Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:45

АКШ Орусияга карата санкцияларын кеңейтти


Кошмо Штаттардын Соода министрлиги
Кошмо Штаттардын Соода министрлиги

АКШ орусиялык оппозиционер, учурда камакта жаткан Алексей Навальныйга байланыштуу Орусияга карата санкцияларын кеңейтти.

Бул тууралуу Кошмо Штаттардын Соода министрлигинин расмий сайтында кабарланды. Ага ылайык, 18-марттан тартып АКШ улуттук коопсуздукка байланыштуу товар жана технологияларды Орусияга экспорттоого жана реэкспорттоого тыюу салат.

Бул санкциялардан Орусиянын авиация жана космос тармагы зыян тартышы мүмкүн.

Министрлик санкцияларды кеңейтүү боюнча билдирүүдө “Өлкө аймагында жана сыртында бийликтин сынчыларына нерв системасын шал кылуучу уулуу затты колдонуу менен орус өкмөтү химиялык куралга тыюу салган Конвенцияны одоно бузду жана өз жарандарынын, чет өлкөлүктөрдүн өмүрүн коркунучка кептеди. Буга байланыштуу Соода министрлиги химиялык курал тармагында колдонулушу мүмкүн делген аялуу америкалык технологияларды Орусияга сатууга тыюу салат”, - деп билдирген.

Буга чейин Навальныйдын маселесинен улам 2-мартта АКШ Орусиянын жети жогорку даражалуу жетекчисине санкция киргизе турганын жарыялаган. “Кара тизмеге" Федералдык коопсуздук кызматынын башчысы Александр Бортников, президент Владимир Путиндин администрация жетекчисинин орун басары Сергей Кириенко, коргоо министринин орун басары Алексей Криворучко баштаган жетекчилер илинген.

Алексей Навальный быйыл январда Германиядан келгенден кийин кармалган. Ал февралдын башында 2014-жылкы иши боюнча 3 жыл 8 айга эркинен ажыратылган. Кийин Москва шаардык соту мөөнөттү бир аз азайтуу менен чечимди күчүндө калтырган. Навальный учурда Владимир облусундагы Покров шаарчасындагы түзөтүү колониясында жазасын өтөп жатат.

XS
SM
MD
LG