Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:15

Президент элди коронавируска каршы вакцина алууга чакырды


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Кыргызстан изоляцияда калбашы үчүн жарандар коронавируска каршы вакцина алууга тийиш. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 5-майда жаңы Конституцияга кол коюп, өлкө элине кайрылуу жасаганда айтты:

"Калкты эмдөөдөн өткөрбөсөк, пандемия шартында жарандардын ары-бери каттоосуна бөгөт болгон маселеге айланат", - деди Жапаров.

Өлкөдө коронавирус катталган 2020-жылдын март айынан бери оору жуккандар расмий эсепте 97 миңге жакындап, алардын 1600дөн ашууну көз жумду.

Кыргызстанда Кытайдын "SinoPharm" жана Орусиянын "Спутник V" вакциналары менен эмдөө жүрүп жатат. Расмий эсепте 33 миңден ашуун киши вакцина алды.

Кыргызстанга келген Кытай препараты 75 миң адамга, орус препараты 10 миң адамга жетет. Кошумча вакцина алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Өкмөт эл аралык COVAX прогроммасынын алкагында британ-швециялык "Astra Zeneca" вакцинасы да келерин билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG