Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:41

Базар-Коргон: мээнети күйгөндөрдүн үмүтү


Базар, Базар-Коргон
Базар, Базар-Коргон

Базар-Коргондо күйүп кеткен ири базардын чыгымы жалпы 150 миллион сом деп саналып, тергөө уланууда.

Экс-депутат Баяман Эркинбаевге таандык бул базарды калыбына келтирүү иши башталганы менен бөөдө чыгым болгон сатуучулар эч кимден жардам болбогонуна капа. Азырынча тергөө жана тактоо иштери соңуна чыга элек.

Бир жума мурда от чалган базарды күл менен таштандыдан тазалоо жумушу бүтө элек. 400 миң сомго чыгаша болгон соодагер Саткын Мондошева өрт чыккан түнү базарга келгени менен товарын сактап калууга үлгүргөн эмес. Учурда эки баланын энеси чыгымдын ордун толтурууну билбей убара.

- Көз алдыбызда бардык товарларыбыз күйүп кетти. Баш-аягы 400 миң сомдук чыгым тарттым. Маңдай териң менен тапкан оокатыңа ич ачышат экен. Азыр бул жакты калыбына келтирип жаңы орундуктарды курабыз деп жатышат. Биздей жабырлануучуларга ссуда же жеңилдетилген насыя берсе деле дурус болмок. Ошол эле учурда насыя менен соода кылгандардын карызын төлөөгө жеңилдик берүү шарт деп ойлойм.

Район борборунда жайгашып, чөлкөмдөгү ири соода жайынын бири катары саналган базардын иши өрт чыккандан көп өтпөй эле жанданды. Соодагерлерге башка жайдан убактылуу орун берилген. Алардын бири Канбү Кочорова күйүп кеткен товар үчүн эч ким жооп бербей койгонун айтты:

- Бул жерде биз да, өкмөт да аябай чыгым тарттык. Патент менен иштеп, ай сайын салык жана орундуктарга ижара акы төлөп турчубуз. Эми бул жагынан өкмөт жардам берип, кол сунса жакшы болмок. Азыр өрт кесепети боюнча эч ким жоопкерчиликти моюнуна ала элек. Балким атайылап өрттөштү же кокустуктан улам өрт чыкты. Азырынча эч нерсеге ишенбей турам. Бул өзү ири базар, кечкисин кароолчулар да күзөтүп турат. Эмне себептен мындай болду өзүбүз да билбей калдык. Бирок ачыгын айтуу керек эски базарда унаа кирүүгө жол жок. Жаңысын бардык талапка ылайык курат деп туралы.

Кырсыктын кесепетин азыр райондук деңгээлде түзүлгөн атайын комиссия иликтеп жатат. Ага удаа эле Бишкектен да өзүнчө комиссия чакырылган. Район акими Таалайбек Долдоев алардын так аныктамасы чыкмайынча, жабырлануучуларга жардам көрсөтүлөт деп айтууга болбойт деди:

- Базар жеке менчик болуп саналат. Мамлекет тараптан жардам болобу же жокпу азырынча эч нерсе деп айта албайм. Бирок базар жетекчилиги соодагерлерге орундуктарын калыбына келтирип берүүгө аракеттенип жатат. Мындан сырткары базар жанында өрт чалган айрым тамактануучу жайлар жана имараттарга да көмөк беребиз дешти. Бирок азырынча комиссиянын корутундусу чыкмайынча мамлекет да, жеке ишкер да жардам бере албайт. Ошол үчүн баарын түшүнүү менен кабыл алууга чакырам. Азыр жабырлануучулар менен атайын түзүлгөн комиссия иштеп жатат. Мени таң калтырган жагдай соодагерлер быйыл салык декларациясын тапшырганда соода жайлары менен катар товарларын каттатышкан эмес экен. Эми аларга кандай жардам болорун айтуу кыйын.

Беш гектарды түзүп, жалпы 500дон ашык адам эмгектенген борбордук базарга 16 адам ээлик кылып, алардын башын бириктирген атайын ассоциация түрүндөгү башкармалык жетекчилик кылат. Аны маркум экс-депутат Баяман Эркинбаевдин эжелеринин бири башкарат. Базар жетекчилиги бул багытта “Азаттыкка” маек берүүнү каалаган жок. Болгону жабырлануучу соодагерлерге орундуктарын калыбына келтирүүгө көмөк көрсөтүп жатканын кошумчалады.

Район борборундагы базарда соода кылган 230дан ашык адам учурда жабырлануучу катары арыз менен кайрылышкан. Учурда алардын тең жарымынын чыгымы эсептелип бүттү.

Район акими Таалайбек Долдоев кайрылуулардын негизинде гана тийиштүү тараптарга сунуштар жөнөтүлөт дейт.

- Азыр райондук бийликке жардам сурап кайрылган бардык жабырлануучулардын тизмесин тийиштүү ведомстволорго жана өкмөткө кат аркылуу сунуштап жатабыз. Биздин милдет жана колдон келген жардам ошол гана.

Ушул жылдын 23-майында чыккан өрт кырсыгы боюнча азыр түрдүү версиялар айтылууда. Бул багытта райондук ички иштер бөлүмү кылмыш ишин козгоп, түрдүү жоромолдор боюнча тергөө иштерин жүргүзүп жатканын милиция башчысынын орун басары Канатбек Аскаров айтты:

- Кырсыктан жабыркаган 230 адам милицияга өрттүн кесепетин аныктап, ага тиешелүүлөрдү жоопкерчиликке тартып бергиле деп кайрылды. Соттук өрт техникалык экспертизанын жыйынтыгы чыкканга чейин алдын ала өрттүн эмне себебин так айтууга болбойт. Азыр бул багытта ар түрдүү версиялар боюнча иштер жүргүзүлүп жатат. Ал эми биз жабырлануучулардын тең жарымынан көрсөтмөлөрдү алып бүттүк.

Кырсыктан улам өрт өчүрүү кызматы тийиштүү адистер менен биргеликте облустагы ири базарларда өрткө каршы атайын иш-чараларды өткөрө баштады. Мындай рейд Сузак районунда өтүп, эми башка район-шаарларда да улантылат.

Быйыл жыл башынан бери облуста 150 өрт кырсыгы катталып, 22 млн. сомдон ашык чыгым алып келген.

XS
SM
MD
LG