Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:05

Албек Ибраимов кармалды (видео)


Албек Ибраимов.
Албек Ибраимов.

Бишкектин мэри Албек Ибраимов "Дастан" заводун башкарып турганда мыйзам бузган деп шек саналууда. Ушул эле күнү премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев аны кызматтан бошотуу жөнүндө буйрукка кол койду.

Буга чейин Бишкек шаардык кеңеши Ибраимовго ишеним көрсөтпөө тууралуу чечим кабыл алган. Ал өзү мындай чечимди саясий буюртма катары сыпаттаган эле. Ибраимов мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин эң жакын үзөңгүлөшү катары белгилүү жана ал бийликте турган мезгилде жооптуу кызматтарды аркалаган.

Ибраимов 29-августка чейин камалды

Бишкек шаарынын мурдагы мэри Албек Ибраимов тергөө аяктаганча деп, 29-августка чейин камалды. Биринчи май райондук сотунун судьясы Айбек Эрнис уулу 19-июль күнү кечинде Ибраимовдун бөгөт чарасын карап, ушундай чечим чыгарды.

Мурдагы мэр Ибраимов 29-августка чейин камалды
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:59 0:00

Адвокат Сергей Слесарев соттун чечими мыйзамсыз болгонун, кылмыш ишин козгоого негиз жок экенин белгилеп жатат. Анын айтымында, Ибраимовдун бөгөт чарасын караган соттук жараян учурунда судьяга ишенбөөчүлүк көрсөтүлдү. Бирок сот аны четке какты. Адвокат Сергей Слесарев мурдагы мэрди камакка алган чечимге макул эместиктерин билдирип, шаардык сотко арызданышарын да кошумчалады.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунун имаратынын алдына 50дөй киши Албек Ибраимовдун камалышына нааразылыгын билдирип турушту. Өзүн Ибраимовдун жердешимин деп тааныштырган Анарбек Кошокбеков "иштеген адам камалып, адилеттик болбой жатканын" белгиледи.

Мурдагы мэр күнөөлүү деп шектелген иштер

Бишкектин мэри Албек Ибраимов кармалганын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 19-июлда жарыялады. Комитеттин маалыматы боюнча Ибраимов бир нече кылмыш ишинин алкагында шектүү катары өтүп жатат. Алардын арасында Бишкектин мэри "Дастан" заводунун башкармалыгынын жетекчиси болуп турган учурда кымбат баада жабдыктарды сатып алуу менен 270 миң долларды өз пайдасына жумшоо, ушул эле ишканага караштуу "Күнөстүү жээк" ("Солнечный берег") пансионатын сатуу менен 152 миллион сомго зыян келтирүү жана борбор калааны башкарып турганда 5 гектардан ашык жер тилкесин сатуу боюнча козголгон үч кылмыш иши бар.

УКМК Ибраимов эмнеге кармалганын түшүндүрдү
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:18 0:00

УКМК Албек Ибраимов буга чейин чакырууга баш ийбей, кармоо аракети болсо куралдуу каршылык көрсөтөрүн айтып келгенин да белгиледи.

Учурда Бишкектин мэри УКМКда сурак берип жатат. Жакынкы 48 саат ичинде анын бөгөт чарасын сот аныктамакчы.

Эмгек өргүүсүнөн тергөөгө...

Албек Ибраимовдун камакка алынышы башкы окуяга айланды. Бишкек шаардык кеңеши 13-июлда ага ишеним көрсөтпөө тууралуу чечим кабыл алган. Шаардык депутаттар баш калаанын мэриясында кыйын кырдаал жаралганына карабастан мэр эмгек өргүүсүнө чыгып кеткенин буга расмий себеп катары көрсөтүшкөн.

Чынында эле шаар башчысы 10-июлдан 8-августка чейин эс алууда экени расмий кабарланган. Буга байланыштуу Ибраимовду кызматтан алуу боюнча чечим кабыл алына элек экенин өкмөт да билдирип келген. Ал эми 19-июлда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев аны кызматтан бошотуу жөнүндө буйрукка кол койду.

Бирок Албек Ибраимов өзүнө шаардык кеңештин ишеним көрсөтпөй коюшун жана дегеле акыркы окуяларды саясий буюртма катары мүнөздөгөн болчу:

2017-жыл.
2017-жыл.

"Тилекке каршы, Бишкек шаардык кеңешинде болгон бүгүнкү чечим тууралуу мен кеч кабардар болуп калдым. Анткени мен үч күнгө тоого чыгып кеткен болчумун. Бирок бүгүнкү чыгарылган чечим саясий буюртма деп эсептейм. Бул маселе боюнча кийинчерээк “Фейсбуктан” дагы түз эфирге чыгып, көбүрөөк комментарий берем" деп социалдык тармактагы баракчасына видео жүктөгөн эле.

Бирок Ибраимов кеңири комментарий бербестен, бир жумага жакын анын кайда экени белгисиз болуп турду.

Албек Ибраимовдун айланасында түзүлгөн кырдаал боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаев аны чарбачыл мэр катар сыпаттаган. Ал эми Албек Ибраимов кармалган соң экс-президент дагы бир билдирүү таратып, үзөңгүлөшүнүн иши объективдүү тергелерине ишенбей тургандыгын жарыялады.

"Сапар Исаков менен Кубанычбек Кулматовдун ишинде чындык эске алынбай жатканын көрүп мен Албек Ибраимовго карата тергөөдө да объективдүүлүк болоруна ишене албайм" деп айтылат КСДП тараткан билдирүүдө. Атамбаев ошондой эле "“Дастан” ишканасына көп миллиондогон киреше, ал эми мамлекетке бул ишкананын тарыхындагы алгачкы дивиденддерди алып келген долбоор үчүн Албек Ибраимовду кантип айыптоого болорун түшүнүш кыйын" деп айтканы кабарланды.

"Пансионат боюнча сөз көп болгон"

Ал эми мурдагы премьер-министр Феликс Кулов Бишкек мэринин камалышын эч кандай саясий себеп менен байланыштырбайт:

Феликс Кулов.
Феликс Кулов.

- Аны "саясий негизде кармады" деп эсептегенге эч кандай негиз жок. Себеби, Ибраимовдун дарегине айтылган сын пикирлер абдан көп болчу. Ошол эле жолдорду асфальттоодон баштап, кымбат көчөттөрдү сатып алуу, жер тилкелерин бөлүштүрүү боюнча шаардыктар нааразылыгын айтып келген. Буга кошумча "Дастан" ишканасын жетектеп турган учурдагы шектүү жагдайлар белгилүү болду. Ошондуктан, аны негизсиз камоо деп айтуу туура эмес.

Феликс Кулов Ибраимов ак болсо сот аркылуу далилдеши керек деп эсептейт.

Ал эми Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешев мэрге коюлган айыптарды кылдап иликтеп чыгуу зарыл деген пикирде. Анын айтымында, Ибраимовго карата саясий негизде иш козголгон:

Дастан Бекешев.
Дастан Бекешев.

- "Дастан" заводу, "Күнөстүү жээк" боюнча буга чейин сөз болуп келген. Эки жыл мурун Жогорку Кеңештин депутаттары маселе көтөрүшкөн. Башка иштер боюнча айтпай эле коеюн. Себеби, анда саясий иштер көрүнүп турат. Бирок Ибраимовду кызматтан алуунун тартиби туура эмес болуп калган. Аны чакырбай туруп эле ишеним көрсөтпөө туура эмес болду. Ошондуктан бул жерде так иликтеп чыгыш керек.

Албек Ибраимовго ишеним көрсөтпөө боюнча демилге көтөргөндөрдүн бири, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Рысбай Аматов мэрдин мыйзамсыз иштери тууралуу буга чейин эле шектенүү болгонун айтты:

- Биз ал кишинин камалаары жөнүндө маалыматтар болгону үчүн ага ишеним көрсөтпөө тууралуу демилге көтөргөнбүз. Себеби, Ибраимов менен кошо менин маалыматым боюнча мэриядагы онго жакын адамга кылмыш иши козголушу мүмкүн. Ошондуктан шаар көзөмөлсүз калбасын деп, ишеним көрсөтпөө жолу менен Ибраимовду кетирүүнү сунуш кылганбыз.

Ибраимовдун биринчи орун басары Ренат Макенов менен мэриянын Жер ресурстары башкармалыгынын башчысы Урмат Мурзакановду УКМК 6-июлда жер мыйзамдарынын бузулушуна байланыштуу козголгон иш боюнча камакка алган.

Шаардык кеңеш мэрге ишеним көрсөтпөөнү колдоду
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:51 0:00

51 жаштагы Албек Ибраимов 1997-жылдан бери экс-президент Алмазбек Атамбаев менен жакшы ымалада экени белгилүү. Атамбаев “Кыргызавтомашты” башкарып турганда Ибраимов бөлүм башчы, коммерциялык директор болуп иштеген. Ал эми Атамбаев соода, өнөр жай жана туризм министри болуп турганда Ибраимов анын кеңешчиси болгон.

2010-жылы апрель ыңкылабынан кийин келген Убактылуу өкмөттүн тушунда Ибраимов “Бишкек” эркин экономикалык аймактын башчысы болгон. Бир жылдан кийин эле “Дастан” ишканасынын жетекчиси болуп дайындалган. 2012-жылы президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары болуп иштеген.

Ибраимов 2013-2016-жылдары “Манас” аба майданын жетектеген. Ал Бишкек шаарынын мэри болуп 2016-жылы февралда шайланган.

Албек Ибраимов 2015-жылдагы парламенттик шайлоодо Социал-демократтар партиясынын тизмесинде 42-орунда болгон.

Ибраимов күч түзүмдөрү тарабынан кармалган Атамбаевдин кезектеги үзөңгүлөшү болуп калды. Буга чейин экс-президенттин айланасында жүргөндөрдүн арасынан мурдагы премьер-министр Сапар Исаков, Бишкектин мурдагы мэри Кубанычбек Кулматов Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) оңдоонун айланасындагы кылмыш ишинин алкагында камакка алынган.

"Азаттыктын" архиви: Жаңы мэр Ибраимовдун "изи". 2-март, 2016-жыл
Жаңы мэр Ибраимовдун “изи”
please wait

No media source currently available

0:00 0:26:24 0:00
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG