Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:09

Мэрдин отчетун оппозиция жактырган жок


Албек Ибраимов
Албек Ибраимов

Бишкек шаардык кеңешинин оппозициядагы "Республика - Ата Журт" фракциясы мэр Албек Ибраимовдун отчетун угуп, "канааттандырарлык эмес" деп тапты.

Анда негизги талкуу жол куруу жана анын сапаты, курулуш, жер сатуу, кымбат көчөттөр жана Ош базарындагы кайталанган өрт тууралуу болду. Шаар башчы муну "саясий буюртма" деп баалады.

Бишкек шаардык кеңешинин оппозициядагы "Республика - Ата Журт" фракциясы мэр Албек Ибраимовдун отчетун анын орун басарлары, мэриянын башка кызматкерлери жок жалгыз укту. Фракция мүчөлөрү мэрди гана чакырышканын айтып, башкалардын залдан чыгышын суранышты.

Мэр мыйзамда жана регламентте "фракцияга отчет берүү" деген түшүнүк жок экенин, фракция мыйзамды бузуп жатканын, бирок отчет берүүдөн качпай турганын айтты. Ал мектептерди, маданий жайларды, жолдорду оңдоо иштери жүрүп жатканын белгилеп, быйыл Бишкекте план боюнча 100 көчө оңдолорун кошумчалады.

Шаардык кеңештин мурдагы төрагасы, сөз болуп жаткан фракциянын мүчөсү Канатбек Мүзүралиев кийинки убакта шаар тургундарынын нааразылыгы күчөп жатканын айтты.

- Шаардын ичинде элдин нааразылыгы күчөп жатат. Биз жетпеген жерде эл жүрөт, баарын көрүп, айтып жатышат. "Азыр жолду жаптыңар, бир жумадан бери иш жүрбөйт, жолдо тыгын көбөйдү" деп жатышат. Кытай гранты менен салынып жаткан жолдор эмнеге кайра бузулуп жатат? Алар эмнеге баланска алынган жок? 9 миң сомдук көчөттөр, кыйылган бактар туурасында нааразылык көп.

Мэрдин отчетун угуу "Албек Ибраимов кызматтан кетеби?" деген талкуу жүрүп жаткан учурга туура келди. Буга чейин социалдык тармактарда "мэр кызматын тапшырууга арыз жазганы, шаардын 140 жылдык майрамы өткөндөн кийин иштен кетери" тууралуу такталбаган маалымат тараган.

Бирок мэриянын басма сөз кызматы бул кабар чындыкка коошпосун билдирген. Антсе да мэр Албек Ибраимов буга чейин мөөнөтүнөн мурда кеткен мэрлердин тагдырын эске салды:

- Бир убаданы аткарганга чейин эле силер ишеним көрсөтпөй же бийлик алмашып, ал кишилер жок болуп кетип жатат. Мени да ошондой тагдыр күтүп тургандай сезилет. Себеби бүгүнкү айткан сөз менен иш аткарылганча убакыт керек.

Бишкекте гектарлаган жер тилкелери беш жылдык мөөнөт менен ижарага берилип жатканын Жогорку Кеңештеги оппозициячыл азчылык өкмөттүн отчетун карап жатканда бир нече депутат айтып чыккан.

Жабылган жолдор, тыгында калган эл

Жол оңдоо: эл тыгындан тажады
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:10 0:00

Алар баш калаадагы эң кымбат мүлккө айланган жер тилкелери мыйзамсыз ижарага берилип, аларга көп кабаттуу имараттар курулуп жатканына көңүл бурушкан. Албек Ибраимов бул боюнча жооп берди:

- Ал жерлерди мен да издеп тапкан жокмун. Кайсы жерде экенин дарегин айтпаса да багытын айтып койсо, ошол жакка барып издейт элем. Коомчулук ошондойго бат ишенет экен. Туруп-туруп эле "мэр 84 гектар жерди сатып жибериптир" дешип...

Жыйынтыгында фракция мэрдин бир жылдык ишине канааттанган жок. Депутаттардын бири Жусупбек Коргонбай уулу шаардагы базарлар, майда соода жайлардын кайра пайда болушу жөнүндө кеп кылып, алар менен кимдир бирөө үлүштө отурарын айтып, мэрияны сынга алды:

- Таштандыны кайра иштетүү боюнча мурдагы мэрлер убада берип, аткарган эмес, сиз иштеп жатканда да рекультивация боюнча бир да жумуштун аткарылганын көрбөдүм.

Депутат "мындай чечимге өзгөчө Ош базарындагы өрт боюнча эч ким жоопкерчиликке тартылбаганы да себеп болду" деп билдирди. Шаардын жетекчиси фракциянын чечимин "саясий буюртма" катары баалады.

Бишкек мэринин беш убадасы

Ал арада жарандык активисттер "мэр алгач шайланып жатканда берген убадаларын аткарган жок" деп сындап жатышат.​

Албек Ибраимов негизги беш маселени чечүүгө убада берген. Биринчи - бюджеттик саясатты, өзгөчө киреше бөлүгүн күчөтүү, экинчи - Бишкекти таза, коопсуз жана эркин адамдардын шаарына кошуу, үчүнчү - "Коопсуз шаар" программасынын алкагында жол тыгындарын азайтуу, төртүнчү - Бишкектин дүйнөлүк аренадагы аброюн көтөрүү, бешинчи - коррупция менен күрөш.

"Эркин эл" партиясынын жетекчиси Мавлян Аскарбеков жолго ири суммада гранттар келгени менен анын алты айга жетпей эле талкаланып жатканын, шаардагы бак-дарактардын кыйылышын жана жаңы отургузулган кымбат көчөттөрдүн канчасы өнүп же өнбөгөнү талданбай жатканын сындады.

Мавлян Аскарбеков.
Мавлян Аскарбеков.

- Албек Ибраимовду шаардын мэрлигине бир адамдын каалоосу менен алып келишкен. Шаардын маселелерин көтөрүп жүрүп, шаардыктардын колдоосу менен келген эмес. Жолдогу тыгын көйгөйү чечилген жок. "Маршруткаларды токтотуп, автобус, троллейбусту көбөйтүп, шаарды тазалайбыз" деген. Үч жыл мурда кичи автобустар кандай жүрсө, азыр да ошондой эле жүрөт. Кырсыктар азайган жок.

Албек Ибраимов Бишкек шаарынын мэри болуп адегенде 2016-жылы февралда, кийин 2017-жылы 11-январда экинчи мөөнөткө шайланган.
Буга чейин "Кыргызавтомаш" заводу, Бишкек эркин экономикалык аймагы, "Дастан" заводу, "Манас" аэропорту сыяктуу ишканаларды жетектеп келген Ибраимов мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин чарбалык иштерин бүтүргөн жакын адамы катары да сыпатталып келет.

Анын аты экс-президент Атамбаевдин Кой-Таш айылында салган үйүнө байланыштуу аталган. Анда жер Максим Бакиевге таандык фирманын колунда болгону, апрель ыңкылабынан кийин кайсы бир себептер менен улутташтырылбай калганы, ал жерди азыркы мэр Албек Ибраимовдун жубайы сатып алганы, анан кайра эле Атамбаевге сатканы тууралуу маалыматтар тараган.

"Республика - Ата Журт" фракциясы мэрдин отчетун караганы жаткан учур.
"Республика - Ата Журт" фракциясы мэрдин отчетун караганы жаткан учур.

Кийин Башкы көзөмөлдөөчү орган Албек Ибраимов менен Алмазбек Атамбаевдин ортосундагы жерди алуу-сатуу иштери "мыйзамдуу болгон" деген бүтүм чыгарган.

Бишкек шаарында жолду оңдоо жана кеңейтүү иштерине байланыштуу ондогон бак-дарактар кыйылып, Албек Ибраимовдун дарегине сындар айтылган.

Соңку кезде кызуу талкууга алынып жаткан 9 миң сомдон бааланган көчөттөр боюнча да мэрдин түшүндүрмө беришин талап кылгандар бар.

Тогуз миң сомдук көчөттөр

Мэрия тогуз миң сомдук көчөттү көрсөттү
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:30 0:00

Албек Ибраимовго байланыштуу соңку талкуу анын "дубанадай кийинип эл аралап жүрөм" деп айтканына байланыштуу болду. Бул тууралуу мэр Ош базарында өрттөн жабыркагандар менен жолуккан учурда, алардын "элден кабар албайсың" деген нааразы сөздөрүнөн улам айткан.

Мэрдин отчетун "канааттандырарлык эмес" деп табуу маселеси эми шаардык кеңештин жалпы жыйынына чыгарылганы калды.

45 депутаттан турган Бишкек шаардык кеңешинде беш фракция бар. КСДПга 13, "Республика-Ата-Журтка" 12, "Өнүгүү-Прогресске" сегиз, "Мекеним Кыргызстанга" жети, "Кыргызстан" фракциясына беш мандат берилген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG