Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:02

Шаардык кеңеш "апрелчилер" үчүн мораторийди бузду


Бишкек
Бишкек

Бишкек шаардык кеңеши Шабдан Баатыр көчөсүн "7-апрель" деп өзгөртүү тууралуу сунушту колдоп, баш калаадагы көчө аттарын алмаштырууга тыюу салган мораторийди өзгөрттү.

Беш жыл мурда шаардык кеңеш көчө аттарын өзгөртүүгө мораторий жарыялаган. Депутаттар соңку чечим Шабдан Баатырдан башка көчөлөргө тиешелүү эмес экенин айтканы менен, апрель окуясынын сегиз жылдыгын утурлай мораторийдин бузулганы коомдо сынга алынып жатат.

Бишкек шаардык кеңешинин 19-марттагы токтомуна ылайык, Шабдан Баатыр көчөсүнүн Түштүк магистралдан Чүй проспектине чейинки бөлүгү "7-апрель" деп өзгөртүлмөй болду. Ал эми Чүйдөн Курманжан Датка көчөсүнө чейинки аралык мурдагыдай аталып кала берет.

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Алмаз Кененбаев "Азаттыкка" билдиргендей, 19-марттагы сессияда 2013-жылы кабыл алынган токтомго көпчүлүк добуш менен өзгөртүү киргизилген. Ошол эле кезде депутаттар Шабдан Баатырдан башка көчөлөрдүн аталышын өзгөртүүгө беш жылдык мораторий кабыл алды:

7-апрель, 2010-жыл (архивдик сүрөт)
7-апрель, 2010-жыл (архивдик сүрөт)

- Тиешелүү токтом долбоорун мэрия сунуш кылды. Былтыр Алмаз Атамбаевге кайрылуу болгон экен. Андан кийин ал мэрия менен шаардык кеңешке "ушул маселени карап берсеңиздер" деп кайрылган. Ошонун негизинде талкуулап, мораторийди өзгөртүү токтомун кабыл алдык.

Кененбаев кошумчалагандай, аталган көчөнүн атын алмаштырууну 2010-жылдагы апрель окуясынан жабыркагандардын "Айкөл Ала-Тоо", "Мекен шейиттери" коомдук бирикмелери сунуш кылып, былтыр экс-президент Алмазбек Атамбаев аны мэрияга жөнөткөн экен.

"Айкөл Ала-Тоо" коомдук бирикмесинин төрагасынын орун басары Амантур Жамгырчиев уюмдагылар көчөнүн аталышын өзгөртүүнү төрт жылдан бери сунуш кылып келатышканын айтып, муну 7-апрелди даңазалоо аракети катары түшүндүрдү:

- 7-апрелди даңазалоо максатында көп иш-чараларды өткөргөнбүз. 2015-жылы ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев илимий-тарыхый жыйын уюштуруу боюнча демилге көтөргөн. Анда апрель революциясынын беш жылдыгына жана 25-март ыңкылыбына тарыхый баа берилген. Ошондо көптөгөн илимпоздор, тарыхчылар 7-апрелде элдик революция болгонун айтышкан. 2016-жылы 7-апрель майрам күндөрдүн катарына кошулуп, жылнаамада кызыл түс менен белгиленип келе жатат. Былтыр Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Челпек айылындагы чоку да 7-апрелдин урматына аталды. Эми көчөнүн атын эмнеге апрель окуясынын урматына атоого болбойт? 7-апрель Кыргызстан үчүн эбегейсиз чоң мааниге ээ. Үй-бүлөлүк башкарууга, адилетсиздикке каршы күрөшүп, канча деген жигиттерибиз каза болду? Биз бул күндү даңазалашыбыз керек.

Шаардык кеңеш беш жыл илгери башкалаадагы көчөлөрдүн аталышын өзгөртүүгө мораторий киргизген. Интернеттеги telegra.ph сайтында 19-марттагы сессия ушул мораторийден улам ызы-чуу менен коштолгону, депутаттардын басымдуу бөлүгү аны бузууга каршы чыкканы тууралуу маалымат тарады.

Анда мэр Албек Ибраимовдун басымы менен көчө атын алмаштыруу боюнча жыйын эки мүнөткө гана созулуп, журналисттерди катыштырбастан шашылыш, талкуусу жок эле чечим кабыл алынганы, мэриянын сунушу колдоо тапканы жазылды.

Шабдан баатырдын мааракесин өткөрүп, кино тарттырып, аны урматтап жаткан кезде эми кайра тарыхый инсандын атындагы көчөнүн жарымын башка аталышка көчүрүп коюу туура эмес.
Тынчтыкбек Алтымышев

Журналист Тынчтыкбек Алтымышев шаардык кеңештин чечими мыйзам бузуу жана басым менен кабыл алынды деп эсептейт:

- Мындай демилгенин баары экс-президент Алмазбек Атамбаев тараптан чыгып аткан сыяктанат. Жакында "Апрель" деген канал ачылганы турат. Аны "7-апрель" көчөсүнө жайгаштырып, бул күндүн актуалдуулугун кайра көтөрүп чыгып, 2010-жылдан кийин унутуп калган адамдарды, ошо кезде чогуу жүргөн эски командасын, электоратын кайра өзүнө тартуу аракети деп түшүнүп жатам. Өзүнүн мурдагы кадыр-баркын кайтаруу максатында ушундай амалдарга барып атат окшойт. Биринчиден, мага эң кызык болгон жери - сегиз жылдан кийин 7-апрелди кайра баштан актуалдуу тема кылып көтөрүп, эми эстеп, токтомду бузуп жатканы таң калычтуу.

Экинчиден, мыйзам бузулду. Шаардык кеңештин депутаттарын кысымга алып, мэрге бирден чакырып киргизишип, коркутчусун коркутуп кабыл алдырганы айтылууда. Мурун Алматы деп аталган көчөгө Шабдан Баатырдын ысымын ыйгардык эле. Бюджеттен миллиондогон сом бөлүнүп, Шабдан баатырдын мааракесин өткөрүп, кино тарттырып, аны урматтап жаткан кезде эми кайра тарыхый инсандын атындагы көчөнүн жарымын башка аталышка көчүрүп коюу туура эмес.

Бишкек шаардык кеңеши жана мэрия Интернетте тараган маалыматтарга комментарий берген жок. Шабдан Баатыр көчөсү Кыргызстан эгемендик алганга чейин Алматы деп аталчу. Эми аны 7-апрель деп кайра өзгөртүү чечими качан аткарылары азырынча белгисиз. Бишкек шаардык кеңеши көчөнү өзгөртүүгө 100 миң сомдун тегерегинде акча кетерин билдирүүдө.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG