Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:59

Базардагы өрт: божомол көп, күнөөлүү жок


Иллюстрация
Иллюстрация

Бишкектеги Ош базарында үч жолу чыккан өрт техникалык коопсуздуктан сырткары да көп суроолорго жем таштады.

Борбордогу, аймактардагы базарлардын жалпы абалы эмне үчүн техникалык эрежелерге жооп бербейт? Базар ээлеринин жоопкерчилиги качан жогорулайт? Өрттүн чыгышына коопсуздук чараларынын начардыгы себеп болгонбу же жергиликтүү бийлик башындагылар, башка байманалуу адамдар таасир этип жатабы?

“Арай көз чарай” талкуусуна өкмөткө караштуу Техникалык жана экологиялык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын өрткө каршы башкармалыгынын башкы инспектору Жумгалбек Асанов, Ленин районунун акиминин биринчи орун басары Адил Малдыбаев жана Ош базарындагы өрт кырсыгында жабыркаган ишкер Сабырмамат уулу Айбек катышты.

“Азаттык”: Адил мырза, Ош базарында өрттүн кесепеттерин жоюу жана жабыр тарткандарга жардам берүү боюнча мэрия, райондук администрация тарабынан кандай чаралар көрүлүп жатат?

Адил Малдыбаев: Райондук администрация ведомство аралык комиссия түзгөн. Алар өткөн аптанын жума, ишемби, жекшемби күндөрү да иштеди.

Бүгүнкү күндө жабыр тарткан 300гө жакын ишкерден арыз-кайрылуулар түштү. Анда келтирилген чыгымдарды калыбына келтирүүгө жардам берүүнү, кредиттер, салыктар, Социалдык фондго ж.б. чегерүүлөр боюнча өтүнүчтөр бар.

Аталган комиссия жабыркагандардын тизмесин, өтүнүч-талаптарды тактап, Экономика министрлигине жөнөтүп жатат. Бүгүн өкмөттө ушул маселе боюнча жыйын болду, ал жерде да көп маселелер козголду.

Чыгымдын суммасын азырынча айта албайбыз. Муну өрт боюнча лаборатория, тиешелүү укук коргоо органдары тактап жатат. Жакынкы күндөрү такталат деп ойлойм. Өрттүн чыгуу себептери боюнча да кайсы бир версияны айтуу кыйын, аны да органдар териштирет.

"Берекет" базарын тилсиз жоо каптады
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:56 0:00

“Азаттык”: Жумгалбек мырза, сиздердин инспекциянын позициясы кандай? Ош базарында акыркы чыккан өрткө эмне себеп болгон? Кайсы версия чындыкка жакын?

Жумгалбек Асанов: Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу өрттү сыноо лабораториясы бар, өрттүн чыгуу себептерин ошолор айтат. Мекеме аралык комиссия да иштеп жатат. Он күндөн кийин корутунду чыгат.

“Азаттык”: Өрттөлгөн базар экотехинспекциянын талаптарына жооп берчү беле? Алар тараптан тиешелүү коопсуздук чаралары көрүлгөнбү?

13-апрелдеги өрт
13-апрелдеги өрт

Жумгалбек Асанов: Базарлар эл көп топтолгон, биринчи баскычтагы объекттерге кирет. Жеке ишкерликти колдоо максатында өкмөттүн токтомуна ылайык базарларды жылына бир жолу пландуу текшеребиз. Ар бир базарды тактап, алдын ала иш пландарды түзөбүз. Тиешелүү министрликтерден уруксат кагаз алабыз. Анан он күн мурда аларга билдирме жиберебиз. Мисалы, Ош базарынын аймагында 78 субъект бар. Акыркы жолу “Берекет” базарын 23-мартта пландуу түрдө, комплекстүү текшерүү жүргүзгөнбүз. Ошондо 18 мыйзам бузуу аныкталып, алар боюнча акт түзүлүп, эскертмелер, талаптар берилген. Жетекчилигине 50 миң сом административдик айып салынган. Аларды чечүүгө бир ай мөөнөт берилген. Ошол мөөнөт келип, кайрадан текшерүүгө барабыз деп жатканда өрттөнүп кетти.

“Азаттык”: Айбек мырза, коомчулукта базарды сыртка көчүрүү максатында кайсы бир күчтөрдүн таасири менен өрттөп жиберишти деген пикирлер бар. Жабыркаган ишкерлердин ою кандай? Мурда-кийин базарды көчүрүү тууралуу сөз болду беле?

Өрттөн кийинки көрүнүш
Өрттөн кийинки көрүнүш

Сабырмамат уулу Айбек: Биз иштеген “Берекет” базары өкмөткө же мэрияга карабайт, жеке менчик, 49 жылга жерди ижарага алып иштетип жаткан объект. Башкача айтканда менчиктин формасы акционердик коом катары түзүлгөн, акциялардын көпчүлүк бөлүгү Бегалиев Болот деген адамга таандык.

Базарды көчүрүү боюнча сөз мындан беш-алты жыл мурда эле айтылган. Ош базары шаардагы эң кир, ызы-чуусу көп жай катары көчүрүү суроосу коюлуп келген. Чындыгында базар сатуучуга, кардарга да ыңгайсыздык жаратып келген. Өрт жана башка коопсуздуктардын талаптарына жооп бербегени да чындык. Башкаруучулар болсо өздөрүнүн эле кызыкчылыгын ойлоп келишкен.

“Эл оозунда элек жок” демекчи ар кандай пикирлер айтылып жатат. Ар кандай версиялар бар. Ал тургай базардын жетекчиси “караларга” акча бербей койгону үчүн” өрттөп кетишиптир деп айткандар бар. Себеби өрт бир эле мезгилде үч-төрт жерден чыгып жатат. Төрт тарабынан өрт чыкканда өрт өчүрүүчүлөр да жетишпей жатышты, алар аябай жакшы иштешти, биз дагы аларга жардам бердик.

(Талкуунун толук вариантын ушул жерден угуңуз)

Базардагы өрт тирешкендердин өчүбү? (1-бөлүк)
please wait

No media source currently available

0:00 0:10:22 0:00
Түз линк

Базардагы өрт тирешкендердин өчүбү? (2-бөлүк)
please wait

No media source currently available

0:00 0:14:20 0:00
Түз линк
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG