Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июнь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:06

Пентагондун башчысы Орусия менен Украинанын ортосундагы чыңалуунун шартында өз өнөктөштөрүнө жолугат


АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн генералы Ллойд Остин. Вашингтон. 2016-жылдын 8-марты.
АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн генералы Ллойд Остин. Вашингтон. 2016-жылдын 8-марты.

АКШнын Коргоо министри Ллойд Остин Украина менен Орусиянын ортосундагы чыңалуунун күчөшүнүн кырдаалында Кошмо Штаттардын бир катар өнөктөштөрү менен жолугушуу өткөрүү үчүн 10-апрелде сапарга чыгууда. Азыркы кырдаалдагы Кремлдин турумун расмий Вашинтон Москванын "туруксуздаштырган жүрүм-туруму" деп атады.

Алдыдагы апта ичинде Остин мырза Израилде, Германияда, Белгиядагы НАТОнун баш кеңсесинде жана Улуу Британияда өкмөттүк жана аскердик жетекчилер менен жолугушуусу каралган.

Пентагондун 8-апрелде кечке жуук жарыяланган билдирүүсүндө Остин "эл аралык коргонуу мамилелеринин маанилүү көйгөйлөрүн талкуулоо үчүн кесиптештери жана башка жогорку даражалуу жетекчилер менен жолугаары” айтылган жана коркунучка тоскоолдук кылуу жана коргонуу, милдет жүктөрүн өз ара бөлүштүрүү жана трансатлантикалык коопсуздукту ырааттуу сактоо боюнча АКШ “өз милдеттенмелерине берилген бойдон кала тургандыгы” тууралуу баса белгиленген.


АКШнын коргоо мекемесинин билдиришинче, Остиндин НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг менен 14-апрелде Брюсселде боло турган жолугушуусунда "Аскердик ынтымак Орусиянын туруксуздаштырган жүрүм-турумуна кантип мамиле кылып жаткандыгы", ошондой эле "Кытайдын баш көтөрүүсү, террорчулук, “COVID-19” илдетин жеңүү жана климаттын өзгөрүшү сыяктуу жалпы дүйнөлүк чакырыктар” тууралуу талкуу жүрөт.

13-апрелде Остин Берлинде Германиянын коргоо министри Аннегрет Крамп-Карренбауэр (Annegret Kramp-Karrenbauer) жана Германиянын өкмөт башчысынын тышкы жана коопсуздук саясат боюнча кеңешчиси Ян Хеккер (Jan Hecker ) менен жолугушуусу күтүлөт.

Пентагондун билдиришинче, Остиндин Берлиндеги сүйлөшүүлөрүнүн күн тартибине "жалпы стратегиялык атаандаштарыбыздын кесепеттерине каршы күрөшүү жана АКШнын Германиядагы жана башка жерлердеги куралдуу күчтөрүнүн жайгашуусу боюнча баарлашууну улантуу" маселелери кирет.

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Германиянын жана Франциянын тышкы иштер министрлери менен Орусиянын ал каратып алган Крым жарым аралында жана Украинанын чыгыш чек арасына жакын аймактарында улам жаңы аскер күчтөрүн топтоосун токтотушу керектиги жаатында кеңешкенден бир күн өткөндөн кийин Коргоо министри Остиндин иш сапары башталууда.


Вашингтон Орусияны Украинанын чыгышында "чагымчылдыкка" барып жатат жана "козуткуч куру чечендик" менен алектенүүдө деп айыптап чыкты. Орусия болсо өз өлкөсүнүн каалаган жерине коргонуу маанайында аскер топтой ала тургандыгын билдирди жана өз жарандарын коргоо үчүн тийешелүү аргага бара тургандыгын айтып, Киевге кыйыр сес көрсөттү. (TT)

XS
SM
MD
LG