Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:42

Африкада өлтүрүлгөн орусиялык журналисттердин сөөгү жерге берилди 


Александр Расторгуев, Кирилл Радченко, Орхан Жемал.
Александр Расторгуев, Кирилл Радченко, Орхан Жемал.

Москвада Борбордук Африка Республикасында курман болгон орусиялык журналисттер 7-августта акыркы сапарга узатылды. Алардын сөөгү Москвадагы көрүстөндөргө коюлду.

Журналисттер Орхан Жемал, Александр Расторгуев жана Кирилл Радченко 30-июлда Борбордук Африка Республикасында киши колдуу болушкан.

Чыгармачыл топ Африкага 28-июлда барып, 18-августта кайтып келмек. Алар “Вагнердин аскердик жеке компаниясы” (ЧВК Вагнера) деген ат менен белгилүү орусиялык кошуундун ал өлкөдөгү жалданма аскерлери жөнүндө Михаил Ходорковскийдин “Иликтөөлөр борбору” үчүн даректүү тасма тартышмак.

6-августта маркумдарга Орусиядагы эркин журналисттерди колдоого багытталган “Редколлегия” сыйлыгы ыйгарылды.

XS
SM
MD
LG