Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:12

Кичи автобустардын чоң көйгөйү


19-декабрда эртең менен Бишкекте коомдук автоунаа жүргүнчүлөрдү тейлегенге жетише албай калды.

Мындай жагдайды Бишкек мэриясы жеке менчик кичи автобустардын катуу суукка камылгасы жоктугу менен негиздеди. 19-декабрда Борбор калаада абанын температурасы 18-20 градуска чейин төмөндөдү.


Жол азабы, көр азабы


Кычыраган кышта транспорт каарын тарткан тургундардын бири Бекболот Абдыкапаров өзү тушуккан жагдай боюнча “Азаттыкка” буларды айтып берди:

- Эртең менен “Учкун” кичи районунда “29-автобусту” күтүп турдум. Ал абдан кечикти. Адатта саат жетиде келип калчу. Анан келгенден кийин ичине кирсек, муздакычтан айырмасы жок, жылыткычы да иштебейт экен. Ушул туура эмес да. Эл ташып жаткандан кийин жылыткычыңды оңдоп ал деп айтып коюшпайбы. Анан келе жатып орто жолдон бузулуп калды. Элдин баары көчөдө калды, жумуштан кечигип.

Студент Бегайым Бердиева эки саат коомдук унааны күтүүгө аргасыз болгон экен.

- Мен эртең менен саат 7 ден өтүп үйдөн чыккам, 9 дан өткөндө университетке бардым. Негизи саат сегизге барышым керек болчу. Маршруткалар ичи толуп өтүп жатты. Адам көп болгон үчүн автобустар да токтобой өтүп жатты. Көчөлөрдө, аялдамаларда болсо эл толтура болду.

Аба-ырайынын кескин өзгөрөрү эскертилгенине карабай, коомдук унаанын шаардыктарды тейлөөгө даяр болбогондугуна Бишкектин көп тургундары нааразы. Бул күнү жумушка, бала-бакчага, мектепке кечиккен чоңдор жана балдар арбын болду.


Кышты күтпөгөн маршруткалар


Бирок Бишкек шаардык мэриясы кышка толугу менен даярдык көргөнүн билдирүүдө. Шаар мэри Иса Өмүркулов эртең мененки кымгууттукту жүргүнчүлөрдү тейлөөчү менчик кичи автобустар аз чыккандыгы менен негиздеди:

-Түндө абанын температурасы 20 градуска чейин суук болуп, кара майдын тоңушуна алып келди. Буга учурунда даярдык көрүлгөн эмес. Өзгөчө бүгүн 700-800гө жакын маршруттук таксилер чыккан жок. Бул менчик фирмалардын күнөөсү. Ал эми мэриянын муниципалдык унаалары күндөгүдөй эле иштеп жатты.

“220”, “147” жана “216” маршруттук таксилердин токтогон жайларында унаалардын аз экендигине мен өзүм да күбө болдум. Айдоочулар күн суук болгонуна байланыштуу маршруткалардын 60 пайыз гана жумушка чыкканын айтышты. Али кышкы дизель майына өтө элек уналардын көбү тоңуп, от албай калган.


Эскертүү: жол эрежесин сактагыла!


Ал аралыкта күндүн суугуна жана жолдордун тайгак болуп жаткандыгына байланыштуу ИИМдин Жол коопсуздугу боюнча башкы башкармалыгы билдирүү таратып, айдоочуларды жана жарандарды жол эрежелерин сактоого чакырды. Аталган мекеменин маалымат катчысы Кылычбек Мурзалиев буларды маалымдады.

- Жол коопсуздугу сакталбаса, кандайдыр бир кырсык болуп кетиши мүмкүн. Же болбосо жол кыймылынын катышуучулары кандайдыр бир материалдык чыгымдарга дуушар болушу ыктымал. Ушул окуялар болбосу үчүн айдоочуларга, жөө жүргөн адамдарга кайрылып жатабыз. Жол тайгак учурда абайлап, ылдамдыкты азайтып, жайыраак жүрүшсө деп жатабыз.

Шаар бийлиги баш калаадагы унаанын тартыштыгы эртеңден тарта калыбына келип, шаардыктарды тейлөө жолго коюларын айтууда. Бишкек мэриясы жүргүнчүлөрдү тейлеген жеке менчик ишканалар менен бул маселеде сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.

Бишкек шаарында учурда 120 каттам бар. Ал эми шаардыктарды мамлекеттик коомдук унаалар менен бирге 2000ге чукул жеке менчик кичи автобус тейлейт.

XS
SM
MD
LG