Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:47

Кремль Венесуэлага жалданма аскерлер жиберилгенин танды


Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков. 20-декабрь, 2018-жыл.
Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков. 20-декабрь, 2018-жыл.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Москва Венесуэланын президенти Николас Мадуронун коопсуздугун камсыз кылыш үчүн жалданма аскерлерди жибербегенин билдирди.

Песков Орусиянын телеканалындагы “Москва. Кремль. Путин” аттуу программага катышканда 400 жалданма аскер Венесуэлага жиберилгени тууралуу суроого “андай эмес” деп жооп берди. Ал “коркконго кош көрүнөт” деп кошумчалады.

25-январда "Reuters" агенттиги Орусиядагы "ЧВК Вагнер" деп аталган жеке аскердик компаниянын 400 жоокери Венесуэланын легитимдүүлүгү талаш жараткан президенти Николас Мадурону коргош үчүн жөнөтүлгөнүн маалымдаган. Бул жеке аскердик кошуун Африкадагы жана Сириядагы согуштарга катышып жүргөнү белгилүү.

Агенттиктин маалыматына караганда, "вагнерчилер" адегенде чартердик каттам менен Кубага жетип, андан ары Венесуэлага жөнөшкөн. Ошондой эле жалданма аскерлер Москвадан эмес, башка бир үчүнчү өлкөдөн учуп барганы айтылган.

Латын Америкасындагы Венесуэла мамлекетинде кош бийлик орноду. Саясий кризиске кептелген өлкөдө 23-январда оппозиция лидери, парламент төрагасы Хуан Гуайдо өзүн утурумдук президент деп жарыялап, ант берди.

Венесуэланын армиясы жана башка маанилүү мамлекеттик органдары дагы эле Мадуронун бийлигине баш ийип турушат.

XS
SM
MD
LG