Линктер

жекшемби, 24-июнь, 2018 Бишкек убактысы 17:09

Жыл башынан бери Ош базарынын үчүнчү ирет өрттөлүшү ар кандай божомолдорго себеп болду.

Жогорку Кеңеш бүгүн өрт коопсуздугу, Бишкекте жана Жалал-Абадда ири базарларда болгон өрт кырсыктарына байланыштуу маселени карап жатат. Жыйынга базар жетекчилери, жабыр тарткандар дагы катышууда.

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков “Өкмөт өрт чыкканга чейин мактанасыңар, өрт чыккандан кийин актанасыңар”, - деп тиешелүү органдардын алдын алуу иштерин өрт коопсуздугун талкуулаган парламенттин жыйынында сынга алды.

- Алдын алганга эмес, артын алганга өнөкөт таап алгансыңар. Кудай сактады, биринчисинде 172 млн., экинчисинде 18 млн. жабыр тартты. Дагы жакшы, өчүрүп калышты, бурчунда май куюучу жай бар. Андан ары жагында эки мунай базасы бар. Ал күйсө Бишкектин жарымы жок болмок, куйкаланмак. Кемероводо өрт болду, Түлеев кетти, Тогуз-Тородо аким кетти. Бул жерде үч өрт болсо бир киши кеткен жок, - деген Момбеков кийинки кырсыктарга эч ким жооп бербей жатканына токтолду. ​

Ал эми вице-премьер-министр Санжар Муканбетов өрттөн жабыркагандарга жеңилдетилген насыялар каралаарын билдирди. Анын айтымында, бул багытта комиссия, коммерциялык банктар жана Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду менен бирге маселе каралып жатат:

- 16-апрелде премьер-министр коммерциялык банктардын өкүлдөрүн чогултуп, "кандайдыр жардам бергиле" деген сунуш киргизген. Анда алар насыяга жараша жарым жылдык жеңилдиктер берилээрин айтышкан. Андан сырткары Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунан сунуш түшкөн. Аларга да жеңилдетилген насыя берүү боюнча тапшырмалар берилген.

Базардын кожоюндары ким?

Мэрия базарды көчүрүү планын иштеп чыккан, архитекторлор шаардын чок ортосунда үймөлөктөшкөн кир базардын турушун каалашпайт – шаардын деталдуу пландалышында ал жерге заманбап соода борборлору жайгашуусу каралган.

Талаштуу маселе чечилип калгандай сезилери бышык, бирок баары эле алар ойлогондой эмес. Жайылып кеткен Ош базары бири-бирине кыналган 24 кичи базардан турат. 30-январда, анан 5-мартта «Сейтек» деген кичи базар өрттөнүп кетти. 13-апрелде өрттөн «Берекет» зыян тартты. Базарда соода кылгандардын көпчүлүгү контейнерлерди ижарага алып иштешет, контейнерлердин ээси ири ишкерлер менен компаниялар.

Мамлекеттик салык кызматы “Азаттыкка” Ош базарындагы кичи базарларга кимдер ээлик кылаарын ырастаган тизмени берди. Мынакей кичи базар ээлери:

1. «Берекет» ЖАК - түзүүчүлөрү 6 адам, жетекчиси - Светлана Загинайло;

2. «Лик» ЖЧК – негиздөөчүсү жана жетекчиси Назира Жораева;

3. «МЖК Холдинг» ЖЧК - негиздөөчүсү жана жетекчиси Жумагул Мамакеев;

4. ЖИ Саржиева А.;

5. «Кадам» ЖЧК - негиздөөчүсү Жанна Надырова, жетекчиси – Жылдыз Таштаналиева;

6. «АКИФ» ЖЧК – негиздөөчүлөрү төртөө, жетекчиси – Жаныбек Качыбеков;

7. «Юст» ЖЧК – негиздөөчүсү Рамазан Сулайманов, жетекчиси – Асель Сулайманова;

8. «ТемС» ЖЧК - негиздөөчүлөрү экөө, жетекчиси – Темирлан Кулов;

9. ЖИ Алыбаев О. А.;

10. ОсТО;

11. «Кут» ЖЧК – негиздөөчүсү жана жетекчиси Рахима Турсуналиева;

12. ЖИ Орозбаев А.;

13. «Азамат-Жети» ЖЧК – негиздөөчүсү жана жетекчиси Бурул Дотиева;

14. «Айсан» ЖЧК;

15. ЖИ Усубалиев Ж.;

16. «Z» ЖЧК;

17. ЖИ Касымалиев С.;

18. «Беш-Сары» ЖЧК – негиздөөчүсү Камчыбек Жолдошбаев, жетекчиси - Наргиза Жолдошбаева;

19. «Тунук СБ» ЖЧК – негиздөөчүлөрү үчөө, жетекчиси – Чолпон Кыдыралиева;

20. «Артопторг» ЖЧК;

21. ЖИ Арстаналиева Н.;

22. ЖИ Асанбай уулу Рахатбек.

Быйыл мартта базарда иштөөгө 3030 патент берилген, бул 3,5 млн. сомду түзөт. Жыл башынан бери 3 айда 8861 патент берилген, акчасы 10,2 млн. сом.

Ачык жашыл түскө боёлгон алкак - Ош базарынын аймагы.
Ачык жашыл түскө боёлгон алкак - Ош базарынын аймагы.

Бирок базарда соода кылгандардын так санын, ал жерде иштегендердин канча экенин эсептеш кыйын. Алардын мындан аркы тагдыры да бүдөмүк. Бишкек мэри Албек Ибраимов Ош базары соода түйүндөрүнө басылып калган деп эсептейт. Ул бул маселени чечиш үчүн базарлардын баарын шаардын батыш жана чыгыш жагынан келген айланма жолдордун ары жагына жылдырыш керек экенин айтып жүрөт. Анын айтымында, ушу тапта мэрия бул маселени өкмөттүн алдына коюп жатат.

2018-жылдын мартында шаардын жетекчилиги биринчи ирет Бишкекти деталдык пландоо планын эл алдына алып чыкты. Архитекторлордун оюнда, Ош базарынын кыйла жери “курулушту өнүктүрүүнүн өзгөчө шарттары бар көп функциялуу зона” болушу керек экен. Бул документти иштеп чыккандардын бири, №1 өнөркананын жетекчиси Рысбек Көкөев иштин маани-жайын “Азаттыкка” минтип чечмелеп берди.

- Биз келечекти эске алабыз. Элдин маданиятын чагылдырган логикалык ырааттагы курулуштар ансамбли болушу керек. Азыркы Ош базарынын ордунда мурдагы мезгилдегидей жалаң жашылча-жемиш сатылчу гана базарды калтыруу сунушу көп түшүп жатат. Кийим-кечек, дагы башка базарларды шаардын сыртына чыгарып, алардын ордуна заманбап соода борборлорун салса болот. Дүйнөлүк практика ушундай, - дейт ал.

Өкмөт бул маселе тууралуу так пикирин билдире элек. Премьер-министр менен жолугушуудан кийин Ош базарындагы өрттөн жабыр тарткандар өкмөт башчы базарды ордунда калтырууга убада бергенин билдиришти. Өкмөттүн басма сөз кызматы бул билдирүүнү тактап, Исаков өрттөлгөн соода жайларын калыбына келтирүүгө, андан зыян тарткан ишкерлерге жардам көрсөтүүгө убада бергенин, базарды көчүрүү жөнүндө сөз болбогонун ырасташты.

- Ош базарын Бишкектин четине чыгаруу маселесин укуктук жагынан караш керек, - деди Базарлар, соода жайлары жана кызмат көрсөтүү ассоциациясынын президенти Сергей Пономарев. - Мүлк жеке ишкерлерге таандык болсо, каалаган убакта келип аны тартып алууга мамлекеттин укугу жок. Ош базары - коммуникация, транспорт, экология жагынан алганда абдан татаал участок. Экинчи жагынан алганда, Конституция жарандардын жеке менчик укугун коргойт. Эгер мамлекет базарды башка жакка көчүрүүнү пландаса, ал ошол эле учурда жеке жактардын тартчу зыянын толуктап берүү маселесин ойлонушу керек.

Базарды көчүрүү ушунчалык эле керекпи?

Дүйнөлүк практикада базарларды эски ордунда калтырууга аракет кылышат. “Шаардык демилгелер” фондунун урбанисти, долбоорчу Атай Самыйбек үчүн базардын кайсы жерде жайгашканы ашкан маанилүү деле маселе эмес, андан көрө шаар жетекчилерин ага келчү жолдордун ыңгайлуулугу, транспорт, базардын сырткы көрүнүшү ойлонтушу керек.

Адистин айтымында, Ош базары маданий-социалдык мааниге ээ, Бишкек шаарынын эл көп каттаган маанилүү жери.

- Алгач базарды жаңылап чыгуу зарыл. Аны шаардыктарга ыңгайлуу кылыш керек. Ал жерде машинелер шыкалып турбасын десек, ал жерде жалаң жөө жүргүнчүлөр гана жүрүшү зарыл. Базардын бир бөлүгүн көчүрсө болот, бирок кандай болгондо да жашылча-жемиш базарын калтырыш керек. Дүйнөлүк практикада базарлар аябай бааланат, алар жалаң гана экономикалык эмес, маданий-социалдык да мааниге ээ, - деди Атай Самыйбек.

Ош базарын Бишкектин сыртына көчүрүү азырынча сөз боюнча гана калууда. Премьер-министр Сапар Исаков 16-апрелде базарчылар менен менен жолугушууда өрттөн жабыркагандардын соода катарларын калыбына келтирип, карыз алган ишкерлердин абалын эске алып, банк жетекчилеринен насыяга төлөнчү акчаны кийинкиге жылдырууну өтүнгөн.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG