Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Октябрь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 07:06

"ЧВК Вагнердин" 400 жоочусу Венесуэлага жөнөтүлгөнү кабарланды


Мадуро жана Путин.

Орусиядагы "ЧВК Вагнер" деп аталган жеке аскердик компаниянын 400 жоочусу Венесуэланын легитимдүүлүгү таанылбай жаткан президенти Николас Мадурону коргоо үчүн жөнөтүлгөн. Бул тууралуу "Reuters" агенттиги маалымдады. Азырынча Кремль бул тууралуу комментарий бере элек.

Шаршембиде президенттин ыйгарым укуктарын өзүнө алганын жарыялаган Хуан Гуайдо жума күнкү митингде сүйлөп жатып, эмки аптада Каракаста ири демонстрацияларга даярдык жүрүп жатканын жарыялады.

Буга чейин Венесуэланын президенти, саясий кризиске кептелген Николас Мадуро оор кырдаалда көргөзгөн колдоосу үчүн Орусия, Кытай, Түркия өңдүү өлкөлөргө рахмат айткан. Эки жума мурда кийинки алты жылдык мөөнөттө өлкөнү башкарууга ант берген Мадуро Гуайдонун бийлигин мыйзамсыз деп атоодо. Ал эми Мадуронун ыйгарым укуктарын өлкө парламенти жана бир катар мамлекеттер, анын ичинде АКШ тааныбай жатат.

Венесуэланын Элдик ассамблеясынын башчысы, өзүн мамлекеттин жаңы президенти деп жарыялаган Хуан Гуайдо жума күнү Каракастагы митингде күч органдарына кайрылып, аларды "эл тарапка өтүүгө" чакырды.

"New York Times" гезити кабарлагандай, митингге 500дүн тегерегинде киши катышып, жыйын тынч өттү. Полиция акцияга тоскоолдук жаратпады жана Гуайдону кармоого аракет кылган жок.

Пикирлерди көрүңүз (14)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG