Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:37

Айдоочулардын акциясы Бишкекти жүдөттү


Бишкек. 2-апрель, 2018-жыл.
Бишкек. 2-апрель, 2018-жыл.

Бишкектеги маршруттук таксилердин айдоочулары иш таштап, шаарда транспорттук кыйынчылык түзүлдү.

Айдоочулар милдеттүү камсыздандырууну жокко чыгаруу, айыппулдун көлөмүн азайтуу жана тарифти көтөрүү сыяктуу бир катар талаптарды коюшту.

Бишкектин мэриясы коюлган радикалдуу талаптар аткарылбай турганын билдирип, сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында иш таштоо токтотула турганын жарыялады.

Нааразылыктын себептери

Бишкектеги маршруттук таксилердин айдоочулары баш калаанын 12-кичирайонуна чогулуп, өз талаптарын коюшту. Алар өкмөттүн милдеттүү камсыздандырууга өтүү боюнча токтомуна, бирдиктүү форма тууралуу талапка нааразылык билдиришти. Ошондой эле айдоочулар жүргүнчүлөрдү аялдамадан тышкары жерлерден алууга карата айыппулдун көбөйүшүнө каршы экенин айтышты.

Айдоочу Азаке Алыбаев иш таштоого себеп болгон жагдайларга токтолду:

Жашоо кымбат. Биз ала турган жол кире болсо качантан бери көтөрүлө элек. Солярканын баасы 42 сомго чыкты.

- Жол киренин өлчөмү он сом. Ошол эле кезде айыппулдун өлчөмүн көбөйтүп жатышат. Жашоо болсо кымбат. Биз ала турган жол кире болсо качантан бери көтөрүлө элек. Солярканын баасы 42 сомго чыкты. Жол коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери болсо "эң төмөнкү айыппул" деп миң сомдон жазага тартып жатат. Үйгө алып барганга эч нерсе калбай жатат.

Башка бир айдоочу Нуржигит Билал уулу жол киренин өлчөмүн көтөрүүдөн тышкары аларды кыйнап жаткан башка да жагдайлар бар экенин айтты. Анын айтымында, маршруттук таксилердин айдоочуларын чыгымга учураткан себептер көбөйүп кеткен:

- Биздин нааразылык милдеттүү түрдө камсыздоо полисин киргизүү менен жанагы "кемселдерди сатып алгыла" деп таңуулагандан башталды. Аны бизге 750 сомдон сатып, мажбурлап жатышат. "Ар бир отургучка 140 сомдон камсыздоо полисин алгыла" деп кыйнап жатышат. "Жол кирени көтөргүлө" деле дебейт элек. Бирок ошончо чыгымды биздин мойнубузга илип жатышса, биз акчаны каягына жеткиребиз?

Бишкек мэриясы жүргүнчү ташуучу ишканалар менен 26-31-март күндөрү түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнүнө карабай, 2-апрелде саат таңкы 6:00дөн тартып алдын-ала маалымдабастан маршруттук таксилердин айдоочулары иш таштаганын белгиледи.​

Айдоочунун талабы, жүргүнчүнүн убарасы
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:44 0:00

Мыйзамдуулукту сактоо талабы

Бишкектеги маршруттук таксилердин айдоочулары иш таштап, шаарда автобус-троллейбустар гана иштеп жаткандыктан, аларга эл батпай, аялдамаларда коомдук транспорт күткөн жүргүнчүлөрдүн агымы көбөйдү.

Айдоочулар менен Бишкектин вице-мэри Геннадий Милицкий жана жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын жетекчилиги жолугушту.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын башчысынын орун басары Нур Сатыбалдиев айдоочуларды мыйзамдуулукту сактап, жумушка чыгууга үндөдү:

Нур Сатыбалдиев.
Нур Сатыбалдиев.

- Мисалы биздин эле жаран чек арадан ары Кордойго өткөндө, тартипти сактап, жай айдап калат. Себеби ал жакта мыйзам катуу экенин билет. Айыппулдардын өлчөмү да жогору. Биз ошондой эле талаптарды өзүбүзгө коюп, өзүбүздүн мыйзамдарды сыйлап, иш алып барсак эмнеге болбосун? Биз бири-бирибизди туура түшүнөлү. Сиздер айткан маселелер тууралуу жетекчиликке айтып барып, алардын баарын чекесинен чечели. Андан көрө азыр бул жерде турбай, жумушка чыгыңыздар. Сиздер айткан талаптарды акырындык менен чечебиз.

Бишкектин мэри Албек Ибраимов жүргүнчү ташуучу ишканалардын кожоюндары менен жолугуп, алар көтөрүп жаткан маселелер боюнча сүйлөшүүгө даяр экенин билдирди. Бирок ал ириде жүргүнчүлөрдүн кызыкчылыгы биринчи орунда болушу керек экенин эскертти.

Өкмөт башчысы Сапар Исаков жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы коррупциянын тамырын кырку маселесин көтөрүп, айдоочулардын койгон талаптарын изилдеп чыгууну тапшырды.

Көктөмдө көтөрүлгөн маселе

Ошол эле убакта Интернеттеги социалдык тармактарда айдоочулардын иш таштоосун уюштурууга атайын шыкак берген күчтөр бар" деген пикирлер тарады.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынын мурдагы жетекчиси Гуля Алманбетова айдоочулардын маселелери көп жылдан бери чечилбей келе жатканын айтып, жөнөкөй талаптар эми саясатташып баратканын белгиледи:

Гуля Алманбетова.
Гуля Алманбетова.

- "Саясат" деп эле жаз келгенде буга чейинки топтолгон маселелердин баарын көтөрүп чыгышууда. Ошол боюнча туура эмес сөздөр болуп жатат. Бирок айдоочулардын нааразы болушуна негиздер бар. Жүргүнчүлөрдү ташыган 48 компания бар. Алардын кожоюндарынын баары коомчулукка белгилүү депутат, аткаминер болуп жүргөн адамдар. Анан жолдо жүрүүнүн коопсуздугу оор абалда турганда ошол компаниялар же мэрия айдоочулардын шарттарын оңдоп беришсе боломк. Бирок абал өзгөрүүсүз бойдон калууда. Ошондуктан көптөн бери топтолуп жүргөн нааразылык азыр минтип сыртка калкып чыкты.

Анткен менен шаардагы жүргүнчү ташыган компаниялар айдоочулардын иш таштоосуна эч тиешеси жоктугун айтышты. "Лига" жүргүнчү ташуу ишканасынын жетекчиси Бешболуш Матисаков коюлган талаптар күнүмдүк маселелерге байланыштуу экенин айтып, нааразылык акциясына чыккандардын артында кандайдыр бир күчтөр жок экенин айтты:

- Жалпы айдоочулар иш таштады. Бийликтен реакция болду. Көйгөйлөр угулду. Бул жерде күнүмдүк көйгөйлөр топтолуп отуруп, "учкундан жалын тутанат" дегендей болду. Бул жерде кайсы бир тараптын чагымы жок. Айдоочулар артында аларды шыкактап турган күчтөр жок. Алар өздөрү топтолуп келген көйгөйлөрүн айтып чыгышууда.

Бишкекте күн сайын үч миңден ашуун маршруттук такси 119 каттам боюнча жүргүнчү ташууга чыгат.

Расмий маалыматтар боюнча, өткөн жылы Бишкекте маршруттук унаалардын катышы менен 252 жол кырсыгы катталган, андан эки адам набыт болгон, 408 адам түрдүү жараат алган. 2016-жылы 136 жол кырсыгы катталып, сегиз киши мерт болуп, 211 адам түрдүү жаракат алган.

"Азаттыктын" архиви: Бишкектеги маршруттук таксидеги аварияда Токтокан Райымбекова колунан ажыраган. 2016-жыл

​"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG