Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:44

Кремль АКШны «кара тизмеден» карманууга чакырды


Жо Байден АКШнын вице-президенти, ал эми Владимир Путин Орусиянын премьер-министри болуп турганда Москвадагы жолугушуу, 2011-жылдын марты.
Жо Байден АКШнын вице-президенти, ал эми Владимир Путин Орусиянын премьер-министри болуп турганда Москвадагы жолугушуу, 2011-жылдын марты.

Бир катар дүйнөлүк басылмалар Кошмо Штаттары Орусиядагы бир катар жогорку даражалуу аткаминерлерди жана ондогон орусиялык уюмдарды «кара тизмеге» киргизүүгө камданып жатканын жазышты.  

Мындан улам шаршембиде Кремль орус президенти Владимир Путиндин америкалык кесиптеши Жо Байден менен жолугушуусу Вашингтондун кийинки кадамдарынан көз каранды болорун билдирип, Кошмо Штаттарын Орусияга каршы жаңы санкцияларды салуудан карманууга чакырды.

Мындан сырткары Путиндин тышкы саясат боюнча жардамчысы Юрий Ушаков АКШнын Москвадагы элчиси Жон Салливанды сүйлөшүүгө чакырып, «Москва санкцияларга кескин жооп берерин» эскерткени маалым болду.

Байден 13-апрелде Путин менен байланышып, ортодогу талаш-тартыштуу маселелерди чечүү үчүн жана орус-украин чек арасындагы чыңалууну азайтуу максатында көзмө-көз жолугушуу өткөрүүнү сунуш кылган.

Ак үйдүн басма сөз катчысы Жен Псаки Байден Путинге «орус бийлиги жасаган иштеринин кесепетин көрөрүн» эскертүү максатында чалганын белгилеп, ошол эле кезде Вашингтон Москва менен «ачык жана стабилдүү» алака түзүүгө кызыкдар экенине токтолгон.

Байдендин жолугушуу тууралуу сунушуна Путин азырынча үн ката элек. Буга чейин Байден маектеринин биринде «Путинди киши өлтүргүч» деп эсептерин айткан жайы да бар.

«Албетте, Европанын бир өлкөсүндө жолугушуу тууралуу сунуш эми азыркы кырдаалга жана кесиптештердин кийинки кадамдарына жараша каралат», - деди Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков журналисттерге комментарий берип жатып.

"Bloomberg", "Reuters", "The New York Times", "The Wall Street Journal" сыяктуу ири басылмалар өз булактарына таянып, Вашингтон 15-апрелде Кремлдеги айрым жогорку бийлик өкүлдөрүнө жана 30дай жергиликтүү уюмга санкция салганы жатканын жазып чыгышты.

Ага ылайык, АКШ бул «кара тизмеге» соңку президенттик шайлоого таасир этүүгө аракет кылып, өкмөттүк мекемелердин сайтына каршы киберчабуул уюштурганы үчүн айрым орус чалгынчыларын киргизип, он чакты орус дипломатын өлкөдөн чыгарганы жатат.

АКШнын Улуттук чалгын кызматы былтыр декабрда орус хакерлери финансы, юстиция жана соода тармагындагы баш-аягы тогуз мамлекеттик мекеме-органдын жана жүздөй жеке компаниялардын сайтына чабуул жасаганын жарыялашкан.

Өткөн айда чалгын кызматынын баяндамасында Москва менен Тегеран Кошмо Штаттарындагы соңку президенттик шайлоодо коомдук пикирди бурмалоо максатында жалган маалыматтарды атайлап таратып, шайлоочулардын тандоосуна таасир этүүгө аракет кылганы белгиленген.

Жо Байден президенттик кызматка жаңы киришкенде эле шайлоолорго чет жактан кийлигишүүлөрдү, Ооганстанда америкалык жоокерлердин башы үчүн жарыяланган сыйлыктарды, киберчабуулдарды жана орус оппозиция лидери Алексей Навальныйдын ууландырылышын иликтөөнү тапшырган.

Өткөн айда Вашингтон Навальныйдын окуясынан улам биологиялык жана химиялык өндүрүшкө тиешеси бар делген 14 орусиялык уюмга, анын ичинде 9 коммерциялык ишканага экспорттук чектөө киргизген.

АКШнын «кара тизмесине» Орусиянын жогорку даражалуу жети аткаминери илинген. Ага ылайык, өткөн айдан тартып АКШдан улуттук коопсуздукка байланыштуу бардык товар-буюмдарды, технология, жабдык жана программалык камсыздоону Орусияга экспорттоо жана реэкспортоо чектелген.

Орусия АКШнын жогорудагы дооматтарынын баарын четке кагып келет.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG