Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:06

АКШ Навальныйдын абалына кабатыр


Алексей Навальный
Алексей Навальный

Абакта жаткан оппозиционер Алексей Навальный омурткасынан мертинип, колу сенейип калганы аныкталды. АКШ «Навальный түрмөдө ак жеринен отурат» деп, саясатчынын өмүрүнө жоопкерчиликти орус бийлигине жүктөдү. Бирок Кремль Навальныйдын үзөңгүлөштөрүнө куугунтукту токтоткон жок.

Орусиядагы оппозиция лидери Алексей Навальныйдын эки омурткасынан грыжа табылды. Муну ал жаткан Покровдогу №2 түзөтүү колониясынын дарыгерлери атайын текшерүүдөн өткөргөндөн кийин аныкташты.

Ольга Михайлова
Ольга Михайлова

Навальныйга кирип чыккан адвокат Ольга Михайлова саясатчынын кыр аркасы менен буту эле оорубастан, колдору дагы жакшы иштебей жатканын билдирди. Навальный түрмөнүн ооруканасында ооруну басаңдатуучу диклофенак жана никотин кислотасы өңдүү дарыларды сайдырууга каршы болгон. Адвокатынын айтымында, бул дарылар медицинада 30 жыл мурда эле колдонулбай калган.

44 жаштагы Навальный ден соолугу начарлаганын үч жумадан бери билдирип келет. 24-мартта түрмөнүн кызматкерлери аны абактан тышкары жайгашкан ооруканага алып барып, МРТ жасашкан. Анда абак жетекчилиги саясатчынын абалын «канааттандырарлык» деп таап, анализдердин жыйынтыгын айткан эмес.

Навальный МРТнын жыйынтыгын 7-апрелде адвокаттары абакка киргизилгенде берген. Михайлова азыр саясатчынын дене табы кичине түшүп калганын, бирок көк жөтөлү басыла электигин кошумчалаган.

Кечээ Навальныйдын коронавируска тапшырган тести да таза чыккан.

«Алексей азыр өзү басып жүрөт. Бирок кыйналып жатат. Буту-колунун манжалары сенейип калганы кооптуу, бул оорусу күчөп жатканын билдирет», - деп жазды адвокаттардын бири Вадим Кобзев «Твиттерге».

Абакта өзүнө медициналык жардам көрсөтүлбөй, чет жактан дарыгер чакырууга да уруксат берилбей жатканын айткан Навальный 31-мартта ачкачылык жарыялаган. Азыркы абалына карабастан ал ачкачылыкты токтоткон жок.

Владимир облусундагы колонияга которулгандан бери cаясатчы 13 килограммга арыктап кеткени айтылган. Кобзев Навальный күнүнө бир килограмм салмак жоготуп жатканын белгилеген.

Жен Псаки
Жен Псаки

7-апрелде АКШ Навальныйдын ден соолугунун кескин начарлашына тынчсызданып, орус бийлигин анын коопсуздугу менен саламаттыгын камсыздоого чакырды.

«Ал түрмөдө отурган кезде анын саламаттыгы менен өмүрүнө Орусиянын өкмөтү жооптуу. Биз бул абалга тыкыр көз салабыз. Мен дагы бир жолу белгилейм, биз Навальный саясий негизи бар, токулган кылмыш иши менен абакта отурат, бул чыркыраган адилетсиздик деп эсептейбиз. Өнөктөштөрүбүз менен аны тез арада бошотууну талап кылабыз», - деди Ак үйдүн басма сөз катчысы Жен Псаки.

Вашингтон Кремлди Навальныйдын тарапташтарына карата куугунтукту токтотууга үндөдү.

Буга чейин "Amnesty International" эл аралык укук коргоо уюмунун башчысы Аньес Калламар абакта Навальный кыйноонун ар кандай түрүнө кабылып жатканын айтып, «орус бийлиги аны жай өлүмгө буйруп койду» деген билдирүү тараткан.

Ал эми Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Навальныйга керектүү медициналык жардам көрсөтүлүп жатканын айтып, бирок абакта жаза өтөп жаткан адамга өзгөчө эч кандай жеңилдик же атайын шарттар берилбестигин баса белгилеп келет.

Навальный сегиз ай мурда «Новичок» менен ууландырылгандан кийин Берлинде эки жума комага түшүп, эсине келген. Узакка дарылангандан кийин Москвага кайтканында камакка алынып, 2014-жылкы кылмыш иш боюнча «шарттуу жазанын эрежелерин сактаган жок» деген доо менен 2,5 жылга эркинен ажыратылган.

Навальный аны ууландырууга президент Владимир Путинди күнөөлөп, кылмыш иштерин «саясий буйрутма» катары баалап келет.

Оппозициячыга боштондук берүүнү талап кылган Навальныйдын тарапташтары жакында Орусияда ири митингдер өтөрүн жарыялашкан. Кечээ полиция Навальныйдын Санкт-Петербургдагы штабында тинтүү жүргүзгөн.

Ал эми саясатчынын түрмөнүн ооруканасына түшүп калганы маалым болгондон кийин 6-апрелде Владимир облусундагы Покров шаарындагы колониянын алдына топтолгондордун арасынан кармалган төрт киши «коомдук жайдагы тартипти бузду» деген жүйө менен 8-9 күнгө камакка алынды.

23-январда Москвада өткөн Навальныйды колдоо акцияларынан кийин «коронавирус пандемиясына байланыштуу кабыл алынган санитардык нормаларды бузду» деп айыпталып, үй камагына алынган Навальныйдын жакын үзөңгүлөштөрү Любовь Соболь, Люса Штейн, Константин Янкаускас жана иниси Олег Навальныйга карата Москва соту жазаны өзгөртүп, алардын башка айыпталуучулар менен кабарлашуусуна, байланыш каражаттарын колдонуусуна жана кат алышуусуна чектөө киргизди.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

Тектеш

XS
SM
MD
LG