Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:27

Казакстанда сел каптаган абалды чагылдырган журналист жазаланды


Раул Упоров.
Раул Упоров.

Казакстанда сел каптаган аймактардагы абалды чагылдырып иштеген журналистке «майда ээнбаштык» деген айып тагылып, айыппул салынды. «Азаттыктын» казак кызматынын маалыматына караганда, Батыш Казакстан облусунун Орал шаарында административдик мыйзам бузуулар боюнча сот «Просто журналистика» долбоорунун авторлорунун бири, журналист Раул Упоровго 73 840 теңге (болжол менен 160 доллар) айыппул салды.

Упоров облустун Өзгөчө кырдаалдар департаментинин дарегине айткан катуу сыны үчүн ушундай мамилеге кабылганын, соттун чечимине каршы арызданарын билдирди.

«Бийликке тил алчаак, башкарса боло турган журналисттер керек. Журналисттер суу каптаган аймактарга эми бара албай, дрон менен тарта албай калышты. Маалыматты департаменттин басма сөз кызматынан гана алса болот экен», — деди ал.

Март айынын соңунан тартып дээрлик бир ай бою Казакстандын батыш жана түндүк аймактарында сел жүрүп, он чакты облуста өзгөчө кырдаал жарыяланган. 120 миңдей киши үйүн, короо жайын суу алып, эвакуация болгон. 7 миңден ашуун үйдү суу каптаган. Кеминде жети киши каза тапканы расмий айтылган. Селге каршы чаралар убагында көрүлбөгөнүн айтып бийликке нааразылыгын билдирип чыккандарга айыппул салынган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG