Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:08

Трамп менен Путин кездешүүсүн “ийгиликтүү” деп аташты


Трамп менен Путин Хелсинкидеги басма сөз жыйынында. 16-июль, 2018-жыл.
Трамп менен Путин Хелсинкидеги басма сөз жыйынында. 16-июль, 2018-жыл.

АКШнын президенти Дональд Трамп 19-июлда орус президенти Владимир Путин менен апта башындагы саммитин “чоң ийгилик” деп атады.

Трамп "Твиттердеги" баракчасына ошондой эле Хелсинкидеги кездешүүдө сөз болгон айрым идеяларды талкуулаш үчүн “биздин экинчи жолугушууну чыдамсыздык менен күтөм” деп да белгилеген.

“Орусия менен болгон саммит, элдин чыныгы душманы фейк-медианы эске албаганда, чоң ийгиликке ээ болду”, деп жазды Трамп.

Бирок Ак үй Трамп менен Путиндин кийинки кездешүүсү же Хелсинкиде жетишилген макулдашуулар тууралуу азырынча эч нерсе айта элек.

Ал арада орус президенти Владимир Путин 18-июлда дипломатиялык корпус менен жолугушууда сүйлөгөн учурда төмөнкүлөргө токтолду:

- Акыр-аягында түз сүйлөшүүгө мүмкүндүк берген толук форматтуу кездешүү болгону мааанилүү. Ал жалпысынан ийгиликтүү өттү, пайдалуу макулдашууларга алып келди. Албетте, окуялар кандай өнүгөрүн көрөбүз. Анын үстүнө Америкадагы белгилүү бир күчтөр Хелсинкидеги жолугушуунун жыйынтыктарын төмөндөтүп жатышат.

Трамп Хелсинкидеги Путин менен кездешүүсүндө Москванын 2016-жылы АКШда өткөн шайлоого кийлигишүүсү боюнча маселе көтөргөндө Путин бул жолу аны “бекем жана ишенимдүү” четке какканын билдирген.

Ал эми биргелешкен басма сөз жыйынында Трамптын бул маселе боюнча АКШнын өзүндө жүрүп жаткан иликтөөлөрдөн күмөн санап, Путиндин сөзүнө ынангандай түр көргөзүшү өз мекенинде анын оппоненттери менен союздаштарынын, медианын кескин сынына, айыптоосуна кабылган эле.

Мындан улам АКШ президентине 17-июлда Ак үйдөн Хелсинкиде шайлоо боюнча айткандарына тактоо киргизүүгө туура келди. (UE)

XS
SM
MD
LG