Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:43

Депутаттар Ибраимовду мэрликтен кетирүүнү чечти


Албек Ибраимов, 11-январь, 2017-жыл.
Албек Ибраимов, 11-январь, 2017-жыл.

Бишкек шаардык кеңеши 13-июлда кезексиз жыйында мэр Албек Ибраимовго ишеним көрсөтпөө тууралуу чечим кабыл алды. Депутаттар токтомду премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге жөнөтүштү.

Албек Ибраимов өзү жыйынга катышкан жок, кийинчерээк "шаардык кеңеш саясий чечим кабыл алды" деген мазмунда учкай билдирүү таратты. Мурунку президент Алмазбек Атамбаев "мэр ыплас каралоонун курмандыгы болду" деп билдирди.

Бишкек шаардык кеңешинин кезексиз жыйынына жалпы 45 депутаттын ичинен 40 киши катышты жана мэр Албек Ибраимовго ишеним көрсөтпөө тууралуу сунуш бир добуштан колдоо тапты.

Бишкек шаардык кеңешинин сессиясы. 13-июль, 2018-жыл.
Бишкек шаардык кеңешинин сессиясы. 13-июль, 2018-жыл.

Шаардык кеңештин төрагасы Алмаз Кененбаев "Азаттыкка" комментарий берип жатып, шаардагы азыркы абалга, мэриядагы кризиске байланыштуу кезексиз жыйын өткөрүү тууралуу фракция лидерлери кайрылганын айтты. Кененбаев Ибраимовду "иш кычап турган маалда, мэриянын жооптуу кызматкерлерине кылмыш иши козголуп, камакка алынып жаткан чакта эч ким менен кеңешпей, эмгек өргүүсүнө чыгып кетти" деп күнөөлөдү:

- Аны биз, КСДП сунуш кылганбыз, биздин талапкер болчу. Биз ошол жоопкерчиликти сезип, шаардагы азыркыдай кырдаалда мындан да жаман абал түзүлбөсүн деп кезексиз жыйын курганга туура келди. Кышка даярдык көрүп, шаардын социалдык маселелерин чече турган учурда, өзүнүн биринчи орун басары камакка алынып сурак берип жатканда шаарды таштап кетип калганын кандай десе болот?

Жазында шаардык кеңештеги оппозициялык "Республика - Ата Журт" фракциясы гана Албек Ибраимовдун отчетун уккан жана аны канааттандырарлык эмес деп баалаган. Аталган фракциянын депутаты Канатбек Мүзүралиев Ибраимовду "шаардыктардан жана алардын проблемасынан алыстап кеткен" деп сындады:

- Бул адамдын эң чоң кемчилиги - эл менен иштебегендиги. Борбордук эшик турса, ал акыркы убакта арткы эшик менен кирип-чыгып калган. Эл менен байланышта болуудан качып калган. Азыр бул чечимди "саясий буюртма" деп жатышат. Эмненин негизинде саясий буюртма болот? Биз бул жерден жол, бак, жер сатуу өңдүү Бишкек шаарынын эли көтөргөн гана маселелерди көтөрүп жатабыз. Бүгүнкү күндө кемчиликтер болбосо иш козголбойт эле да?

Шаардык кеңеш мэрге ишеним көрсөтпөөнү колдоду
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:51 0:00

Албек Ибраимов тууралуу КСДП фракциясынын депутаты Алмазбек Уланов гана жылуу сөзүн айтты. Анын пикиринде, мэрди өзүнүн командасы уят кылды:

- Эми болоору болду, бирок Албек Ибраимов ыраазычылыкка арзыйт. Анын убагында бир топ иштер жасалды. Шаардын бакубаттыгы үчүн өзгөчө чечимдер кабыл алынды. Анын командасы, ошол эле вице-мэр уят кылганы өкүнүчтүү. Анткени ал партияны да уят кылды десек болот. Ошондуктан ыраазычылык сөздөрдү да унутпасак.

Албек Ибраимов "качып кетти" деген күдүк сөздөр күчөп жаткан чакта ал "Фейсбуктагы" баракчасына чакан видео кайрылуу жарыялады. Анда үч күндөн бери тоодо жүргөнүн, кезексиз жыйын тууралуу кеч укканын айтып, шаардыктарга, өзү менен иштешкен адамдарга ыраазычылык билдирди. Ибраимов шаардык кеңештин ага ишеним көрсөтпөө тууралуу чечимин саясий буюртма деп сыпаттады:

- Шаарды өнүктүрүү боюнча жакшы программаларды чогуу ишке ашырганыбызга ыраазымын. Мен ар дайым силер мененмин. Бүгүнкү чечим - саясий буюртма. Бул чечим боюнча кийинчерээк да көп маалымат бергенге даярмын.

КСДП Алмазбек Атамбаевдин Албек Ибраимов тууралуу кайрылуусун таратты.

"Албек Ибраимовду өтө ыпластык менен кодулоонун жана саясий себептердин жыйынтыгы күн мурун эле белгилүү болуп турат. Карап көргүлөчү, жарым жылдан бери кандай гана жугундуларды куюп, ишке кандай гана тоскоолдуктарды жаратып жатышат! Албек Ибраимовду натыйжалуу иштеген мэр деп эсептейм. Анын убагында борбор шаарыбыздын чечилбестей көрүнгөн эсепсиз маселелери биринин артынан бири чечиле баштабады беле? Ар дайым чечкиндүүлүк менен кадам таштачу, болгондо да кыйын, өткүр чечимдерди кабыл алчу. Бирок шаардыктардын алдында дайыма өзү жооп берчү жана башкалардын артына жашынчу эмес. Бүгүн бул адамдардагы өтө сейрек сапат болуп калды го”, деп айтылат билдирүүдө.

Алмазбек Атамбаев президент кезинде Албек Ибраимовду кабыл алган учуру. 2016-жыл, 29-июнь.
Алмазбек Атамбаев президент кезинде Албек Ибраимовду кабыл алган учуру. 2016-жыл, 29-июнь.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин эң ишенимдүү адамдарынын бири болгон Албек Ибраимов мэр болуп 2016-жылы февраль айында шайланган. Анда 43 депутаттын бирөөнөн башкасынын баары анын талапкерлигин колдогон. Ал жаңыдан кызматка киришкенде өзүнө чейинки мэр Кубанычбек Кулматовдун ишин улантууга убада берген.

12-июлда Албек Ибраимов Кыргызстандан качып кеткени тууралуу кабар тарап, бирок мэриянын басма сөз кызматы аны четке каккан. Мекеме Ибраимов 10-июлдан 8-августка чейин эмгек өргүүсүнө чыкканын маалымдаган.

"ТНК Дастан" ишканасындагы мыйзам бузууга байланыштуу шек саналып жаткан Ибраимов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) 13-июнда сурак берип чыккан. Факты боюнча 30-майда Кылмыш-жаза кодексинин 171-беренеси ("Кызмат абалын пайдалануу менен ишенип берилген мүлктү өзүнө ээлеп алуу жана коротуу") менен кылмыш иши козголгон.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG