Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
шаршемби, 19-февраль, 2020 Бишкек убактысы 17:25

БУУ: дүйнөдө жалданма аскерлер көбөйдү


"Вагнер" жеке менчик аскердик компаниясынын жоокерлеринин Сирияда тартылган сүрөтү.

БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш дүйнө жүзүндө жалданма аскерлердин саны өсүп жатканына тынчсыздануусун билдирди. Ал жеке менчик аскердик компаниялар кайсы бир тараптын гана кызыкчылыгын коргобостон, чоң кылмыштарга аралашып жатканын айтты.

4-февралда Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинде Африкадагы туруксуз абалга чет өлкөлүк жалданма аскерлердин тийгизген таасири талкууланды.

Баш катчы Антониу Гутерриш дүйнөнүн чар тарабындагы жеке аскердик компаниялардын жоокерлери мурдагыдан көбөйгөнүн белгилеп, алар жөн гана кайсы бир өлкөнүн же адамдар тобунун коопсуздугун сактабастан, транс-улуттук кылмыштарга жана террорчул аракеттерге аралашып жатканын айтты.

Ал Африканын Сахель аймагында жалданма аскерлер аткезчилик менен алектенгенин, андай жоокерлер 2010-жылы Кот-д’Ивуардагы шайлоодон кийинки башаламандыкка да катышканын мисал катары көрсөттү.

Мындан улам Гутерриш дүйнө өлкөлөрүн мындай күчтөрдү колдонууга каршы мыйзамдарды күчөтүүгө, жеке менчик аскердик компаниялардын катарын жаңы жоокерлер менен толуктоо аракеттерин алдын алууга чакырды:​

БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш.
БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш.

- Алардын санына келгенде тактык жок болсо да, жалданма аскерлердин таасири айдан ачык. Мындай аскерлердин жана башка чет өлкөлүк жоокерлердин кайсы бир өлкөдө болгону жаңжалды күчөтүп, туруктуулукка шек келтирет. Жалданма аскерлер бир согуштан экинчисине кошулуп, кандуу куралдарын колдонуп жатышат. Аларда кымындай да жоопкерчилик жок. Эл аралык гуманитардык нормаларды такыр сыйлашбайт. Жалданма аскерлердин аракети мыйзам үстөмдүгүнө шек келтирүүдө.

1989-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясы Жалданма аскерлерди ишке алуу, колдонуу, каржылоо жана машыктырууга каршы эл аралык конвенция кабыл алган. Бул документ 2001-жылы гана күчүнө кирген. Бирок азырынча аталган конвенцияны болгону 35 гана өлкө жактырды. Ага АКШ, Орусия, Кытай, Индия, Британия,Франция сыяктуу ири армиясы бар өлкөлөр кошулган эмес.

Батыш мамлекеттеринде жеке менчик аскерий компаниялар өткөн кылымдын 60-жылдарынын аягы, 70-жылдарынын башынан тарта эле түзүлө баштаган жана алардын айрымдарынын иши мыйзамдаштырылган. Мындай компаниялар адатта согуш жүрүп жаткан аймактарда коопсуздук жана күзөт кызматтарын да аркалайт.

Соңку мезгилде Орусиянын жеке менчик аскердик компанияларынын же ЧВКларынын маселеси күн тартибине чыкты. Орусиялык жалданма аскерлер Сирияда, Украинада, Борбордук Африка Республикаларында иш алып барып жатканын, мындай компаниялардын эң ириси президент Владимир Путиндин "ашпозчусу" атыккан олигарх Евгений Пригожиндин "Вагнер" ЧВКсы экенин орус маалымат каражаттары байма-бай жазып жүрүшөт.

Кантсе да Африкадагы “вагнерчилердин” ишмердиги быйыл 31-июлда орусиялык үч журналист Борбордук Африка Республикасында киши колдуу болгондон кийин чоң талкуу жаратканы маалым. Журналист Орхан Жемал, оператор Кирилл Радченко жана режиссер Александр Расторгуев “Вагнердин” Африкадагы изин акмалап, алар тууралуу даректүү тасма тартуу үчүн бул өлкөгө барган эле.

Москва Африкада орусиялык инструкторлор гана бар деп ишендирип келет. Анын үстүнө Кремл мындай жеке менчик аскердик компанияларды расмий түрдө тааныган эмес.

Андыктан Коопсуздук кеңешинин 4-февралдагы жыйынында Орусиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Василий Небензя жеке менчик аскердик компанияларды, кезинде андай аскерлерди колдонгон Батыш өлкөлөрүн айыптап сүйлөдү:​

Орусиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Василий Небензя.
Орусиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Василий Небензя.

- "Ийгиликтин аскерлери" - ишмердүүлүгү көпчүлүк өлкөлөрдө, анын ичинде Орусияда да кылмышка тете экенине карабастан, учурдагы куралдуу кармаштардын четке кага алгыс реалдуулугу болуп калганы жашыруун эмес. Андыктан Африкадагы жалданма аскерлердин маселесинин талкууланганы абдан маанилүү. Андай жоокерлерди колдонуу - көп учурда башка өлкөнүн ички ишине кийлигишүү аракети менен түздөн-түз байланышта.

Деген менен жакында эле орусиялык жалданма аскерлердин Венесуэлада өкүм сүрүп жаткан саясий кризиске аралашканы тууралуу кабарлар тарады. 25-январда "Reuters" агенттиги "Вагнер" деп аталган жеке аскердик компаниянын 400 жоокери Венесуэланын легитимдүүлүгү талаш жараткан президенти Николас Мадурону коргош үчүн жөнөтүлгөнүн кабарлаган.

Агенттиктин маалыматына караганда, "вагнерчилер" адегенде чартердик каттам менен Кубага жетип, андан ары Венесуэлага жөнөшкөн. Ошондой эле жалданма аскерлер Москвадан эмес, башка бир үчүнчү өлкөдөн учуп барганы айтылган.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Москва Мадуронун коопсуздугун камсыз кылыш үчүн Венесуэлага жалданма аскерлерди жибербегенин айтып, “коркконго кош көрүнөт” деп билдирген.

Москва жалданма аскерлери бар экенин четке какканы менен өткөн жылдын соңунда орусиялык жеке менчик аскердик компаниялардын өкүлдөрү жана жалпы орус куралдуу күчтөрүнүн ардагерлери Гаагадагы Эл аралык кылмыш сотуна арыз менен кайрылганы белгилүү. Алар жеке менчик компаниялар жалдаган, Сирия, Украина сыяктуу аймактардагы куралдуу жаңжалдарга катышып жаткан орусиялыктардын укугу корголбой жатканын айтышып, мындай компаниялардын макамын аныктоону, аскерлерди камкордукка алууну талап кылышкан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (1)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG