Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:44

Базар-Коргондогу өрттүн чыгымы эсептелүүдө


Өрттүн кесепети.
Өрттүн кесепети.

Базар-Коргон районундагы борбордук базардан чыккан өрттөн соодагерлер болжол менен 320 млн сомго жакын зыян тартты. Мындай маалымат кырсыкты иликтөө комиссиясынын өкүлдөрү менен жабырлануучулардын жолугушуусунда айтылды. Азыр да тактоо жана калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. Соодагерлер мамлекеттен жардам берүүнү өтүнүүдө.

23-майдын түнүндө райондук базардын кийим-кечек сатылган бөлүгүнөн өрт чыгып, 250гө чукул соода жайы күйүп кеткен. Буга байланыштуу райондук ички иштер бөлүмү кылмыш ишин козгогон. Миңден ашык адам иштеген борбордук базар мурдагы депутат, маркум Баяман Эркинбаевдин туугандарына таандык. (RsK)

XS
SM
MD
LG