Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:02

"Берекеттеги" түндө тутанган "сырдуу" өрт


"Берекет" базарындагы өрт
"Берекет" базарындагы өрт

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, Ош базары тараптагы "Берекет" базарында чыккан өрт тууралуу таңга маал төрткө чукул маалымат келип түшкөн.

"Берекет" базарында 13-апрелде түнү чыккан өрттөн болжол менен 2000 чарчы метр жер күйгөн.

- Бала-чакам менен келип, суу чачып жаттык. Эч нерсе калбай күйүп кетиптир. Өрт өчүргүчтөр өчүрө албай эле жүрүшпөдүбү. Алар эртерээк келип, машинаны базарга киргизгенде мынчалыкка жетпейт эле. Эми буга ким жооп берет? Алар эшиктен тосуп алып, бизди үч саат киргизбей койду. Эртерээк кирсек, товарды сактап калат белек, - деп арызданды соодагерлердин бири.

Өрттү угары менен жетип келген Аскар Сарыбаев аттуу сатуучу өрт базардын ичин көздөй каптаганын айтып берди:

- Бир-эки жыл мурда да ушул жерден оюнчуктар күйгөн. Анда өчүргөнгө үлгүрүп калышкан. Бул жолу өрт DVD саткандар тараптан келиптир. От сырттан келип, базардын чатырына түшкөн. Ичинен күйсө сыртка мынчалык теппейт болчу.

Бирок электроника саткандардын бири өрттүн чыгышын башкача жоруду.

- Эл бир нерсе сайып, ошонун айынан чыкты деп айтышы мүмкүн. Бирок өрт биз жактан чыккан жок. Анткени баарыбызды толугу менен чыгарып туруп, светти автоматтан өчүрчү.

"Берекет" базарын тилсиз жоо каптады
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:56 0:00

​ӨКМдин маалыматы боюнча, "Берекет" базарында түнкү саат үчтөр чамасында бир учурда үч жерден өрт чыккан. Кароолчулар аны кечирээк байкап, өрт өчүргүчтөр таңкы саат төрткө жакын келишкен.

Тилсиз жоону өчүрүүгө 14 техника тартылып, 7:40та толук өчүрүлгөн. Өрт эмнеден тутанганы азырынча тактала элек. Өзгөчө кырдаалдар министринин орунбасары Калыс Ахметов "базарга бирөө өрт коюшу мүмкүн" деп билдирди:

- Азыр так айтууга кыйын, бирок алдын ала маалыматка караганда өрт түштүк, түндүк жана чыгыш жактан башталган деп жатышат. Азыр биз базардын кароолчуларынан эмнеге кабарды кеч бергенин тактап жатабыз. Атайын эле уюштурулган иштей болуп турат, өзүңүздөр билгендей жыл башынан бери эле бул базарда үч жолу өрт чыккан.

Ушул эле күнү өрттө товары күйгөн жүзгө чамалуу соодагер Ак үйдүн алдына митингге чыгып, өкмөттөн кенемте талап кылды. Алар андан ары Бишкектин Ленин райондук акимчилигине барып, зыян тарткандардын, күйүп кеткен товарлардын тизмесин тапшырмай болду.

Райондук администрация жетекчилиги өкмөт башчы тийиштүү тапшырманы бергенин, соодагерлердин талабы боюнча жакын арада бир чечим кабыл алынарын билдирди.

Шаардын мэри Албек Ибраимов өрт чыккан базарлардагы соода түйүндөр бири-бирине жыш жайгашканын айтып, сатуучуларды калаа четиндеги базарга көчүрүү планы менен бөлүштү:

- Чындыгында соода түйүндөрдүн жык жайгашканы чоң көйгөй жаратат. Ошого байланыштуу ушул сыяктуу ири базарларды шаар четине чыгаруу боюнча план иштелип чыккан. Мындай базарлар шаардын батыш жана чыгыш жагында шаарга кирүүчү трассалардын боюнча жайгаштырылышы керек.

Соодагерлер митингге чыгышты
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:36 0:00

Бишкек ШИИБнын маалыматына ылайык, өрт тууралуу 13-апрелде түнкү саат 3:50дө маалымат түшүп, ага 800 милиция кызматкери тартылган.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Адыл Оморов окуя боюнча кылмыш иши козголуп, иликтенип жатканын кабарлады:

- Азыркы учурда өрт чыккан факты боюнча тергөө тобу түзүлүп, техникалык экспертиза менен чогуу изилдеп жүрүшөт. Өрт чыккан факты боюнча кылмыш иши Кылмыш-жаза кодексинин 174-беренеси ("Бирөөнүн мүлкүн атайын өрттөп жок кылуу") жана 238-беренеси ("Өрт коопсуздугунун эрежелерин бузуу") боюнча козголду. Экспертизанын жыйынтыгы боюнча дагы юридикалык баа берилет.

Саламаттык сактоо министрлигинен "Азаттык" радиосуна кабарлашкандай, тилсиз жоону өчүрүп жаткан Өрткө каршы кызматтын алты адиси иске ууланып, бири күйүп калган. Алар ооруканага жатуудан баш тартып, жеринде медициналык жардам берилген.

Ушуну менен жыл башынан бери Ош базарынын аймагында үчүнчү ири өрт кырсыгы катталды. 5-мартта "Сейтек" базарынын миң чарчы метр аянты күйгөн. 30-январда ушул эле соода түйүнүндө өрт чыгып, 108 күркө толугу менен өрттөнүп кеткен.

Өрт чыккан базарда негизинен идиш-аяк, электроника, оюнчук, кийим-кече, тамеки, кондитердик азыктар жана кездеме сатылчу.

13-апрелде түн ортосунда Жалал-Абад шаарындагы борбордук базар да өрттөнүп, 1344 чарчы метр соода аймагы күйүп кетти. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жергиликтүү башкармалыгынын маалыматына караганда, тилсиз жоо түнү саат экиге жакын башталган.

Аталган базарда негизинен азык-түлүк сатылчу. Өрткө каршы кызмат, Экотехинспекция эки күн мурда базарда рейд өткөрүп, өрт коопсуздугунун эрежелери сакталбай турганын аныктаган. Базар жетекчилигине эскертүү берилген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG