Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:38

Бишкек: мэрдин кетиши көп суроо жаратты


Бишкек мэриясы жана шаардык кеңеш жайгашкан имарат.
Бишкек мэриясы жана шаардык кеңеш жайгашкан имарат.

Өкмөт Бишкектин мэри Албек Ибраимовго ишеним көрсөтпөө тууралуу шаардык кеңештин токтому боюнча чечим кабыл ала элек.

"Эгер токтом жактырылып, Ибраимов иштен алынса, анын ордун ким басат?" деген суроо коомчулукта кызуу талкууланып жатат. Интернеттеги социалдык тармактар менен маалымат каражаттарында бул кызматка талапкерлер болушу мүмкүн делген адамдардын болжолдуу тизмеси да жарыяланды.

Бишкек шаардык кеңеши 13-июлда мэр Албек Ибраимовго ишеним көрсөтпөй койгон. Мэрдин милдетин азыр анын орун басары Бакытбек Дүйшембиев аткарууда. Шаардык кеңештин токтому ошол эле күнү премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге жиберилип, үч күн ичинде бир чечим кабыл алынаары айтылган.

Бишкек шаардык кеңешинин басма сөз катчысы Чынара Усупбаева "Азаттыкка" билдиргенине караганда, азырынча өкмөттөн жооп келе элек:

- Бишкек шаардык кеңешинин чечимине премьер-министр макулбу-жокпу, бир жооп келиши керек. Эгер ал мэрге ишеним көрсөтпөө тууралуу чечимге макул болсо, анда мэрдин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулат. Мыйзам боюнча ошондо гана фракциялар, көпчүлүк коалиция жана премьер-министр өз талапкерин көрсөтүүгө укуктуу.

Өкмөттүн басма сөз кызматы да шаардык кеңештин токтому боюнча чечим чыга элек экенин ырастады.

Ал арада социалдык тармактарда жана маалымат каражаттарында Албек Ибраимовдун ордуна келе турган кишилердин ысымдары жарыяланууда. Алардын арасында мурдагы министр Аргынбек Малабаев, экс-депутат Азиз Суракматов, мурда мэр болуп иштегендерден Иса Өмүркулов, Нариман Түлеев, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Алмаз Кененбаев, мурдагы премьер-министр Темир Сариев, саясатчы Жамалбек Ырсалиев бар. Алар азырынча өз пикирлерин билдирише элек. Түлеев гана мэр болуу дымагын ачык айтып жүрөт.

Бишкек шаардык кеңешинин мэр Албек Ибраимовго ишеним көрсөтпөө тууралуу демилге көтөргөн депутаты, "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын мүчөсү Рысбай Аматов болжолдуу талапкерлердин аталып жатышын "имиш" деңгээлиндеги сөздөр катары баалап, дегеле фракциялар ортосунда талапкер тууралуу сүйлөшүүлөр жүрө электигин билдирди. Ошол эле кезде депутаттар Ош мэрин шайлоо сыяктуу альтернативасыз бир талапкерге токтолушу ыктымал экенин да жокко чыгарган жок:

Рысбай Аматов.
Рысбай Аматов.

- Талапкерлер тууралуу имиш кептер эле айтылып жатат. Расмий жарыяланганга чейин ал тууралуу айтуу туура эмес болуп калат. Имиштер айтыла берет. Негизи бизде беш эле фракция бар. Беш фракциянын бирөө оппозицияда, калганы коалицияда. Көпчүлүк учурда талапкерди коалиция сунуш кылып жүргөнүн билебиз. Ошондо мэрликке талапкерди көрсөтүү мүмкүнчүлүгү үч эле топто болушу ыктымал. Тактап айтканда, премьер-министр, коалиция же оппозиция сунуш кылышы мүмкүн. Мындайча айтканда, талапкер көрсөтүүгө чектөө бар десек болот. Маалымат каражаттарында мурунку мэр шайлоо альтернативасыз болуп калганы айтылып жүрбөйбү. Мунун себеби ошондо. Эгерде коалиция кеңешип, Ош шаарындагыдай эле фракциялардын баарынын чечими окшош болуп калса, бир талапкерди сунуш кыла беришет. Бул туура эле нерсе. Фракциялар бир чечимге келип, өз ара түшүнүшүү болсо эмнеге бир талапкерди тандоого болбосун? Азыр фракциялар арасында эч кандай сүйлөшүү жок. Депутаттар муну расмий чечим кабыл алына электе сүйлөшпөй эле туралы дегенбиз.

Рысбай Аматовдун айтымында, эгер премьер-министр шаардык кеңештин токтомун жактырса, фракциялар талапкерлерди талкуулай баштайт. Өкмөттүн чечими чыккандан кийин он күн ичинде мэр шайлоо дайындалат. Мыйзамдын негизинде мэрди Бишкек шаардык кеңеши шайлайт.

Шаардык кеңештин ишениминен чыккан Албек Ибраимов 2016-жылдын февралында бир добуштан мэр болуп шайланып, Кубанычбек Кулматовдун ордун баскан. Экөө тең экс-президент Алмазбек Атамбаевге жакын санаалаш экени маалым.

"Эркин эл" саясий партиясынын лидери, активист Мавлян Аскарбеков учурда мэрлик кызматтын үстүнөн саясий соодалашуу жүрүп жатканын белгиледи. Анын баамында, азыр деле мурдагыдай бийликке ыңгайлуу киши шайланышы мүмкүн деген кооптонуу бар:

Мавлян Аскарбеков.
Мавлян Аскарбеков.

- Азыркы болжолдуу талапкерлер да, акыркы он жылда шайланган мэрлердин бири да шаардыктардын талабы, каалоосу менен кызматка келген эмес. Президентке жакын, тааныш болгон адамдар же кандайдыр кызыкчылыктарынын артынан келген адамдар бул кызматты аркалап келишкен. Учурда ысымы аталып жаткан талапкерлердин биринин да Бишкекке жардамы жок. Бишкекке кандай мэр керек? Шаарда көп жылдан бери жашаган, ички маселелерди мыкты билген жана аларды чечүүгө аракеттенген киши керек. Элдин үнүн уга турган, бир да саясий партияга же топко байланышы болбогон, көз каранды эмес адам керек. Муну борбордук бийлик, президент да түшүнсө жакшы болмок. Тилекке каршы, буга чейин Бишкектин мэри бийликтин башындагыларга электорат тартуу, өздөрүнүн каржылык маселелерин чечүү максатында коюлуп келген. Азыр ушул абал өзгөрүшү керек. Бул биринчиси. Экинчиси - кандай гана мэр болбосун анын ишин шаардык кеңештин депутаттары көзөмөлдөйт. Эң башкы маселе ушунда турат. Шаардык кеңешке татыктуу депутаттар келгенде гана кандай мэр болбосун, анын иши көзөмөлдөнүп, мыйзамдуу иш жүргүзүүгө өбөлгө түзүлмөк. Бүгүн биз ушул эки нерседен аксап жатабыз. Шаардык кеңештин сапаты да начар. Акыркы он беш жылдан бери жарытылуу мэр да келбей койду.

Мурдагы спикер Алмамбет Матубраимов болсо Бишкектин азыркы абалы кейиштүү экенин айтып, бул кызматка экономиканы түшүнгөн кишини алып келиш керек деп эсептейт:

Алмамбет Матубраимов.
Алмамбет Матубраимов.

- Шаарда экономиканын реалдуу секторун, системалык башкарууну түшүнгөн, өндүрүштө иштеген киши гана иштей алат. Эмнеге "дүйнө жүзүндө бир система" деп жатабыз? Анткени системанын бир жеринен ката кетсе, аны оңдоого болот. Ошондуктан бизде системалык башкаруу жок, ар кандай кадрдык система кылып жатышып, ушундай маселе жаралды. Экинчиден, шаардык кеңештеги депутаттардын көбү КСДПдан. Алар өздөрүнүн партиясын, принцибин аткарган жок. Менин оюмча, мэр боюнча алгач өздөрүнчө жолугуп, катуу талкууласа болмок. Булар антпеди.

Мыйзамга ылайык, мэрликке талапкерди шаардык кеңештеги фракциялар, көпчүлүк коалиция, премьер-министр көрсөтөт. Башкалардын талапкер көрсөтүүгө укугу жок. Бишкек шаардык кеңешинин токтому боюнча премьер-министр кандай чечимге келээри азырынча белгисиз. Акыркы саясий окуялардан улам көпчүлүк "Ибраимов иштен алынат" деп божомолдоп жатат.

Албек Ибраимов өзүнө ишеним көрсөтүлбөгөндөн кийин “Фейсбуктагы” баракчасы аркылуу видеокайрылуу таратып, депутаттардын чечимин "саясий буюртма" катары баалаган жана өзү үч күнгө тоого чыгып кеткенин айткан. Ага чейин анын Кыргызстандан качып кеткени жөнүндө кабар тарап, мэрия аны четке каккан жана мэр 10-июлдан 8-августка чейин эмгек өргүүсүнө чыкканын маалымдаган.

"ТНК Дастан" ишканасындагы мыйзам бузууга байланыштуу шек саналып жаткан Ибраимов 13-июнда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) сурак берип чыккан. Факты боюнча 30-майда Кылмыш-жаза кодексинин 171-беренеси ("Кызмат абалын пайдалануу менен ишенип берилген мүлктү ээлеп алуу жана коротуу") менен кылмыш иши козголгон.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG