Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:07

Чек арадагы айылдарды калыбына келтирүү үчүн мамлекеттик комиссия түзүлөт


Коогада жабыр тарткан кыргызстандык аялдар.
Коогада жабыр тарткан кыргызстандык аялдар.

Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссия түзүлөт.

Президент Садыр Жапаров 5-майда тийиштүү жарлыкка кол койду.

Комиссия 28-30-апрелде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда курман болгондордун, дайынсыз жоголгондордун, жабыр тарткан жарандардын, ишканалардын, турак жайлардын тизмесин жана зыянын тактайт.

Жабыркагандарга көмөктөшүү максатында жарандар жана уюмдар берген каражаттар үчүн атайын эсеп ачылат. Курман болгондордун жана жабыркагандардын үй-бүлөлөрүнө бир жолку жардам берүү чараларын иштеп чыгат. Азык-түлүк, суу, электр энергиясы менен камсыздоо маселесин карайт. Талкаланган чек ара тозотторун жана пункттарын, күч түзүмдөрүнүн объекттерин жана социалдык объекттерди ыкчам калыбына келтирүү боюнча чараларды көрүп, республикалык бюджеттен каржы маселесин карайт.

Мындан башка да бир катар милдеттенмелер жүктөлгөн комиссияга премьер-министр төрагалык кылат. Комиссиянын курамына бардык министрликтердин, күч органдарынын жетекчи орунбасарлары, өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Баткен жана Лейлек райондорунун акимдери кирет.

Соңку расмий маалыматка ылайык, чек ара жаңжалында 136 турак-жай толугу менен талкаланган. Анын ичинде 46сы – Баткен районунда, 93ү Лейлек районунда жайгашкан. Ошондой эле беш жалпы билим берүүчү мектеп, эки фельдшердик-акушердик пункт, үч бала-бакча, эки милиция пункту, 24 май куюу станциясы, 60 коммерциялык объект, эки чек ара заставасы жана бир клуб жараксыз абалга келген.

Коңшу Тажикстандын Согд облусунун Бобожон Гафуров районундагы Сурх, Ворух, Чорку жана Овчи-Калъача айылдарында 14 турак жай толук бузулуп, эки үй, бир курулуш жарым-жартылай жабыркаганы аныкталганы кабарланган. 15 миңге чукул жергиликтүү тургун коопсуз жайларга эвакуация болгон.

28-30-апрель күндөрү кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык курман болуп, 180ден ашууну жараат алды.

Тажикстанда 20 киши көз жумганын, 90дой киши жарадар экенин "Азаттыктын" тажик кызматы кабарлаган. Айрым кыштактарда турак-жайлар талкаланган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG