Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:23

Элди кыйнаган иш таштоо


Аялдамада турган эл. Бишкек
Аялдамада турган эл. Бишкек

Баш калаада эл ташып иштеген маршруттук таксилердин айдоочулары иш таштады.

Бишкектин мэри Албек Ибраимов жүргүнчү ташуучу ишкана ээлеринин жүйөлөрүн угуп, алар көтөрүп жаткан маселелер боюнча сүйлөшүүгө даяр экенин билдирди. Бирок ал ириде жүргүнчүлөрдүн кызыкчылыгы биринчи орунда болушу керек экенин эскертти. Ибраимов ошондой эле 1-апрелден тартып күчүнө кирип жаткан мыйзамдар аткарылышы зарыл экенин да белгиледи.

Жолугушууда эл ташуучу ишканалардын жетекчилери маршруттук такси айдоочулары менен сүйлөшүп, жакын арада кайрадан каттамды жандантууга убада беришти.

Ага чейин Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы маршруттук такси айдоочулардын жана эл ташуучу фирма-ишканалардын 2-апрелде коюп жаткан талаптарынын бири да аткарылбасын маалымдаган.

Анда айтылгандай, 1-апрелде өкмөттүн 2017-жылдын 25-декабрында кол коюлган токтому күчүнө кирди.

Ага ылайык, "кооптуу жүк ташыгандар, жүргүнчү ташыгандар милдеттүү түрдө камсыздандыруу полисин алышы керек, албаса 500 сом айып пул салынат же машинелери айып жайына токтотулат. Жүргүнчү ташыган айдоочулар, таксисттер машинесиндеги ар бир орунду камсыздандыруусу тийиш.

Шаар ичинде эл ташыгандар полис үчүн жылына ар бир орунга 136 сом 6 тыйын, айыл-шаарлар аралык, эл аралык каттамга чыккандар ар бир орунга 204 сомдон төлөйт деген мыйзам аткарылууга" тийиш.

Учурда Бишкекте 120 каттам боюнча эл ташыган 40 фирма катталган. Күн сайын каттамга 2700дөн ашуун маршруттук таксилер чыгат. Булардын ичинен көпчүлүгү камсыздандырылган эмес.

Бишкек мэриясы эл ташуучу ишканалар менен 26-31-март күндөрү маалымдап-түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнүнө карабай, 2-апрелде саат таңкы 6:00дөн тарта алдын ала маалымдоосуз маршруттук такси айдоочулар иш таштаганын белгилөөдө.

Айдоочулардын талабы

Ага чейин маршруттук таксилердин айдоочулары борбор калаанын 12-кичирайонуна чогулуп, өз талаптарын коюшкан.

Алар өкмөттүн милдеттүү камсыздандыруудан өтүү токтомуна, бирдиктүү форма тууралуу талапка нааразылык билдиришкен. Ошондой эле жүргүнчүлөрдү аялдамадан тышкары токтоп алуу-түшүрүүгө айыппулдун көбөйүшүнө каршылыгын айтышкан:

- Биз таңкы саат 5:30дан тартып иштейбиз. Башкалар сегиз саат иштеп жатса, биз 18 саат иштейбиз. Жолдо МАИчилердин асылганы да биз. Жолдордун акыбалын баарыңыздар билесиздер. Биздин да укугубуз бар да. Биз да бала-чака багабыз деп таңдан-кечке жүрөбүз. Милдеттүү камсыздандыруу, форма дегенди койсун. Формасынын баасы 750 сом, жалаң синтетика. Биз жол акысын көтөргүлө деген жокпуз, биздин талаптар ушулар.

Айдоочулар менен Бишкектин вице-мэри Геннадий Милицкий жана жол кыймылын коопсуздугу башкармалыгынын жетекчиси Шаирбек Бопонов жолуккан. Вице-мэр айдоочулардын өкүлдөрүн бүгүн саат 17:00дө кабыл алууга даярдыгын билдирип, айдоочулардан ага чейин каттамга чыгуусун өтүнгөн.

Жүк ташуучу айдоочулар 1-апрелде иш таштаган. Сокулук
Жүк ташуучу айдоочулар 1-апрелде иш таштаган. Сокулук

Бишкекте күн сайын үч миңден ашуун маршруттук такси 119 каттам боюнча эл ташууга чыгат.

Расмий маалыматтар боюнча, өткөн жылы Бишкекте маршруттук унаалардын катышы менен 252 жол кырсыгы катталган, андан эки адам набыт болгон, 408 адам түрдүү жараат алган. 2016-жылы 136 жол кырсыгы катталып, сегиз киши мерт болуп, 211 адам түрдүү жаракат алган.

Маршруткалар керекпи?

Маршруттук таксилердин жүрбөй жатканы борбор калаадагы калктын орто катмарына оордук жаратты. Таң эрте жумушка баруу үчүн аялдамага чыккан эл жумуштан кечикти. Балдарын бала бакча, мектепке ташыган ата-энелер кыйналды.

Маршруткалар жүрбөй, эл көчөдө калды
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:35 0:00

Айрым көчөлөр оңдолуп жатканына байланыштуу кээ бир троллейбустук каттамдар буга чейин эле токтогон. Учурда автобус жана троллейбустарга эл батпай жатканын көрүүгө болот. Бул көрүнүш социалдык тармактын колдонуучуларын кыжырлантты. Алар айдоочулардын иш таштоо тууралуу алдын ала эскертпей койгонун айыптап жатышат.

​"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG