Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:27

Бишкекте абаны булгаган айдоочуларга айып пул салынууда


Бишкекте аба айрыкча кышында булганат. Фото архивден.
Бишкекте аба айрыкча кышында булганат. Фото архивден.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин тийиштүү кызматы быйыл үч айда автоунаасы абаны булгаган айдоочуларга 105 миң сом айып пул салды. Бул тууралуу Министрлер кабинети билдирди.

Маалыматка ылайык министрлик Жол кайгуул кызматы менен чогуу 25 иш-чара өткөрүп, анын жүрүшүндө 383 автоунааны текшерген. Анын жыйынтыгында айдоочуларга 105 миң сом айып салынган.

Мындан тышкары элүү ишкана текшерүүдөн өтүп, алар 607 миң сом айып пул төлөмөк болду.

Бишкек акыркы жылдарда кыш келген сайын дүйнөдөгү абасы булганыч шаарлардын сап башынан түшпөй келет. Абанын булганышына Бишкек жылуулук электр борборунан (ЖЭБ) тышкары жаңы конуштарда көмүр жагуу, ошондой эле, автомашиналардан чыккан уулуу газдар себепчи экенин экологдор белгишет.

Кыргыз бийлиги Бишкек ЖЭБди газга өткөрүүнү пландап, шаардын жетекчилиги "Газпром" ишканасы менен бирге жаңы конуштарды газдаштыруу иштерин жүргүзүүдө. Бишкектин сыртындагы таштанды полигонун рекультивациялоо аяктады.

Былтыр ноябрда Дүйнөлүк банк Кыргызстанга абанын булганышы менен күрөшүүгө 50 миллион долларды жеңилдетилген насыя түрүндө бөлөрү белгилүү болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG