Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:57

Кыргызстандын БУУдагы туруктуу өкүлү UNDP администратору менен чек ара жаңжалын сүйлөштү


Миргүл Молдоисаева
Миргүл Молдоисаева

Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюмундагы (БУУ) туруктуу өкүлү Миргүл Молдоисаева БУУнун өнүктүрүү программасынын (UNDP) администратору Ахим Штайнер менен кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды талкуулады.

4-майдагы жолугушууда Молдоисаева чек арадагы куралдуу жаңжалдагы курмандыктар жана зыяндар тууралуу маалымат берип, Баткен облусун калыбына келтирүүгө көмөктөшүүнү өтүндү.

Штайнер эки өлкөнүн ортосундагы чырды саясий жана дипломатиялык жол менен чечүү аракетин кубаттап, UNDP элдин жашоосун өнүктүрүүдө Кыргызстандын ишенимдүү өнөктөшү бойдон кала берерин билдирди.

Молдоисаева 30-апрелде БУУнун баш катчысынын саясий маселелер боюнча жардамчысы Мирослав Йенча менен жолугушуп, жогорудагы маселени талкуулаган.

30-апрелде тышкы иштер министри Руслан Казакбаев БУУнун башкы катчысынын Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Наталья Герман менен телефон аркылуу сүйлөшкөндө Кыргызстан БУУдан жардам күтөрүн айткан.

XS
SM
MD
LG