Бишкек. Саат 08:30-09:00 чамасы. Маршруттук такси менен жумушка баратам. Күндөгүдөй эл тыгын. Бирде сен бирөөнүн бутун тебелеп алсаң, бирде сенин бутуңду башкасы тебелейт. Түшө тургандар “можно пройти, можно пройти” деп түртүшүп барып түшүп калмай. Мына азыр да бир кыз “Бөкөнбаевадан токтоп коёсузбу?” деп түшүп калды. Андан көп өтпөй дагы бирөө “Токтогула” деген жерден токтотту. Анан эмне дейсиң? “Токтогуладан токтоп коюңузчу” деп жатса, “Токтогула” деген жер экен деп ойлойсуң да. Чет элдиктер болгондо так ушинтип ойломок.
Баяным эмне туурасында боло турганын баамдап койдуңуздар окшойт. Ооба, биздин “байкуш” көчө аттары туурасында. Ачыгын айтайын, “Токтогуладан токтоп коёсузбу?”, “Манаса”, “Ахунбаева барбы?” деген сыяктуу сөздөрдү уксам, сөөгүм сыздайт.
Кызык ойлор кетет: “Качантан бери Иса Ахунбаев, Жоомарт Бөкөнбаев, Токтогул Сатылганов сыяктуу аталарыбыз “Ахунбаева”, “Бөкөнбаева” делип, аялзатына айланып калышкан? Жообу жөнөкөй. Орус тилинде көчө атын толук түрдө айта турган болсоң, улица имени Жоомарта Бөкөнбаева, проспект имени Манаса ж.б. болот. Ал эми биздин карапайым калк ошол орус тилиндеги “а” мүчөсүн, эмнегедир, кыргыз тилине да өткөрүп алган. Болбосо, кыргыз тилинде “Иса Ахунбаев атындагы көчө” эле болот. Эч кандай мүчө кошулбайт.
Карапайым калк деп коём. Журналисттер (коомдун агартуучулары!) каякты карап жүрөт? Көчө аттары гезит-журналдарга туура эмес басылганда, сыналгыдан туура эмес айтылганда жаның күйөт. Бир жолу Кыргызстандагы белгилүү эле ТВ каналдардын биринен “Донецкая көчөсүндө ремонт иштери жүрүүдө” деген кабар айтылды. Эмнеге Донецкая көчөсү? Кыргыз тилинде “-ская” деген мүчө укпаптырмын. Донецк көчөсү болуш керек болчу!
Эң кызыгы – көчө аттарынын өздөрүнүн туура эмес жазылышы. Шаардын бардык бурчтарынан ката жазылган көчө аттарын кездештирүүгө болот.
Мисалы, бул Төрөгелди Балтагулов атындагы көчө “Төрөгелди Балтагулова” болуп калган. Бул көчөдө кыдырата ушинтип ката жазылып турат. Мындайлар шаарда көп экендигин айтпасам да белгилүү. Себеби Кыргызстанда кыргыз тилинин абалы абдан начар.
Сиздерди канчалык деңгээлде ойлондура алганымды билбейм, бирок жок дегенде бул макаланы окугандар маршруттук таксиде “Ахунбаевден токтоп коёсузбу” деп айтса сүйүнөт элем.
Шербол Жапаралиев