Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:00

Кыргызстанга беш мобилдик мультидиагностикалык клиника келди


Кыргызстанга беш мобилдик мультидиагностикалык клиника келди. 5-майдагы расмий кабарга ылайык, клиника норвегиялык "NORMECA AS" компаниянын буйрутмасы менен Түркияда чогултулуп, Ислам өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланган.

Мобилдик клиника "Ford" маркасындагы оор жүк ташуучу автоунааларга тиркелген. Анын базасында компьютердик томография, УЗИ, маммограф, рентген, гастроскоп, колоноскоп, офтальмоскоп, риноскоп, эхокардиограф сыяктуу медициналык жабдууларды камтыган диагностика бөлүмү, биохимиялык жана башка анализдер үчүн лабораториялык жабдуулар жана операциялык бөлүм бар.

Бул клиникалар республиканын айыл-кыштактарында жана алыскы райондорунда медициналык жардамдын сапатын жогорулатууга багытталат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG