөрүшкөн.

“Өкмөттүк эмес жана коммерциялык эмес” уюмдар ассоциациясынын жетекчиси Токтайым Үмөталиева президент Жээнбековду "элдин башын кошуш үчүн саясий мунапыс” жарыялоого чакырганын “Азаттыкка” берген комментарийинде айтты.

"Президенттикке талапкер болгон саясий оппоненттер, оболу азыр сыртта качып жүргөн Өмүрбек Бабанов менен жолугуңуз" дедим. Молдомуса Конгантиевдин иши токтоду. "Анын ишин саясий негизде камакка алынган жигиттердин, маселен, Текебаевдин ишине салыштырсак асман менен жердей. Анда ошолордун иши дароо токтотулушу керек болчу" дедим. Абакта жаткандардын бири дагы "ырайым сурабайт”деген укук коргоочу “саясий мунапыс” жөнүндө кайрылуусун эл аралык уюмдарга да жөнөткөнүн кошумчалады.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Бабанов былтыркы президенттик шайлоодо Жээнбековдун башкы атаандашы болуп, добуш топтогон. Шайлоодон кийин ага “мамлекеттик бийликти кулатууга аракеттенген” деген оор айыптар тагылып, өзү өлкөдөн чыгып кеткен.

"Ата Мекен" партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Текебаев "Коррупция" беренеси менен айыпталып, сегиз жылга эркинен ажыратылган. Азыр ал түрмөдө жазасын өтөп жатат.

Мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиев 2010-жылкы кан төгүүгө “себепкер болгон" деп айыпталган. Жакында анын сегиз жылдан бери токтоп турган кылмыш иши сотко жетпей жабылды. Экс-министрдин Жээнбековдун президенттикке шайлоодо жигердүү тарапкерлеринин бири болгону коомчулукта ар кандай талкуу жараткан.

Төлөкан Исмаилова.
Төлөкан Исмаилова.

"Бир дүйнө - Кыргызстан" укук коргоо кыймылынын жетекчиси Төлөкан Исмаилова жарандык коомдо президентке чоң үмүт байлап турганын айтты. “Биз бул адамга ишенебиз. Кичине бир ишенкиребеген нерсе - бул анын чөйрөсү» - деген укук коргоочу президенттин командасындагымурунку системада иштеген адамдарга анча ишене албай жатабыз” деген оюн кошумчалады.

"Коомдук анализ институтунун" жетекчиси, укук коргоочу Рита Карасартова жолугушууда Улуттук коопсуздук комитетин реформалоо маселесин көтөрүп, Коррупцияга каршы кызматты бул мекемеден чыгарууну сунуш кылды. Бирок мамлекет башчы сунушту колдогон жок. “Президентке бул "курал" жагып жатат окшойт. Так ушул "курал" президентке башка бийлик бутактарын өзүнө баш ийдирип алганга мүмкүнчүлүк берет” – деген активист муну менен бийлик бутактарындагы тең салмактуулук “бузулуп жатат” деп түшүндүрөт.

Президент жарандык коом менен жолугушту
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:53 0:00

Саясий аналитик Табылды Акеровдун пикиринде президент Жээнбеков активисттерди коррупцияга каршы чогуу күрөшүүгө чакырып, алардын толук колдоосуна ээ болду. “Жарандык коом дагы бийликтин эркин көрсөтүп, коррупцияга каршы күрөшүп жатканына ынанып, өздөрү дагы ал жаранга катышууга кызыкдар экенинин белгиси. Мен дагы алардын таасирлерин, реакциясын карап, сөздөрүн угуп чыктым. Бирөөнүн дагы сындап, “жакпай калды” дегенин окуган жокмун. Баары тең позитивдүү маанайда экени байкалат” – деди Акеров “Азаттыкка” берген комментарийинде.

Мурунку президенттердин тушунда дагы жарандык коом өкүлдөрү менен жолугушуулар маал-маалы менен өтүп турган. Бирок Акаев менен Бакиевдин үй-бүлөлүк башкарууга жол бергенин, демократиялык принциптерди бузуп жатканын бейөкмөт уюмдар эскертип чыкканда, алардын айрымдары бийликтин куугунтугуна кабылганы белгилүү. Экс-президент Атамбаев болсо бийлик мөөнөтү аяктап баратканда укук коргоочулар менен журналисттерди сотко берип, миллиондогон сом айыпка жыкканы менен эсте калды.

Ибраимовду "кармоо операциясы" кандай болгон?

19-июлда Улуттук коопсуздук комитети Бишкек шаарынын мурдагы мэри Албек Ибраимовду кылмышка шектүү катары кармап, Биринчи май райондук соту 29-августка чейин камакта калтырган чечим чыгарды.

Жума күнү Чүйдүн Арашан айылындагы маданият үйүнө чогулган мурдагы шаар башчынын тарапкерлери жыйын өткөрүп, Ибраимовду коргоо комитетин түзүштү. Он кишиден турган комитеттин мүчөсү Жагаш Өмүркулов УКМК кызматкерлеринин Ибраимовду күчкө салып кармап кеткенин айыптады. “Террористти кармагандай кылып беткапчандар келип алып кеткени туура эмес. Себеби Албек эч жакка качкан эмес, өзүнүн үйүндө отуруп, ар бир суроого жооп берип аткан. Бул иштер туура эмес» - деди Арашанга барган «Азаттыктын» кабарчысына.

Айылдагы жыйында "Албек Ибраимовдун үйүнүн күзөтчүсүмүн" деген Азат Көбөков аттуу жаран куралчан адамдар мурунку мэрдин үйүнө кирип келишип, аларды сабап, видео көзөмөл тасмаларын алып кеткенин айтты. “Тосмону талкалап киришкен. Кароолчу болуп жашы элүүдөн ашып калган атам турчу. Аны тепкичтен сүйрөп түшүп, бурчка байлап коюшуптур. Атамды “сүйлөбө” деп коркутуп койгон окшойт. Биз ары жакта ишибизди кылып атканбыз. Келип бизди да тээп, уруп-чаба башташты. Биз бешөөбүз алар эмнеге келгенин түшүнбөй калдык. Отузга жакын беткапчан, куралданган кишилер болчу» - деп окуяны айылдаштарына айтып берди.

УКМК Ибраимов эмнеге кармалганын түшүндүрдү
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:18 0:00

Бишкек шаарынын мурдагы мэринин ондогон гектер жери менен курчалган үйү Арашан айылынын четинде турат. Күндүзгү саат бир чамасында Ибаримовдун үйүнүн тегерегинде телефон байланышы өчүп калган. Үйдүн кароолчулары дагы рация иштебей калганын байкашкан. Ошол маалда атайын кызматтын ыкчам тобу үйдүн короосуна кирип барып, кароолчуларды "былк" эттирбей кармашкан. Андан кийин үйдүн ичинен Ибраимовду алып чыгып, машинеге салып кетишкен.

Жума күнкү жыйынга чогулгандар Ибраимов негизсиз камалганын айтып, азыркы бийликти кескин сындашты. Алар массалык маалымат каражаттарында чыккан айылдагы 30 гектар жерди мурдагы мэр жергиликтүү тургундардан мыйзамдуу түрдө сатып алганын белгилешип, Ибраимовду атайын каралоо жүрүп жатканына нааразы болушту.

Азырынча арашандыктардын мындай нааразылыгына бийлик органдары комментарий бере элек. Жыйынга катышкан Аламүдүн районунун акими Алтынбек Намазалиев элдин талабын бийликке жеткирүүгө убада берди.

Улуттук коопсуздук комитети тараткан билдирүүдө "Ибраимовду кармоо учурунда ок атуучу курал же атайын каражаттар колдонулган жок. Ал жердегилердин бири да УКМКнын кызматкерлерине кандайдыр бир каршылык көрсөтүүгө үлгүргөн эмес. Сакчылардан алынган курал кайра өздөрүнө кайтарылып берилди” деп айтылат. Ошондой эле Ибраимовдун "курал колдоном" деп айтканы, жакынкы айылдардын элинин артына жашынууга аракет кылганы анык” деп белгиленет билдирүүдө.

Укук коргоо органдарынын маалыматына караганда, Ибраимов “Дастан” ишканасынын жетекчиси болуп турганда 270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган, Ысык-Көлдөгү “Күнөстүү жээк” пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтирилген жана Бишкектин түштүк четинде беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар деп шек саналууда.

6-июлда Ибраимовдун биринчи орун басары Ренат Макенов менен мэриянын Жер ресурстары башкармалыгынын башчысы Урмат Мурзакановду УКМК жер мыйзамдарынын бузулушуна байланыштуу козголгон иштин алкагында камакка алган.

Бейшембиде Социал-демократтар партиясы лидери Алмазбек Атамбаевдин атынан тараткан билдирүүдө "Сапар Исаков менен Кубанычбек Кулматовдун ишинде чындык эске алынбай жатканын көрүп, мен Албек Ибраимовго карата тергөөдө да объективдүүлүк болоруна ишене албайм". “Дастан” ишканасына “миллиондогон киреше” алып келгени үчүн Албек Ибраимовду “кантип айыптоого болорун түшүнүш кыйын" деп айтылат Социал-демократтардын билдирүүсүндө.

Өткөн аптада Бишкек шаардык кеңеши Ибраимовго ишеним көрсөтпөө тууралуу чечим кабыл алган. Эмгек өргүүсүнө чыгып кеткен шаар башчы мындай чечимди "саясий буюртма" деп сыпаттаган эле.

51 жаштагы Албек Ибраимов 1997-жылдан бери экс-президент Алмазбек Атамбаевдин үзөңгүлөштөрүнүн бири. Атамбаев “Кыргызавтомашты” башкарып турганда Ибраимов бөлүм башчы, коммерциялык директор болуп иштеген. Ал эми Атамбаев соода, өнөр жай жана туризм министри болуп турганда Ибраимов анын кеңешчиси болгон.

2010-жылы бийлик алмашкандан кийин “Бишкек” эркин экономикалык аймактын башчылыгына барган. Бир жылдан кийин эле “Дастан” ишканасынын жетекчиси болуп дайындалган. 2012-жылы президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары болуп иштеген.

Ибраимов 2013-2016-жылдары эл аралык “Манас” аба майданын жетектеген. Бишкек шаарынын мэрлигине 2016-жылы февралда шайланган.

Трамп – Путин жолугушуусу: мактоо аз, сын арбын

Дүйшөмбүдө Хелсинкиде АКШнын президенти Дональд Трамп менен Орусиянын лидери Владимир Путиндин көптөн бери күтүлгөн жолугушуусу өттү. Сүйлөшүү бүткөндөн кийинки басма сөз жыйынында лидерлер АКШ - Орусия ортосунда сууп кеткен мамилени жандантуу үчүн "алгачкы кадамдар" жасалганын белгилешти.

Сүйлөшүүдө Орусиянын Америкадагы президенттик шайлоого кийлигишүүсү, Украина менен Сириядагы жаңжалдар, дүйнөдө өзөктүк куралды кыскартуу, соода жана башка маселелер талкууланды.

Трамп эки держава ортосундагы "конструктивдүү диалог – дүйнөдө тынчтыкты жана туруктуулукту камсыздоонун жолдорун табуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүк" деп билдирди.

Трамп жана Путин Хельсинкидеги басма сөз жыйында. 16-июль, 2018-жыл.
Трамп жана Путин Хельсинкидеги басма сөз жыйында. 16-июль, 2018-жыл.

"Тынчтыкка жетүү үчүн мен саясий тобокелдикке барууга даярмын. Саясат үчүн тынчтыкты тобокелге салбаймын” – деген Трамп кайда болбосун “Америка жана америкалыктардын пайдасын гана көздөөрүн” баса белгиледи. “Президент Путин менен жолукканда Орусиянын биздин шайлоого кийлигишкени тууралуу суроону койдум" – деди америкалык лидер дүйшөмбүдө журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып.

Путин Хелсинкидеги жолугушууну "ийгиликтүү жана пайдалуу" болду деп баалап, АКШдагы 2016-жылкы шайлоого Орусия "эч кандай кийлигишкен эмес" деген сөзүн кайра кайталады. Ал шайлоодо Трамптын жеңишин каалаганын, анткени Республикачылардын талапкери Орусия менен алаканы оңдоо ниетин билдиргенин жүйө келтирди.

Хелсинкидеги жолугушуунун жуп алдында, өткөн жуманын этегинде АКШнын Башкы прокуратурасы Орусиянын башкы аскерий чалгын мекемеси - ГРУнун он эки офицерине расмий айып коюлганын жарыялаган. Алар атайын прокурор Роберт Мюллер жетектеген иликтөөнүн алкагында, 2016-жылы Демократиялык партиянын компьютерлик түйүндөрүн "хакерлик жол менен бузууга аралашкан" деп айыпталган.

Трамп-Путин жолугушуусу
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:53 0:00

Хелсинкидеги жолугушуу аяктаар замат АКШда саясатчылар менен эксперттер Трамптын айткандарын айыптап, айрымдары аны "сөзгө сынды" деп чыгышты.

Таасирдүү сенатор-республикачыл Жон Маккейн “Тарыхта Хелсинкидеги басма сөз жыйынындагыдай америкалык президенттер “сөзгө сөлтүк болгон” эмес. Трамптын баёолугунан, өзүн ашкере баалагандыгынан жана авторитардык лидерлерди жактырганынан [америкалыктар] ченемсиз зыян тартты” деп айыптады.

Сенаттагы демократтардын лидери Чак Шумер Хелсинкидеги саммит аяктары менен Конгрессте билдирүү жасады. “Америка өз тарыхында президент Трамптын президент Путинди колдоп, жан тартканындай мамлекет башчыны көргөн эмес. Кошмо Штаттардын лидери президент Путин менен бирге туруп, Американын укук коргоо органдарына, америкалык коргонуу кызматтарына, чалгын агенттиктерине каршы болгону – акылсыз, кооптуу жана чабал экенин көрсөткөнү" - деп баалады.

АКШнын Улуттук чалгын кызматынын жетекчиси Дэн Коутстун билдирүүсүндө “2016-жылкы шайлоого орусиялыктардын кийлигишкени жана Орусиянын биздин демократияны алсыздандыруу үчүн талбаган аракети уланып жатканына так-таамай баа айтылат деп күткөнбүз” деп айтылат.

АКШ – Орусия мамилесиндеги Вашингтон үчүн эң талылуу маселелерге президент Трамп бир күндөн кийин түшүндүрмө берип, тактоо киргизүүгө аргасыз болду. “Мен биздин чалгын жамаатынын "Орусия 2016-жылдагы шайлоого кийлигишкен" деген бүтүмүнө макулмун”- деп Хелсиндидеги сөзүн кайра алгандай болду. “Мен чындап эле Хелсинкиде айткан жообумду дагы бир сыйра карап көрдүм, ага тактык киргизүү зарыл экенин түшүндүм. Ал жердеги чечүүчү сүйлөмдө “Бул эмне үчүн Орусия эмес экенинин эч себебин көрбөй турам”, - демекмин, анын орунда “Бул эмне үчүн Орусия экендигинин эч себебин көрбөй турам” деп айтылып кеткен, - деди Трамп 17-июлда Ак үйгө чогулган журналисттерге.

Ошол эле маалда АКШ президенти 2016-жылдагы шайлоодо анын штабы менен Орусиянын ортосунда эч кандай келишүү болбогонун кайра кайталады. Быйыл күздө Конгресске болчу шайлоого кийлигишүү аракеттери жасалса, Вашингтон администрациясы “агрессивдүү жооп” кайтарарын кошумчалады.

Хелсинкидеги кездешүүдө Трамп Москванын шайлоого кийлигишүүсү тууралуу маселе көтөргөндө Путин аны “бекем жана ишенимдүү” четке какканын билдирген.

Бейшембиде Ак үйдүн өкүлү Сара Сандерс Трамп Путинди быйыл күздө Вашингтонго чакыруу ишин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчи Жон Болтонго тапшырганын, талкуулар жүрүп жатканын кабарлады.

Трамп "Твиттердеги" баракчасында Хелсинкиде апта башында өткөн саммитти “чоң ийгилик” деп баалап, анда сөз болгон айрым идеяларды талкуулаш үчүн “биздин экинчи жолугушууну чыдамсыздык менен күтөм” деп жазды.

Ушул эле күнү Москвадан президент Путин да Трамп менен жолугушуусун “абдан ийгиликтүү” деп сыпаттады. Орусиялык лидер АКШда айрым бир күчтөр Москва менен Вашингтондун мамилесин өз кызыкчылыгы үчүн “садага чабууну көздөйт” деп эсептээрин билдирди.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG