Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:15

Өкмөт өрт чыгымын төлөөгө чыгына элек


"Берекет" базарындагы өрт. 13-апрель, 2018-жыл
"Берекет" базарындагы өрт. 13-апрель, 2018-жыл

Базарда товары өрттөнгөн ишкерлерге жардам берүү боюнча өкмөт так чечим кабыл ала элек.

Бишкек жана Жалал-Абад шаарларында эки ири базарда бир учурда чыккан өрттүн кесепеттери 18-апрелде Жогорку Кеңештин жалпы отурумунда каралды. Депутаттар жабыркаган ишкерлердин чыгымын толук эсептеп чыгып, жардам берүүнү өкмөткө тапшырды.

Товары өрттөнүп кетип, ири өлчөмдө чыгашага учураган соодагерлер бийликтен жардам үмүт кылып, дээрлик бир аптадан бери өкмөттүк имараттардын эшигин каккылашууда.

13-апрелде Бишкектеги “Берекет” жана Жалал-Абаддагы борбордук базарда чыккан өрттүн зыяны такталып бүтө элек. Болжолдуу зыяндын көлөмү 632 миллион сом болгонун, анын 32 миллиону Жалал-Абаддагы, калганы Бишкектеги "Берекет" базарына таандык экенин өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов парламенттин жыйынында айтты.

Өрттөн чыгым тарткан соодагерлер

Соодагерлер митингге чыгышты
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:36 0:00

"Чукул кырдаал" деп бааланган эки ири базардагы өрттө зыян тарткан ондогон ишкерлердин алды 2 миллион, арты 600 миң сомдон насыялары бар экени аныкталган. Мындан улам сессия жүрүшүндө депутаттар өрттө жабыр тарткан ишкерлердин маселесин чечип берүүнү өкмөткө сунушташты.

Алардын бири "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери, депутат Бакыт Төрөбаев:

- Өкмөт, маселени чечкиле! Банктан акча аласыңарбы, бюджеттен бөлөсүнөрбү, чечкиле. “Чукул кырдаал” дегенде мамлекет, өкмөт өзүнө кепилдик алып, “зыян тарткан элди көрдүк, маселени чечебиз” деп айтышы керек.

Ал эми КСДП фракциясынан Айнуру Алтыбаева ишкерлерге ссуда берүүнү сунуштады:

Айнуру Алтыбаева
Айнуру Алтыбаева

- Пайызсыз ссуда берилиши кажет. Биз ишкерлерге ушул жол менен жардам берели. Базарда отурган соодагерлердин көбү чакан жана орто бизнес менен алектенген аялдар. Аларга насыя аркылуу көмөк көрсөтүү ишкерлерди кайра түйшүккө салат. Убагында төлөй албай калышса кантет? Үй-бүлөдө да чоң көйгөйлөр жаралат.

Вице-премьер-министр Санжар Муканбетов өкмөттө жардам көрсөтүүчү фонд жоктугун белгилеп, жагдайдан чыгуунун башка жолдору каралып жатканын билдирди:

- Премьер-министр коммерциялык банктардын өкүлдөрү менен жолукту. Жардам сурап жатабыз. Сүйлөшүүлөр жүрүп, субсидия, жеңилдетилген насыя боюнча суроолор каралууда.

Муканбетов Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду менен сүйлөшүү болуп жатканын да кошумчалады. Бирок азырынча ишкерлерге жардам көрсөтүүнүн суммасы жана тартиби аныктала элек.

Жалал-Абад базары өрттөн кийин. 13-апрель, 2018-жыл
Жалал-Абад базары өрттөн кийин. 13-апрель, 2018-жыл

Депутаттар Азиз Турсунбаев менен Азамат Арапбаев соодагерлер тарткан зыяндын ордун базар ээлери да төлөп берүүгө милдеттүү экенин, себеби алар өрт коопсуздугуна маани бербегендиктен ушундай кырсыктар чыгып жатканын айтышты.

Бирок өрт боюнча экспертиза жыйынтыгы кечигип жатат. Соттук-экспертизалык кызматтын төрага орунбасары Алмаз Медеров жыйынтык апрелдин соңунда чыгышы мүмкүн экенин белгилеп, себебин мындайча түшүндүрдү:

- Эксперттер жетишсиз болгондуктан ушундай маселе жаралды. Анткени квалификациялык талаптар күчөтүлгөн. Азыр талаптар боюнча жаңы тандоо жүрүп жатат.

"Берекет" базарындагы өрт. 13-апрель
"Берекет" базарындагы өрт. 13-апрель

Эки ири базардагы өрт боюнча милиция кылмыш ишин козгогон. Кырсык үч версияда - "атайын өрт коюу", "коопсуздук чараларын сактабоо" жана "атаандаштыктын кесепети" катары иликтенип жатат. Экспертизанын жыйынтыгы чыга электигине байланыштуу оңдоп-түзөө, тазалоо иштери токтоп турат.

Парламент төрагасы өкмөткө тактоо иштерин аныктоо үчүн атайын штаб түзүүнү да сунуштады.

Эрежеге ылайык, мекеме-уюмдардагы өрт коопсуздугу жана башка кырсыктар боюнча көзөмөлдү Экотехинспекция жургүзөт. 2012-жылга чейин мындай укук Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде болгон.

Мамлекеттик салык кызматы “Азаттыкка” билдиргендей, 2000 чарчы метр аянты күйүп кеткен базар - «Берекет» жабык акционердик коомунун - түзүүчүлөрү алты адам, жетекчиси - Светлана Загинайло.

"Берекет" базарындагы өрт. 13-апрель

"Берекет" базарын тилсиз жоо каптады
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:56 0:00

Ош базарында иштегендердин патентине быйыл жыл башынан бери 10,2 млн. сом төлөнгөн.

Ал эми Жалал-Абадда 1000 чарчы метрден ашуун аянты күйүп кеткен базардын жарымы муниципалдык, жарымы жети ишкерге тиешелүү. Алар жыл башынан бери канча салык төлөгөнү тууралуу азырынча так маалымат алган жокпуз.

Жогорку Кеңеш базарлардагы өрттүн кесепетин жоюу жана кемчиликтерди аныктоо боюнча токтом даярдап, комитеттер караган соң жалпы жыйында колго салмай болду.

Быйыл Бишкектеги Ош базарынын аймагындагы соода жайларында үч ирет өрт чыкты. Базар-Коргон, Өзгөн райондорундагы базарларда өрт катталган. Анын зыянын толтуруу, себептерин аныктоо иштери аягына чыга элек.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG