Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:04

Полиция Навальныйдын Санкт-Петербургдагы штабын тинтти


Санкт-Петербург. Алексей Навальныйды бошотууну талап кылган митинг. 31-январь, 2021-жыл.
Санкт-Петербург. Алексей Навальныйды бошотууну талап кылган митинг. 31-январь, 2021-жыл.

Аталган штабдын координатору Ирина Фатьянова полиция экстремисттик адабият жана тыюу салынган үгүт баракчалары сакталган деген маалымат боюнча кеңсеге келгенин билдирди.

Мындан башка полиция кеңседегилерден алардан алдыдагы макулдашылбаган саясий акцияга катышарын текшерген. Полиция кызматкерлери Навальныйдын штабына кайсы бир жарандын арызы боюнча келишкенин белгилешкен.

Оппозиционер саясатчынын тарапташтары бир күн мурун Навальныйды колдоо боюнча баракчалар кеңсеге жеткирилгенин айтышты. Алар тинтүүнүн башкы себеби ошол баракчалар болушу мүмкүн экенин айтышты.

Алексей Навальныйдын командасы анын эркиндикке чыгышын талап кылган жакында ири митингдер өтөрүн жарыялаган.

Москвадан 100 чакырымдай алыс турган Покров шаарындагы абакта отурган саясатчы Алексей Навальный жакында адвокаттары аркылуу аны менен отурган 15 адамдын үчөө кургак учук менен ооруй турганын билдирген. Алексей Навальный өзү да жөтөлүп, дене табы көтөрүлүп, калтырак басып жатканын айткан.

“Amnesty International” эл аралык укук коргоо уюмунун башчысы Аньес Калламар абактагы Алексей Навальныйга ал ишене турган дарыгерди киргизүүнү талап кылып, Орусиянын президенти Владимир Путинге кайрылды. Ошондой эле аны эркиндикке чыгарууну сураганын укук коргоочу “Твиттерге” жазды.

Кремлдин сынчысы Навальный былтыр жайында ууландырылып, Германиядан дарыланып, быйыл январда Москвага учуп келгенде камакка алынган.

XS
SM
MD
LG