Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:37

Аба ырайы: Бишкекте катуу шамал болот. 2-майда жаан жаайт


Бишкектеги жаз. Иллюстративдик сүрөт
Бишкектеги жаз. Иллюстративдик сүрөт

1-майда кечке маал Бишкекте катуу шамал болот деп Аба ырайын аныктоо борбору билдирди. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-25 метрге жетет.

2-майда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй облусунун айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жаан жаап, күн күркүрөшү ыктымал. Бийик тоолуу райондордо кар түшөт.

Жалал-Абад облусунун өрөөндөрүндө, Талас, Ош жана Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 5…10, күндүз 20…25 жылуу.

Суусамырда түнкүсүн -2…+3 градус, күндүз +13…+18.

Талас облусунда +4…+9, күндүз +19…+24.

Баткен, Ош жана Жалал-Абад облусутарында түн ичинде +5…+10, күндүз +20…+25 градус.

Нарындын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн +1…+6, күндүз +15…+20.

Бийик тоолуу райондордо тун ичинде -6…-11, күндүз +1…+6.

Бишкек шаарында 2-майда түнкүсүн жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт. Аба табы түнкүсүн +8…+10°, күндүз +23…+25 градус жылуу болот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG