Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:10

Орус укук коргоочулары Акыйкатчыны абактагы Навальныйды көрүп чыгууга үндөштү


Алексей Навальный жаткан Покров абагы, Владимир облусу. 2021-жылдын 28-февралы.
Алексей Навальный жаткан Покров абагы, Владимир облусу. 2021-жылдын 28-февралы.

Орусиядагы 30 чакты укук коргоочу өлкөнүн Акыйкатчысы Татьяна Москалькованы абактагы оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйды тез арада көрүп чыгууга үндөштү. Бул тууралуу «Мемориал» укук коргоо борборунун интернет барагында 2-апрелде жарыяланды.

Билдирүүнүн авторлору Навальныйдын оор акыбалы, медициналык жардамдын жоктугу жана уйкусуздуктан жапа чеккендиги жөнүндө абактан келип түшкөн кабарлар олуттуу тынчсызданууну жаратарын белгилешет.

"Аны ошол жерде акырындык менен өлтүрүп жатышкандай таасир калтырат", – деп жазылган билдирүүдө.

Мындай кырдаалда ыкчам аракет кылуу – Орусиянын Адам укуктары боюнча Акыйкатчысынын түздөн-түз милдети болуп санала турганын белгилешкен.


Навальный ден соолугунун начарлашына, абактын жетекчилигинин жана кызматкерлеринин кысымына нааразы экенин маалымдаган. Анын үстүнө, ал уктай албай жатканын жана Покров абагында жүргөндө 8 килограммга арыктаганын билдирген.

Буга чейин орусиялык маданият ишмерлери милициянын генерал-майору атайын наамына ээ Москальковага кайрылып, түрмөдөгү Навальныйга баруу өтүнүчүн айтышкан. Акыйкатчы бул өтүнүчкө жооп берген эмес.

Ал эми кремлчил «Раша тудэй» (RT) сыналгы каналынын алып баруучусу Мария Бутина Навальный жаткан абакка (колонияга) келип кеткен соң, бул абакты “пионер лагериндей” жакшы шартта, ал эми Навальный өзү башка абактагыларга тынчтык бербейт экен» деп айтып чыккан.

2-февралда Москвадагы Симонов райондук соту Алексей Навальныйды 2013-жылдагы кылмыш иши боюнча айыптуу деп таап, мурдагы шарттуу жазаны абакка алмаштырган. Адам укуктары боюнча европалык сот 2013-жылдагы иштин өкүмүн кайра карап чыгууну талап кылган болчу. Эми Навальный абакта дээрлик эки жарым жыл отурууга тийиш.


Навальный болсо өзүн ак деп эсептейт. 31-мартта ал өзүнө дарыгерлерди жиберүүнү талап кылып, ачкачылык жарыялаган. Өлкөдө 1,5 миңден ашуун дарыгер ага медициналык жардам берүү талабын айтып чыгышкан. (TT)

XS
SM
MD
LG